Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 579 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июлу № 400
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 «Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Рсспубликасындагы эркин экономикалык зоналар-жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ведомстволук классификаторлордун 1-таблицасынын 78-коду төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
78 | Эркин бажылык зона |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |