Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2015-жылдын 14-сентябры №11-р
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, 3-беренесинин 3-абзацынын, 4-беренесинин 1, 2-пункттарынын, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн, 6-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 7-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө жарандар Нурбек Акбарович Токтакуновдун жана "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар уюмунун атынан Токтайым Джумаковна Уметалиеванын кайрылуулары боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, К.М.Киргизбаев, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдын курамында,
сот жыйналышынын катчысы М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен,
кайрылуучу тарап - Нурбек Акбарович Токтакунов, анын ишеним каттын негизинде өкүлү болгон Ирина Султановна Байкулованын жана "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар уюмунун төрагасы жаран Т.Дж.Уметалиеванын, ошондой эле ошол уюмдун ишеним каттын негизиндеги өкүлдөрү Бакытжан Изтаевич Етекбаевдин жана Тимур Иманкулович Иманкуловдун;
жоопкер-тарап - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү Светлана Садыковна Болджурованын, Нуржан Анарбаевич Таштановдун жана Дастан Давлетович Догоевдын;
башка жактар - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү Чынгыз Эркинбекович Кожоевдин, Мирлан Токтосунович Токтосуновдун, Артем Валерьевич Закордонцевдин; ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Бахтиер Абдукаримович Кучумкуловтун; ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлү Рашид Бердибаевич Бекбасаровдун катышуулары менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышында "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, 3-беренесинин 3-абзацынын, 4-беренесинин 1, 2-пункттарынын, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн, 6-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 7-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого жаран Н.А.Токтакуновдун жана "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар уюмунун төрагасы Т.Дж.Уметалиеванын атынан өтүнүчтөрү себеп болду.
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, 3-беренесинин 3-абзацынын, 4-беренесинин 1, 2-пункттарынын, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн, 6-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 7-беренесинин Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы А.О.Нарынбекованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 28-августунда жаран Н.А.Токтакуновдун "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгү, 5-беренесинин 1-бөлүгү, 6-беренесинин 1-бөлүгү, 7-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 29-беренесинин 1, 3, 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Өзүнүн өтүнүчүндө арыз ээси, талашка түшкөн ченемдер адамдын жеке турмушунун жана инсандын кол тийбестиги жөнүндөгү конституциялык жоболорго каршы келерин көргөзгөн. Ошентип, биометрикалык маалыматтар адамдын өзүнө гана таандык болгон жана аны идентификациялоого мүмкүндүк берген жекече өзгөчөлүктөрүн чагылдырат жана ошону менен жеке адамдын жеке турмушу тууралуу маалымат болуп саналат, ал эми аны коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген. Милдеттүү биометрикалык каттоо принциби биометрикалык маалыматтарды берүүгө мажбурлоо дегенди түшүндүрөт, бул мажбурлоо өз кезегинде физикалык күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн ачат, анткени биометрикалык маалыматтарды берүү биометрикалык маалыматтардын ээсинин катышуусусуз мүмкүн эмес, бул адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты, жашыруун маалыматты анын макулдугусуз жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга конституциялык тыюу салууга каршы келет.
Биометрикалык маалыматтар базасы Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналары жөнүндөгү талашка түшкөн ченемдер, арыз ээсинин пикири боюнча, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнөн биометрикалык маалыматты анын алып жүрүүчүсү менен пайдалануу жана жайылтууну милдеттүү түрдө макулдашуу милдетинен куткарат, жана ошону менен жеке турмушунун кол тийбестиги конституциялык принцибине каршы келет.
Арыз ээси, "жеке кол тийбестик" түшүнүгү адамдын жеке турмушуна сырттан кандайдыр бир жол берилбестик деп түшүнөт; жеке кол тийбестик - бул бир гана кармалган адамдын укугу эмес, ал денеге кол тийбестик укугу жана жеке мейкиндиктин кол тийбестиги деп эсептейт. Биометрикалык маалыматтарды анын субъектисинин макулдугусуз алуу мүмкүндүгү, арыз ээсинин пикири боюнча, маалыматтарды мажбурлап, күч колдонуп алуу ыкмаларын түшүндүрөт, бул жеке кол тийбестикке кол салуу болуп эсептелет.
Ушуну менен катар эле, арыз ээси мыйзамда каралган учурларда адам жөнүндө жашыруун маалыматты анын макулдугусуз жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө жол берет, бирок, киргизилген чектөөлөр конституциялык максаттарга өлчөмдөш болушу керектигин белгилейт, анткени коомдук пайда менен коомдук зыяндын даражаларын салыштыруу учурунда өлчөмдөш чектөөлөр гана калат.
Баяндалгандын негизинде, арыз ээси "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктун, 5-беренесинин 1-бөлүгүн, 6-беренесинин 1-бөлүгүн, 7-беренесинин 2-бөлүгүн конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 29-беренесинин 1, 3, 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 53-п токтому менен Н.А.Токтакуновдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 26-сентябрында "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар уюмунун төрагасы Т.Дж.Уметалиеванын атынан "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгү, 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-беренесинин 2-абзацы, 4-беренесинин 1, 2-пункттары, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү, 6-беренесинин 1, 3-бөлүктөрү, 7-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесине, 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 4-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 5-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 29-беренесинин 1, 3, 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыз ээсинин пикири боюнча, талашка түшкөн ченемдер анын макулдугусуз, ошондой эле тиешелүү соттун чечимисиз адам тууралуу жашыруун маалыматты мыйзамсыз чогултууга жол берет, ал эми жарандардын биометрикалык маалыматтары "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жеке маалыматтар болуп саналат жана аларга Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жеке турмушка кол тийбестик кепилдиктери жана принциптери жайылтылат. Талашка түшкөн ченемдер ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген жеке маалыматтарды өз алдынча аныктоого дагы кол салып жатат.
Арыз ээси, бир дагы мыйзам актысы жарандарга милдеттүү тартипте өзүнүн жеке маалыматтарын берүү милдетин тага албастыгын жана бир дагы мамлекеттик орган жарандардан өздөрүнүн жеке маалыматтарын берүүнү талап кылууга укуктуу эмес деп эсептейт, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан башка максаттарда жана андан көбүрөөк укуктарды жана эркиндиктерди чектөөнү орнотууга жол бербейт.
Арыз ээси, жеке маалыматтарды коргоо тармагындагы эл аралык стандарттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы, жеке маалыматтардын субъектиси кимдир бирөөнө өзүнүн жеке маалыматтарын берүүнү өзү гана чечүүгө укуктуу экенин орноткон.
Арыз ээси далилдегендей, жеке маалыматтардын субъектиси себебин көргөзбөй туруп жеке маалыматтарды берүүдөн баш тартууга же болбосо мындай маалыматтарды тосмолоону же жок кылууну талап кылууга укуктуу, анткени бул Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген жана эч кандай чектөөгө жатпай турган жеке маалыматтардын субъектисинин өзүнүн укугу.
Т.Дж.Уметалиеванын өтүнүчүнүн калган бөлүгүндөгү талаптар жана укуктук негиздемелер Н.А.Токтакуновдун өтүнүчүндө көрсөтүлгөн талаптар жана укуктук негиздемелерге окшош.
Ушуга байланыштуу арыз ээси "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгү, 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-беренесинин 3-абзацы, 4-беренесинин 1, 2-пункттары, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү, 6-беренесинин 1, 3-бөлүктөрү, 7-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесине, 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 4-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 5-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 29-беренесинин 1, 3, 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 5-ноябрындагы аныктамасы менен "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар уюмунун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Жаран Н.А.Токтакуновдун жана "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар уюмунун талаптары өз ара байланыштуу болгондуктан жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун талаптарына ылайык судья - баяндамачынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы аныктамасы менен бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген.
Сот жыйналышында жаран Н.А.Токтакунов "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун конституциялуу эмес деп таануу жөнүндө өз талаптарын толуктап, ошондой эле Мыйзамды кабыл алууда бекитилген конституциялык тартиптин бузулгандыгына байланыштуу, Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна карама-каршы келет деп танууну суранды.
Калгандарынан кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп жана аларды канааттандырууну суранды.
Жоопкер-тараптын өкүлдөрү кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашка түшкөн ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептеди.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу боюнча күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тартиби, ошондой эле төмөнкүдөй мазмундагы "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгү, 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-беренесинин 3-абзацы, 4-беренесинин 1, 2-пункттары, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү, 6-беренесинин 1, 3-бөлүктөрү, 7-беренеси саналат:
"2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдети
1. Биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын актуалдаштырылган маалыматтар базасын түзүү ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2. Ушул Мыйзам төмөнкү милдеттерди аныктайт:
2) шайлоочулардын актуалдаштырылган тизмесин түзүү;
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Биометрикалык маалыматтар базасын кармоочу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.
4-берене. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана пайдалануу принциптери
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) милдеттүү биометрикалык каттоо;
2) ачыктык (мамлекеттин биометрикалык маалыматтарды пайдалануусуна карата жарандардын ишенимин камсыз кылуу);
5-берене. Биометрикалык каттоо тартиби
1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны ушул Мыйзамга ылайык биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү.
2. Биометрикалык каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6-берене. Биометрикалык маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар
1. Биометрикалык маалыматтардын базасы Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат.
3. Биометрикалык маалыматтар базасынан маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жүзөгө ашырылат.
7-берене. Жарандардын биометрикалык маалыматтарын пайдалануу
1. Биометрикалык маалыматтар жөнүндө маалымат алуу ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтар субъектинин жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо жүзөгө ашырылат.
2. Биометрикалык маалыматтар жөнүндө маалыматтарды алуу сот адилеттигин жана соттук актыны аткарууну жүзөгө ашырган учурларда гана, ошондой эле улуттук коопсуздук жөнүндө, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, ыкчам издөө иши тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда, биометрикалык маалыматтар субъектинин макулдугусуз жүзөгө ашырылат.".
2014-жылдын 14-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык кабыл алынган, "Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 56 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда бекитилген - мыйзамды талкуулоодо жарандардын катышуу мүмкүнчүлүгү болбогондугунун, "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуунун социалдык-экономикалык кесепеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусунун жоктугунун, ошондой эле Мыйзамдын долбооруна карата атайын адистешкен экспертиза түрлөрүнүн жасалбагандыгынын негизинде талашка түшкөн Мыйзамды кабыл алуудагы тартиптин бузулгандыгы жөнүндө арыз ээсинин ырастоосу өз тастыктоосун тапкан жок.
2. Адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат. Ушунун баары толугу менен жеке кол тийбестикке жана жеке турмуштун кол тийбестигине болгон конституциялык укуктарга таандык (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгү, 24-беренесинин 1-бөлүгү, 29-беренесинин 1-бөлүгү).
Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт. Бул тыюу салуу жеке турмушту коргоо кепилдиги менен бекемделет, анын ичинде соттук кепилдик да бар - эгерде жашыруун маалыматты, жеке турмушу жөнүндөгү маалыматты укуктуу түрдө жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу жасалган учурда, ошондой эле мыйзамсыз аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугу менен бекемделет (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү).
Жеке турмуштун кол тийбестигине болгон конституциялык укук жеке укуктук юридикалык категория катары Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болгон (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгү) Адам укугунун Жалпы декларациясы (3, 12-беренелер), Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (9, 17-беренелер), Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө Конвенциясын (5, 9-беренелер) сыяктуу эл аралык-укуктук документтерде дагы бекитилген.
"Жеке турмуш" түшүнүгү адамдын өздүк ыктыярынын чөйрөсүнө таандык болуп эсептелет, укуктук көз караштан караганда ал материалдык эмес мүнөздөгү баалуулук болуп саналат, ал сырттан атайылап кол салуудан мыйзам тарабынан коргоого жатат, ошондой эле ал мамлекет тарабынан жол берилген, легитимдүү басып кирүүнүн чегин орнотуу жолу менен коргоого алынат.
Жеке турмуштун кол тийбестикке болгон укуктук коргоосу баарынан мурда конституциялык кепилдиктерди орнотуу аркылуу ишке ашырылат. Кепилдүүлүктүн деңгээлинен жана жарандардын жеке турмушунун кол тийбестигин сактоодон жеке инсандын мамлекеттеги эркиндигинин деңгээли, андагы конституциялык түзүлүштүн демократиялуулугу жана гумандуулугу аныкталат.
Мамлекеттин бул укукту ишке ашырууда мүмкүн болгон кийлигишүү учурлары мыйзамдын негизинде гана милдеттүү коргоо кепилдиги (анын ичинде соттук) менен жана улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максаттарында гана жол берилет (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү, 29-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү).
Мыйзам менен белгиленген учурлардан тышкары адам жөнүндө жашырын маалыматты, анын жеке турмушу жөнүндө маалыматты анын макулдугусуз жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтууга тыюу салуу жеке турмуштун кол тийбестикке болгон укугунан келип чыгат жана аны ишке ашыруунун зарыл болгон укуктук каражаты болуп эсептелет.
Өзүнүн маңызы жана мааниси боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболору, мамлекет, бир тарабынан өзү жөнүндөгү маалыматтарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берет жана жеке өзүнө таандык мүнөздөгү маалыматтарды жайылтууга тыюу салат, башка тарабынан - мыйзамдуу негизде кийлигишүүгө жол берет.
Жеке турмушу жөнүндө маалыматтарды жыйноо же жайылтуу мыйзам менен каралган учурда гана жол берилет жана адамдын өзү тарабынан кимдир бирөөгө расмий ишенип тапшырылышы мүмкүн болгон маалыматтар гана мыйзамдуу түрдө жыйналышы, сакталышы, колдонулушу жана жайылтылышы мүмкүн. Башкасы адамдын жеке жашоосунун чөйрөсүнө өзү билемдик менен, мыйзам менен негизделбеген кийлигишүүгө алып келмек, жеке турмуш түшүнүгүн жана аны коргоо кепилдигинин көлөмүн кичирейтмек.
Ошол эле учурда, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты анын макулдугусуз жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтууга мыйзамдуу кийлигишүү мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген конституциялык маанилүү максаттарга ылайык келиши керек. Өз кезегинде, биометрикалык маалыматтарды жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтууну караган жарандардын биометрикалык маалыматтары сыяктуу мындай механизмди киргизүү жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык максаттарга шайкеш келиши керек.
Адамдын жана жарандын айрым укуктары менен эркиндиктеринин мамлекет тарабынан мыйзамдуу чектөөлөргө жол берилгендиги Адам укугунун Жалпы декларациясында (29-берене), Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактта (4-берене), Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактта (19-берене) да аныкталган. Укук чектөөнүн жол берилгендигинин жол-жобосу өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт: чектөөлөр улуттук мыйзам менен коюлушу керек; алар демократиялык коомдо зарыл болушу керек; алар Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттагы чектөөлөр жөнүндө жоболордун ар биринде көрсөтүлгөн мыйзамдуу максаттардын бирине кызмат кылышы керек.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү жана Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдери мүмкүн болгон адамдын жана жарандын укуктарын чектөөгө болгон талаптардын катарында киргизилген чектөөлөрдүн милдеттүү мыйзамдуу таризин орнотот жана ошону менен бул максаттарда чектөө чараларын караган ченемдик укуктук актылардын башка түрлөрүн кабыл алууга тыюу салат. Бул учурда мыйзам чыгаруу актысы, конституциялык жоболорду түздөн-түз өнүктүрүү жана конкреттештирүү менен, алардын маанисин жана мазмунун тактоо менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен жол берилген чектен чыкпашы керек.
3. Жарандарды биометрикалык каттоо бул маалыматтарды андан кийин актуалдашкан базада сактоо менен жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу дегенди түшүндүрөт. Биометрикалык маалыматтар адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн маалыматтарды камтыйт, алардын негизинде инсандыгын белгилөөгө тактаса болот (беттин санариптик графикалык сүрөтү, эки колдун манжаларынын папиллярдык чиймелеринин графикалык түзүлүшү, көздүн карек айланасындагы челдин сүрөтү жана башка биометрикалык маалыматтар).
Биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен адамды идентификациялоо заманбап илим менен технологиянын жетишкендиги катары көптөгөн мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда таанылып келатат. Негизинен, биометрикалык идентификацияны колдонуу жарандык авиациянын эл аралык уюмунда (ИКАО) каралып, ийгиликтүү колдонулуп жатат. Биометрикалык маалыматтар маселесин жөнгө салуу Евробиримдиктин деңгээлинде, эки багыт боюнча ишке ашырылып жатат: биометрикалык визалар жана биометрикалык паспорттор бөлүгүндө. Дагы бир багыт болуп ЕБ айрым мамлекеттеринде жарандык электрондук картасын берүү болуп саналат, анда биометрикалык маалымат камтылган.
Белгилей кетүү керек, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында жаңы муундун паспорттук-визалык документтеринин мамлекеттик маалыматтык тутумун түзүүдөгү кызматташуу жана аны андан ары өнүктүрүү жана КМШ мүчө-мамлекеттеринде колдонуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлган (2008-жылдын 14-ноябры, Кишинев ш.), ал биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен жаңы муундун паспорттук-визалык документтеринин мамлекеттик маалыматтык тутумун түзүүнү караган, жана Макулдашуунун мүчө-мамлекеттеринин улуттук коопсуздугунун тутумун жакшыртууга багытталган.
Ошентип, биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен жаңы технологияларды киргизүү дүйнө жүзүндө таралган практика болуп саналат жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү каражаты болуп саналат. Ушуга ылайык, биометрикалык маалыматтарды милдеттүү берүүнү камтыган милдеттүү биометрикалык каттоо принциби (Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгү жана 4-бөлүгүнүн 1-пункту) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүн сактаган учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүн, 6-беренесин, 24-беренесинин 1-бөлүгүн жана 29-беренесин бузуу катары каралбашы керек. Жеке турмуштун кол тийбестигине болгон укук адамдын жана жарандын фундаменталдык укугуна кирет, бирок бул укук абсолюттук мүнөзгө ээ эмес.
4. Мамлекеттин конституциялык маанилүү максаттарынын бири болуп - инсандын, коомдун жана мамлекеттин ички жана тышкы коркунучтардан корголгондугунун абалы катары мүнөздөлгөн улуттук коопсуздукту камсыз кылуу саналат, ал жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин, алардын татыктуу турмуш деңгээлин, Кыргыз Республикасынын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана туруктуу өнүгүүсүн, мамлекеттин коргонуусун жана коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Шайлоо - мамлекеттик бийликти уюштуруу жана иштетүү тармагындагы конституциялык түзүлүштүн негизи катары улуттук коопсуздуктун объектиси болуп саналат. Өкүлчүлүк органдарынын шайлоону мезгилдүү өткөрүп турушу мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын өз убагында жаңыланып туруусунун кепилдигин берет жана конституциялык түзүлүштүн туруктуулугун камсыз кылат. Шайлоо калктын бийликке болгон ишениминин индикатору жана аны легитимдештирүүнүн маанилүү ыкмасы болуп кызмат кылат. Ошол эле убакта, шайлоонун социалдык-саясий маанилүүлүгүнүн шарапаты менен, алар шайлоочулардын добушун манипуляция кылуу аркылуу шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого багытталган ар кайсы топтордун жана айрым адамдардын мыйзамсыз умтулууларынын объектиси болуп калышы мүмкүн, бул болсо, мамлекеттин соңку тарыхы көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян тийгизүүгө жөндөмдүү ар кандай социалдык-саясий козголоңдорго алып келиши ыктымал. Ошондуктан, мамлекет өткөрүлүп жаткан шайлоонун айкындуулугун, чынчылдыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылуунун ар кандай шаймандарын иштеп чыгууга жана пайдаланууга укуктуу. Мындай шаймандардын бири катарында шайлоочулардын актуалдашкан тизмесин түзүүдө жаңы технологияларды пайдалануу болуп саналышы мүмкүн.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине Кыргыз Республикасынын жарандарына берилген өздүгүн тастыктоочу жасалма документтерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу дагы кирет. Кол менен жасоодон корголбогон расмий документтер кайсы гана мамлекеттин болбосун коопсуздугу үчүн олуттуу коркунучту жаратат. Мындай коркунуч Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн дагы, чет мамлекеттик жарандар үчүн дагы мыйзамсыз аракеттерди жасоо үчүн жасалма документтерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн болжолдойт.
Ошентип, жарандарды өз убагында каттоо жана идентификациялык документтерди берүү максатында жарандарды биометрикалык каттоо, ошондой эле шайлоочулардын актуалдашкан тизмесин түзүү чынчыл, эркин жана ачык-айкын шайлоону камсыз кылууга жөндөмдүү шайлоо процессинин ажырагыс бөлүгү катары, мамлекеттин улуттук коопсуздугун коргоону камсыз кылуунун алкагында жеке турмуштун кол тийбестигине укукту чектөөгө шайкеш болуп саналат.
Бул учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына идентификациялык документтерди берүү бөлүгүндөгү талашка түшкөн Мыйзамды ишке ашыруунун даражасы киргизилген чектөөнүн шайкештигин укуктук баалоо маселесинде мааниге ээ эмес.
Аны менен бирге, талашка түшкөн ченемде (Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгү) аныкталган башка милдеттер, алардын мамлекеттик жана социалдык маанисине карабай, жол берилбеген жалпыланган мүнөзгө ээ, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө учурунда ылайыксыз болуп саналат. Аталган милдеттер, өз маңызы боюнча, талашка түшкөн Мыйзамдын максаттары болуп саналат, аларга биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын актуалдашкан базасын түзүү аркылуу жетсе болот. Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын сандык жана сапаттык курамын аныктоо; кылмыштуулук, легалдуу эмес миграция, терроризм жана адамдарды сатуу менен натыйжалуу күрөшүү; калкка өз убагында жана сапаттуу кызматтарды көрсөтүү мамлекеттин ниеттерин толугу менен ачып бербейт, Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүндө орнотулган Мыйзамдын милдеттерине (максаттарына) жетүү үчүн биометрикалык маалыматтардын базасын пайдалануу тартибин аныктаган деталдуу жоболорду камтыбайт.
Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизиши керек, булар Мыйзамдын так жана ачык максаттарын аныктап, аларга жетүүчү механизмдерди так иштеп чыгышы керек. Бул учурда мыйзам чыгаруучу мыйзам жаратуучу процессте юридикалык терминологияны туура колдонушу керек, ошондо Мыйзамдын ченемдерин кош мааниде жана бир маанилүү эмес түшүнүү жокко чыгат.
Мамлекеттик маалыматтык тутумдарды түзүү учурунда төмөнкү шарттар сакталышы керек: жарандардын биометрикалык маалыматын инсандын ар намысын басмырлабастан жана ден-соолугуна зыян келтирбестен каттоо; жарандардын биометрикалык маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу, колдонуу жана жайылтуу мүмкүнчүлүгүн жок кылуу; мамлекеттик маалыматтык тутумда камтылган биометрикалык маалыматтардын жашыруундуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу жана бул маалыматтарды жаңы муундагы идентификациялык документтердин тууралыгын текшерүү үчүн зарыл болгон маалымат менен гана чектөө.
5. "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-пунктуна ылайык биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу ачыктык принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат. Бул принцип мындай маалыматтарды мыйзамдуу пайдаланууга кепилдик берүү аркылуу жарандардын биометрикалык маалыматтарды чогултуп, сактап жана иштеп чыгууну ишке ашырган мамлекеттик органга болгон ишенимин жогорулатууга багытталган, жана ал чектелбеген адамдар чөйрөсү үчүн маалыматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн шарттабайт. Бул кепилдиктер жарандардын жеке маалыматтарынын, анын ичинде биометрикалык маалыматтарынын мыйзамдуулук, купуялуулук жана коопсуздук принциптерине негизделет.
Ушуга байланыштуу, конституциялуулугу предмет боюнча талашка түшкөн ачыктык принцип, Мыйзамдын 4-беренесинин 2-пункту менен атыкталган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин жоболоруна карама-каршы келбейт.
6. "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жарандардын биометрикалык каттоосу менен байланышкан чектөөлөрдүн так тизмесин камтыйт, ал эми биометрикалык каттоонун (биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо) тартибин укуктук жөнгө салууну аныктоо мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылган (5-берененин 2-бөлүгү).
Жарандарды биометрикалык каттоо өзүнө уюштуруучулук жана техникалык мүнөздү камтыгандыктан, бул маселелерди конкреттештирүү жана деталдаштыруу мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынышы мүмкүн. Мындай укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2014-жылдын 27-августундагы № 492 "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартиби жөнүндө" токтомун кабыл алуу аркылуу ишке ашырылган.
Ушуга байланыштуу, арыз ээлеринин талашка түшкөн Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 29-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршылыгы жөнүндө далилдери негизсиз болуп саналат.
7. "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык биометрикалык маалыматтар базасын кармоочусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган болуп саналат (Мыйзамдын 3-берененин 3-абзацы), ал эми биометрикалык маалыматтардын базасы Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат (Мыйзамдын 6-берененин 1-бөлүгү).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоонун жүктөлгөндүгү жөнүндөгү талашка түшкөн мыйзамдын ченеми конституциялык мыйзамдын алкагынан чыкпайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүнүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет (12-берененин 1-бөлүгү). Ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ. Интеллектуалдык менчик мыйзам менен корголот.
"Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, маалыматтар базасы - маалыматтар ЭЭМдин жардамы менен тез табылып жана иштетиле тургандай тутумдаштырылган маалыматтардын жыйындысын берүүнүн жана уюштуруунун объективдүү формасы. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 5-беренесине ылайык автордук укуктун объекттери болуп саналбаган материалдардан турган маалыматтар базасына автордук укук маалыматтар базасын түзгөн адамдарга таандык. Ошондуктан, мамлекет үчүн маалыматтар базасына укукту бекитип берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу деп таанылбайт, ал эми биометрикалык маалыматтар базасынан маалымат алуу мыйзам менен каралган учурларда гана ишке ашырылат.
Ошентип, маалыматтар базасына болгон укукту Кыргыз Республикасынын атынан бекитип берүү аталган мүлктү башкаруу жаатындагы так эместиктерди четтетүүгө гана багытталган, жана кимдир бирөөнүн конституциялык укуктарын бузуу үчүн негиз болушу мүмкүн эмес.
8. Арыз ээлеринин пикири боюнча, биометрикалык маалыматтар базасынан маалыматтарды алууну жана берүүнү жөнгө салган Мыйзамдын талашка түшкөн ченемдери (6-берененин 3-бөлүгү жана 7-берене) адамдын жана жарандын жеке турмушу жөнүндө маалыматтын коопсуздугунун кепилдиги туурасындагы конституциялык жоболорду бузат (29-берененин 3-бөлүгү).
Биометрикалык маалыматтар жеке маалыматтардын өзгөчө сезгич категориясы болуп саналат, аларды мыйзамсыз колдонуу коркунуч жаратат жана бул маалыматтардын субъекттеринин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу тарабынан Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө биометрикалык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө", "Маалыматташтыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" мыйзамдары менен коргоо каралган. Ушуга ылайык, биометрикалык маалыматтарды жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтууну алып бара турган мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган маалыматтар базасына санкцияланбаган кирүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруу үчүн аталган мыйзамдарды кынтыксыз аткарышы керек.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт. Ушуга байланыштуу талашка түшкөн Мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгүндөгү ченем Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынган адамдын жеке турмушу жөнүндөгү маалыматты берүү тартибин орнотуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт, анткени башка ченемдик укуктук актылар тарабынан мындай тартипти орнотууга жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда адамдын макулдугусуз биометрикалык маалыматтар жөнүндө маалымат алууну караган талашка түшкөн Мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт, анда "мыйзам чыгаруу" түшүнүгү алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары гана алынган.
Мыйзамдын (6-берененин 3-бөлүгү, 7-берененин 2-бөлүгү) талашка түшкөн ченемдерин башкача түшүнүү адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин, жеке маалыматтарынын коопсуздугунун конституциялык кепилдигинин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Талашка түшкөн ченемдерди түшүнүүдө жана колдонууда кош маанилүүлүктү жокко чыгаруу максатында мыйзам чыгаруучу "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизиши керек.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен орнотулган жарандарды милдеттүү түрдө биометрикалык каттоо жөнүндөгү талап жарандардын кызыкчылыгы менен катар эле, коомдун дагы жалпы кызыкчылыгын канааттандырууга багытталган, жана мындай укуктун чектелиши пропорционалдуу жана шайкеш болуп саналат да, конституциялык талаптардын алкагында кабыл алынган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, 3-беренесинин 3-абзацынын, 4-беренесинин 1, 2-пункттарынын, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн, 6-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 7-беренесинин ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесине, 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 29-беренесинин 1, 3, 4-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул чечимдин жүйөлөөчү бөлүгүнөн келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы