Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-июлу № 422
Орозо айт күнү жана жумуш күнүн которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, де малыш жана майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 29-июлу Кыргыз Республикасынын аймагында Орозо айтты майрамдоо күнү деп жарыялансын.
2. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2014-жылдын 28-июлундагы жумуш күнү 2014-жылдын 2-августундагы дем алыш күнүнө которулсун.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |