Редакцияот 15.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 15-июлу № 388

Астана шаарында 2014-жылдын 29-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Астана шаарында 2014-жылдын 29-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бир жумалык мөөнөттө Россия Федерациясынын Өкмөтүнө аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев