Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-июлу № 411
"Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кайра сурап алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 451 токтомуна ылайык киргизилген, "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору кайра сурап алынсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |