Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2015-жылдын 23-сентябры N 12-р
жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиеванын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин жана Гульзар Абдыбековна Суталинованын кайрылуусуна байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүндө "жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн" деген сөздөр менен чагылдырылган ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, К.М.Киргизбаев, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдын курамында,
сот жыйналышынын катчысы - С.А.Джолгокпаеванын,
- кайрылуучу тараптар - А. М.Осмоналиева, Б.К.Осмонбаев, Г.А.Суталинованын;
- жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү С.С.Болджурованын;
башка жактар - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлү Р.Б.Бекбасаровдун; ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Б.А.Кучумкуловдун катышуулары менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүндө "жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн" деген сөздөр менен чагылдырылган ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого жарандар А.М.Осмоналиева, Б.К.Осмонбаев, Г.А.Суталинованын өтүнүчү себеп болду.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүндө "жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн" деген сөздөр менен чагылдырылган ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы Э.Т.Мамыровдун маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 4-майында жарандар А.М.Осмоналиева, Б.К.Осмонбаев, Г.А.Суталинованын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүндө "жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн" деген сөздөр менен чагылдырылган ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1, 2, 4-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Өз өтүнүчүндө арыз ээлери талашка түшкөн ченем жарандарды биометрикалык маалыматтарын берген учурда гана шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө жол берээрин көргөзгөн, бул жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген активдүү шайлоо укугун негизсиз чектөө болуп саналат. Арыз ээлеринин пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2 жана 52-беренелеринин ченемдик мазмунунан караганда, шайлоого катышуу үчүн эки гана талап бекитилген - бул жаш курагы жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу. Аталган маалыматтарды тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту болгону гана жетиштүү. Кандайдыр бир чектөөлөрдү жана талаптарды Кыргыз Республикасынын Конституциясы камтыбайт. Ушуга ылайык, Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары үчүн шайлоо укугу абсолюттук болуп саналат жана чектеле албайт. Ушуга байланыштуу, биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын шайлоо тизмесине киргизилишин караган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген активдүү шайлоо укугун чектөө болуп саналат.
Кайрылуунун субъекттери, шайлоо мамилелери кошулгандагы коомдук мамилелерди жөнгө салууда, мыйзам чыгаруучу шайкештиктин конституциялык принцибине жана андан келип чыккан колдонулуп жаткан чектөөлөрдүн пропорционалдуулук жана шайкештик талаптарына байланышкан. Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген чектөөлөргө жол бере турган конституциялык ченемдер, мыйзам чыгаруучу тарабынан анын чыныгы мазмунун жоготууга алып келген тигил же бул укукка кол салуу мүмкүнчүлүгүн түшүндүрбөйт. Мыйзам чыгаруучу укук чектөөнү бир гана конституция тааныган максаттарга гана колдонушу керек. Бирок, мыйзам чыгаруучу менен шайлоонун жыйынтыгын бурмалоодон коргоочу ыкмаларынын бири катары шайлоочулардын тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарын киргизүү жөнүндө талаптарды киргизүүсү, өз маңызы боюнча абсолюттук болуп саналган жарандардын шайлоо укугун шайкеш эмес чектөө болуп саналат.
Ушуга байланыштуу арыз ээлери, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүндө "жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн" деген сөздөр менен чагылдырылган ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1, 2, 4-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна карама-каршы келет деп таанууну суранышкан.
Судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 28-майындагы аныктамасы менен арыз ээлеринин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Соттук жыйналышта кайрылуучу тарап өтүнүчтүн "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүндөгү талашка түшкөн ченемдик жобонун конституциялуу эместигин укуктук негиздөө бөлүгүнө толуктоо киргизип жана Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жалпы таанылган эл аралык укуктар ченемдерине жана принциптерине карама-каршы келет деп эсептейт. Ошондой эле, кайрылуучу тарап талашка түшкөн ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну суранды, анткени биометрикалык маалыматтарын бербеген жактарга карата басмырлоо колдонулган жана алардын талабын толук көлөмдө канааттандырып берүүнү суранды.
Жоопкер-тараптын өкүлү кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талашка түшкөн ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептеди.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактын иш боюнча берген түшүндүрмөсүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу боюнча күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүндө "жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн" деген сөздөр менен чагылдырылган ченемдик жобо саналат.
2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы мыйзамдарда бекитилген тартипте кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинин 2011-жылдын 5-июлундагы № 54 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргызстандын эли өз бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат; жарандар мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу; шайлоо эркин болуп саналат, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт (2-берененин 2, 4 -пункттары, 52-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын келтирилген жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ошентип, Адам укуктарынын Жалпы декларациясы ар бир адам өз өлкөсүн түздөн-түз же эркин шайланган өкүлдөрү аркылуу башкарууга катышуу укугун карайт. Элдин эрки өкмөттүн бийлигинин негизи болууга тийиш; бул эрк мезгилдүү жана бурмаланбаган шайлоолордо билдирилүүгө тийиш, алар жалпы жана тең шайлоо укугу аркылуу, жашыруун добуш берүү жолу менен же добуш берүүнүн эркиндигин камсыз кылуучу башка ар кандай бирдей маанидеги формалар менен жүргүзүлүүгө тийиш (21-берененин 1, 3-бөлүктөрү). Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактта мамлекеттик иштерди жүргүзүүгө ар бир атуулдун кандай болбосун дискриминациясыз жана негизделбеген чектөөлөрсүз түздөн-түз жана эркин тандалган өкүлдөр аркылуу катышууга, шайлоочулардын каалоосун эркин билдирүүнү камсыз кылуучу жана жашыруун добуш берүүдө жалпы жана тең шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлгөн чыныгы мезгилдик шайлоолордо добуш берүү жана шайлануу укугу көрсөтүлгөн (25-берененин "а", "b" пункттары). 2002-жылдын 7-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердеги демократиялык шайлоонун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө Конвенцияда, жалпы шайлоо укугунун принциптерин кармоо төмөнкүлөрдү билдире тургандыгы белгиленген: ар бир жаран конституция, мыйзамдарда орнотулган жаш куракка жеткенден кийин мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, элдик (улуттук) өкүлчүлүктүн башка органдарын шайлоого жана аларга шайланууга, конституция жана мыйзамдар тарабынан каралган тартипте жана шарттарда шайлоо кызматтарына иштөөгө укуктуу, ар бир жаранга өзүнүн тизмеге киргизилгендиги жөнүндө маалымат алууга, анын тууралыгын камсыз кылуу максатында бул маалыматты тактоого, аны шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө баш тарткан учурда мыйзамда орнотулган тартипте даттанууга укук кепилденет (2-берененин "а", "г" пункттары).
Жогоруда келтирилген конституциялык жоболорду конкреттештирип, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укук ченемдерине ылайык жарандардын шайлоого катышуусунун конституциялык принциптерин ачат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана алардын кепилдиктерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоого даярдануу жана шайлоого байланышкан мамилелерин аныктайт.
Негизинен, шайлоо укугунун жалпылыгынын конституциялык принциби, мамлекетте бул тармакта кандайдыр бир басмырлоого жол берилбей тургандыгын жана аныкталган жаш куракка жеткен бардык жөндөмдүү жарандарга шайлоо укуктары бекитилип берилгендигин түшүндүрөт. Бул принцип жаранды жынысы, расасы, улуту, майыптыгы, билими, мүлктүк жана кызматтык абалы, туткан дини, саясий жана башка ынанымдары белгилери боюнча шайлоо укугун чектөөгө же алып салуу мүмкүнчүлүгүн жок кылат. Аны менен бирге, бул принцип шайлоого жашы жетпегендерди, сот тарабынан жарамдуу эмес деп табылган же эркиндигинен ажыратуучу жерлерде жүргөн адамдарды шайлоого жол бербөө практикасын жокко чыгарбайт, анткени алардын аң-сезимдүү, эркин жана өз алдынча эрк билдирүүсү камсыз кылына албайт. Ушуга байланыштуу активдүү шайлоо укугу абсолюттук мүнөзгө ээ эмес.
Бирдей шайлоо укугу принциби, жарандар шайлоого бирдей негизде катышат жана добуш берүү үчүн бирдей шарттарга ээ болушат дегенди түшүндүрөт. Шайлоодогу теңчиликке, жаран бир гана шайлоо участкасындагы тизмеге киргизилип жана добуш берүүгө бир гана жолу катышары менен да жетишсе болот, анын эрк билдирүүсү башка жарандардын эрк билдирүүсү сыяктуу эле мааниге ээ.
Ошентип, аталган конституциялык принциптер базалык болуп эсептелет жана шайлоо процессинин укуктук жөнгө салуусунун негизинде жатат.
3. Шайлоо, демократия көрүнүшүнүн жогорку таризи катары мамлекеттик бийликти жүргүзүүнүн маанилүү бириктирүүчү механизмин түзөт. Бул учурда шайлоочулардын укугу жана мамлекеттин милдеттери өз ара шартталган. Анткени, эгер жарандар шайлоого катышып жана өзүнүн шайлоого болгон укугун ишке ашыруу менен мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын калыптандырууга катышса, мамлекет, элдин эркин жүзөгө ашыруу менен, шайлоонун мезгилдүүлүк жана милдеттүүлүк, адилеттүүлүк, чынчылдык жана эркиндик принциптерин, шайлоочулардын эрк билдирүүсү, шайлоонун ачык жана айкындуулук мүнөзүн камсыз кылууга милдеттенет.
Бул учурда, шайлоочулардын тизмесин түзүү шайлоо жүргүзүүнүн жана анын адилеттик жана чынчыл болушун камсыз кылуу механизминин курамдык бөлүгү болуп саналаарын белгилей кетүү керек.
Жарандын шайлоочулардын тизмесине кирүүгө болгон укугу эркин шайлоого катышуу укугу менен түздөн-түз байланышка ээ. Шайлоо комиссияларынын шайлоочуларды каттоо жана эсепке алууга жооптуу органдарынан алган шайлоочулар жөнүндө маалыматтардын негизинде, шайлоо кампанияларынын жүрүшүндө шайлоо округдары, шайлоо участкалары түзүлөт, шайлоочулардын тизмелери аныкталат, алардын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу жүргүзүлөт.
Дүйнөлүк практикада шайлоочулардын тизмесин түзүүгө эки ыкма колдонулат: арыз берүүчү жана императивдүү ыкмалар. Арыз берүүчү ыкмага ылайык, жаран шайлоочулардын тизмесине кошулуусуна өзү камкордук көрүшү керек жана компетенттүү органдарга өзү барып катталышы керек. Императивдүү ыкма, шайлоочу жөнүндөгү маалымат ал тиешелүү жаш куракка жеткенден кийин тиешелүү тизмелерге автоматтык түрдө киргизилет жана ал үчүн жоопкерчилик ыйгарымдуу органга жүктөлөт дегенди түшүндүрөт.
Мурдагы шайлоолордо шайлоочулардын тизмесин түзүүдө колдонулган императивдүү ыкма, ал кезде мындай тизмелер Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан түзүлчү, өзүнө тиешелүү кемчиликтерге ээ болгон. Негизинен, бул ыкма шайлоочулардын тизмесин толугу менен туура түзүүнү камсыздай алчу эмес, анда шайлоо курагына жеткен бардык жарандар жөнүндө маалымат чогултуу, шайлоо тизмесинен каза болгондорду таап, чыгарып салуу жана бир эле шайлоочуну ар кайсы шайлоо участкаларына кайталап киргизип салуу, ошондой эле шайлоочулардын мамлекеттин ичинде болобу, анын чегинен тышкары болобу, которулушун көзөмөлдөө механизмдери натыйжалуу болгон эмес. Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө мурда колдонулуп келген жогоруда саналып өткөн кемчиликтер тутумдук мүнөзгө ээ шайлоочулардын санынын такталгандыгына карата шайлоо процессинин катышуучуларында кандайдыр бир шектенүүлөрдү жаратчу.
ЕККУнун Адам укугу жана демократиялык институттар боюнча бюросу тарабынан даярдалган, 2013-жылдын 15-октябрындагы ЕККУнун мүчө-мамлекеттеринин практикасына жана шайлоо мыйзамдарына сереп салганда, Кыргызстанга карата "Кыргызстандагы шайлоочуларды каттоо тутумун башкаруу боюнча ачык-айкын жана расмий эрежелердин жоктугу" белгиленген, бул шайлоочулардын тизмесин бурмалоодо потенциалдуу коркунуч жаратат. Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу тарабынан "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жаңы тартиби киргизилди, ал бир эле адамдын тигил же бул шайлоочулар тизмесине эки же көп жолу кирип калуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга багытталган арыз берүүчү да, императивдүү да ыкмаларды айкалыштырат, жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин негизинде жарандардын жашаган жеринин өзгөргөнүнө байланыштуу шайлоочуларды көзөмөлдөө механизми каралган жана бул иш калкты каттоо тармагындагы ыйгарымдуу органга жүктөлгөн.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинде каралган боло турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жаңы ыкмасы шайлоочулардан жигердүү аракеттерди талап кылат, ал ыйгарымдуу мамлекеттик органда биометрикалык маалыматтарды берүү менен байланышкан. Анын жүрүшүндө биометрикалык маалыматтар менен бирге, "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке маалыматтарды чогултуу да жүргүзүлөт. Андан кийин биометрикалык маалыматтарды берген Кыргыз Республикасынын жараны кошумча эч кандай аракеттерди жасабастан, шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө киргизилет. Мыйзам чыгаруучунун шайлоочулардын тизмесин түзүүдөгү мындай ыкмасы, активдүү шайлоо укугуна ээ жана биометрикалык маалыматтарын берген, калктын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген шайлоочу өзүнүн шайлоо процессине катышуу ниетин андан кийин тактап туруудан бошотулат дегенди түшүндүрөт.
Шайлоочулардын актуалдашкан тизмесин түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү биометрикалык каттоодон өтүүгө талап кылуу "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзүнчө ченемдик жоболорунун конституциялуулугу жөнүндө кайрылууну кароо учурунда, 2015-жылдын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп табылды.
Белгилей кетүү керек, биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоо тизмесине киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жоболору (14-берененин 2-бөлүгү) бир гана шайлоочулардын актуалдашкан тизмесин түзүү зарылдыгы менен шартталбастан, шайлоочулардан андан кийин дагы анын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоо зарылдыгы менен шартталган. Аталган конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шайлоо бюллетенин берүү биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча шайлоочуну идентификациялагандан кийин жүргүзүлөт.
Мына ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу тарабынан "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 5-бөлүгүндөгү шайлоо укугунун жалпылык түшүнүгүн ачуу учурунда, жарандар өзүнүн шайлоо жана шайлануу укугун бул конституциялык Мыйзамда бекитилген талаптарды кармоо учурунда ишке ашыра алат деп көргөзүлгөн.
Ошентип, добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндөгү "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талашка түшкөн ченемин, шайлоочу тарабынан өзүнүн активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон талап катары караш керек, бул учурда жалпылык, шайлоо укуктарынын теңдиги принциптерин, жарандардын 2-берененин 4-бөлүгүндө, 52-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга болгон укугун бузбашы керек.
Ушуга ылайык, активдүү шайлоо укугун жүзөгө ашыруу чектелбейт, шайлоочулар тарабынан аларды шайлоочулар тизмесине киргизүү үчүн кандайдыр бир аракеттерди жасоо менен шартталат. Анын үстүнө, бул талап басмырлоо катары каралбайт, анткени адамды кандайдыр бир белгилер боюнча милдеттерин жана укуктарын айырмалоо болгон жок.
Бул учурда шайлоо курагына жеткен жаран, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмеси менен таанышып чыгууга укуктуу, эгер өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экендигин, андагы кандай гана болбосун ката же так эместиктер жөнүндө добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен аларды тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Шайлоочунун биометрикалык маалыматтар болбогон учурда, шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Ошентип, мыйзам чыгаруучу тарабынан шайлоочу жөнүндө маалыматты алуу жана тактоо үчүн мүмкүнчүлүк берилген. Бул ченем Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердеги демократиялык шайлоонун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө Конвенциянын 2-беренеси менен тастыкталат, анда ар бир адамга өзүнүн шайлоочулардын тизмесине киргендиги тууралуу маалымат алууга, анын толуктугун жана тууралыгын камсыз кылуу максатында бул маалыматты тактоо үчүн, шайлоочулардын тизмесине киргизүүдөн баш тарткан учурда мыйзам тарабынан бекитилген тартипте даттануу үчүн укук кепилденип берилген.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамындагы кабыл алынган шайлоочулардын тизмесин түзүүдө, биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен идентификациялоо технологиясы колдонула турган добуш берүү үчүн бюллетенди алуу тартибиндеги новеллалар калыс, эркин жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө багытталган жана алардын жыйынтыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана Адам укуктарынын Жалпы декларациянын жоболору менен өз ара байланышат: "Элдин эрки өкмөттүн бийлигинин негизи болууга тийиш; бул эрк мезгилдүү жана бурмаланбаган шайлоолордо билдирилүүгө тийиш, алар жалпы жана тең шайлоо укугу аркылуу, жашыруун добуш берүү жолу менен же добуш берүүнүн эркиндигин камсыз кылуучу башка ар кандай бирдей маанидеги формалар менен жүргүзүлүүгө тийиш." (21-берененин 3-пункту).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы чечиминде "Шайлоо мамлекеттик бийликти уюштуруу жана кызмат кылуу тармагында конституциялык түзүлүш катары улуттук коопсуздуктун объектиси болуп саналат. Өкүлчүлүк органдарынын шайлоону мезгилдүү өткөрүп турушу мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун институттарынын өз убагында жаңылантуусунун кепили болуп чыгат жана конституциялык түзүлүштүн туруктуулугун камсыз кылат. Шайлоо калктын бийликке болгон ишениминин индикатору жана аны легитимдештирүүнүн маанилүү ыкмасы болуп кызмат кылат. Ошол эле убакта, шайлоонун социалдык-саясий маанилүүлүгүнүн күчүндө, алар ар кайсы топтордун жана өзүнчө адамдардын укукка каршы умтулууларынын объектиси болуп калышы мүмкүн, ал шайлоочулардын добушун манипуляция кылуу менен шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого багытталган, бул мамлекеттин жаңы тарыхы көргөзүп тургандай, ар кандай социалдык-саясий козголоңдорго алып келиши мүмкүн, жана ал Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян алып келүүгө жөндөмдүү. Ошондуктан, мамлекет өткөрүлүп жаткан шайлоонун айкындуулугун, чынчылдыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылуунун ар кандай шаймандарын иштеп чыгууга жана пайдаланууга укуктуу. Мындай шаймандардын бири шайлоочулардын актуалдашкан тизмесин түзүүдө жаңы технологияларды пайдалануу болуп саналышы мүмкүн" деп көрсөтүлгөн.
Мыйзамда тиешелүү механизмдерди, ыкмаларды жана жолдорду бекитүү, шайлоонун жол-жоболорун иштеп чыгуу мамлекеттин өнүгүүсүнүн тигил же бул этабында түзүлгөн тарыхый, социалдык-саясий шарттарды эске алуу менен жүзөгө ашырылышы керек. Ошондуктан, бир шартта колдонулбай турган шайлоо жол-жобосунун айрым бир бөлүктөрү башка шарттарда туура келип, натыйжалуу болуп калышы ыктымал.
Жогоруда келтирилгендерге байланыштуу, арыз ээси тарабынан талашка түшкөн "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын жарандарынын активдүү шайлоо укугунун өзүн жокко чыгарууга жатпайт жана анын чыныгы мазмунун жоготууга алып келбейт. Шайлоочу тигил же бул шайлоого катышуусу же катышпоосу үчүн өзү ойлонуп туруп чечим кабыл алышы керек, ал башка шайлоочулардын добушу менен бирге анын добушунан бир гана коомдун жана жалпы мамлекеттин эмес, анын жеке жашоосунун келечектеги өнүгүү жолун тандоосу да көз каранды экендигин түшүнүшү керек. Мына ошондуктан, ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмесин түзүү баскычында да, добуш берүү процессинде да жарандык жоопкерчилигин көрсөтүшү керек.
Субъекттин талашка түшкөн ченем жалпы таанылган принциптерге жана эл аралык укуктун принциптерине да карама-каршы келет деген далилдери бул чечимдин 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча да негизсиз.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. "жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн" деген сөздөр менен чагылдырылган 14-берененин 2-бөлүгүндөгү ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1, 2, 4-бөлүктөрүнө, 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы