КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу № 572
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү
киргизүү жөнүндө
Маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү тартибин белгилөө, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 15 "Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" жана 2011-жылдын 19-январындагы № 16 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинин кызматкерлеринин кызматтык маяналары белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) Кыргыз улуттук "Манас-Ордо" комплексинин типтүү чектелген штаты колдонулуудагы штаттык сандын чегинде белгиленет - 77 бирдик.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун № 13 тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |