Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 669 токтому менен бекитилди |
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (мындан ары - Мамматрезервдер фонду) символикасы Фондго тиешелүүлүгүн көрсөткөн расмий айырмалоочу символ болуп саналаарын аныктайт.
Мамматрезервдер фондунун символика белгиси салабаттуулуктун, туруктуулуктун, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо символу болуп саналат.
Символика белгиси төмөнкү жерлерде түшүрүлөт:
- Мамматрезервдер фонду жана анын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жайгашкан имараттарда жана курулмаларда;
- жол кыймылы коопсуздугу жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу боюнча транспорттук жана атайын каражаттарда;
- кызматтык жабдууларда, тарада;
- Мамматрезервдер фондунун кызматкерлеринин формалык кийиминде;
- кызматтык документтерде;
- Мамматрезервдер фондунун заказы боюнча чыгарылуучу жана даярдалуучу басма, жарнамалык-маалыматтык, сувенир жана башка продукцияларда;
- Мамматрезервдер фонду өзүнүн ишинде пайдаланган башка предметтерде.
2. Мамматрезервдер фондунун символика белгисинин сүрөттөлүшү.
Мамматрезервдер фондунун символикасынын көркөм идеяларын камтыган дизайндын негизги элементтери болуп күн, тоо, дан кампа, тегирмен, молчулуктун булагы, кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн үч бурчтук эсептелет.
Күндүн элесин чагылдырган кооз алкак отуз эки кыска жана сегиз узун алтын түстүү чачыраган күн нурунан туруп, жашоонун жана мол түшүмдүн, жылуулуктун жана жарыктыктын соолубас булагын туюнтат. Күндүн кыска нурлары ири нурлардын узундугунун 63,89 пайызын түзөт.
Ачык асманды символдогон көк фон айланасы үзгүлтүксүз, түбөлүк жашоону чагылдырган шакек сымал ак алкактын ичинде "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК МАТЕРИАЛДЫК РЕЗЕРВДЕР ФОНДУ" деген жазуу бар. Ички айланасынын диаметри ири күн нурунун узундугунун 55,75 пайызын түзөт.
Тегеректин ичинде агыш-көгүлтүр тарткан, туруктуулуктун, түбөлүктүүлүктүн, бекемдиктин жана кебелбестиктин символун чагылдырган тоонун беш чокусу бар. Тоолор тегеректин төмөн жак бөлүгүндө жайгашкан.
Кызыл түстөгү үч дан кампа мамлекетте дан эгиндеринин молдугун, азык-түлүк коопсуздугун камсыздай ала тургандыгын чагылдырып турат. Дан кампалары тегеректеги тоонун төмөн жак бөлүгүндө жайгашкан.
Кызыл түстөгү тегирмен калкты нан менен камсыз кылууну символдоштуруп, тоо менен дан кампанын ортосунда тегеректин төмөн жагында жайгашкан.
Алтын түстүү дан эгининин башы молчулуктун булагы тартылган сүрөт молчулукту, түшүмдүүлүктү чагылдырат. Машак буудайдын молчулуктун булагы куюлуп тургандай элеси тегеректин оң жана сол бөлүктөрүндө жайгашкан.
Кыргыздын улуттук көгүш түстөгү оймо-чиймесинин элементтери бар жээктете чегерилген кызыл түстөгү үч бурчтук тегеректин жогорку бөлүгүндө жайгашкан.
3. Мамматрезервдер фондунун Символика белгиси башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан пайдаланылбайт, аны бурмалоо, бүлдүрүү жана мындай мүнөздөгү башка аракеттерди жасоого жол берилбейт.