Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-июлу № 402
Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |