Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июлу № 398
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 «2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 «2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын 25-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |