Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженерлик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары - Институт) өз ишин жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө жаатында ишке ашырат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Институт мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлүүчү юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби болот, өзүнө бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкарат. Чарба жүргүзүү укугуна жана өзүн-өзү каржылоого негизделген киреше алып келүүчү ишти жүргүзүү жана ал кирешени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөө укугуна ээ.
4. Институттун иши министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун программаларына жана тематикалык пландарына, ошондой эле менчигинин формасына карабастан уюмдар, ишканалар жана жеке адамдар менен түзүлгөн чарбалык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.
5. Институттун юридикалык дареги: 720048, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чыгыш өнөр жай зонасы, Чолпон-Ата көчөсү, 2.
6. Институттун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту;
- расмий тилде: "Государственный институт сейсмостойкого строительства и инженерного проектирования при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".
7. Институттун ишинин максаты жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө, турган жана жаңы курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин жогорулатуу жаатында эксперименттик иштерди жүргүзүү болуп саналат.
8. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөөгө туруктуу курулуштун келечектүү багыттары боюнча инженердик-техникалык, технологиялык, окуулук жана башка эксперименттик иштерди жүргүзүүдө бирдиктүү техникалык стратегияны камсыздоо, курулуштук жаңы конструкцияларды, материалдарды жана буюмдарды иштеп чыгуу, курулуштук конструкциялардын жана буюмдардын айрым түйүндөрүнө, элементтерине, ошондой эле жалпы имараттарга, комплекстерге, инженердик тармактарга жана курулмаларга сыноолорду жана инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жарандык турак жай, коомдук жана өнөр жайлык курулуш, инженердик тармактар, тутумдар жана курулмалар, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо (курулуш экологиясы) боюнча тажрыйбалык-конструктордук жана эксперименттик иштерди аткаруу.
9. Институт төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатындагы теориялык жана эксперименттик изилдөөлөр, курулуштук конструкцияларды, материалдарды жана буюмдарды иштеп чыгуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуштук конструкцияларды, материалдарды жана буюмдарды өндүрүү, инженердик тармактар, тутумдар жана курулмалар жаатындагы илимий жана техникалык жетишкендиктерди курулуштук долбоорлоо аркылуу өнөр жайлык-жарандык курулушка киргизүү;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана энергиялык натыйжалуулугу боюнча азыркы ченемдерге жооп берген курулуш материалдарын жана буюмдарын сериялык чыгаруунун жаңы технологияларын өздөштүрүү жана пайдалануу долбоорлоруна катышуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча, ошондой эле шаар куруу жана архитектура иши жаатындагы ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу;
- жоопкерчиликтин бардык деңгээлдериндеги өнөр жайлык жана жарандык багыттагы объекттер, инженердик тармактар, тутумдар жана курулмалар боюнча, ошондой эле жоопкерчиликтин бардык деңгээлдериндеги имараттарды жана курулмаларды социалдык-соода инфраструктурасы, турак жай жана өндүрүш багытындагы объектилерге өзгөртүп куруу, өзгөртүп пландаштыруу жана реконструкциялоо боюнча долбоорлоочу-конструктордук жумуштарды иштеп чыгуу;
- Институт иштеп чыккан долбоордук документтер боюнча курулуучу курулушка белгиленген тартипте автордук көзөмөл жүргүзүү;
- курулуштук конструкцияларга, материалдарга жана буюмдарга сыноолорду, ошондой эле тастыктоо жана стандартташтыруу максатында сыноолорду өткөрүү;
- курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүнү, имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөөнү, курулуштук конструкцияларды, материалдарды жана буюмдарды чыгарууну, ошондой эле шаар куруу жана архитектура объектилерин өзгөртүп курууну, өзгөртүп пландоону жана реконструкциялоону ишке ашырууну каалаган уруксаттама субъектилерин экспертизалоо;
- республиканын курулуштук, инженердик жогорку окуу жайларында ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбадагы жетишкендиктерди кеңири алмашуунун базасында долбоорлоо практикасын, теориялык окутууну, чыгармачылык талкууну пайдалануу менен окутуу-тарбиялоо процессинин заманбап моделин өркүндөтүү;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш объекттерин, инженердик тармактарды жана курулмаларды эксперименттик жана типтүү долбоорлоо;
- ар кандай багыттагы жана жоопкерчилик деңгээлиндеги имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун, эскирген деңгээлин жана техникалык абалын аныктоо максатында аларды инженердик текшерүү;
- долбоордук курулуш документтерин, техникалык регламенттердин, стандарттардын жана башка техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- эксперименттик долбоорлорду иштеп чыгуу.
10. Институт төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке адамдардан жана юридикалык жактардан Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды суроого жана алууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде сотто доогер жана/же жооп берүүчү катары өзүнүн атынан катышууга;
- Институттун компетенциясына кирген иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
- иштин толук көлөмүн, айрым этаптарын жана бөлүмдөрүн аткарууга өз алдынча подряддык жана субподряддык келишимдерди түзүүгө;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана энергиялык натыйжалуулук боюнча заманбап ченемдерге жооп берген курулуштук материалдарды жана буюмдарды сериялык өндүрүү боюнча жаңы технологияларды өздөштүрүү жана пайдаланууга берүү долбоорлоруна катышууга;
- Институт негизги аткаруучу катары аныкталган бардык келишимдер боюнча жумуштарды аткарууда убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүүгө же айрым иштерди аткаруу үчүн эмгектик макулдашуулар боюнча адистерди ишке тартууга;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуу сабактарынын багытына ылайык келген кафедралардын филиалдарын уюштурууга.
11. Институтту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
12. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары кызматына Институттун директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан дайындалат. Директор жок учурда анын милдеттерин орун басары аткарат.
13. Директор:
- Институттун ишине жалпы жетекчилик кылат, милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- тийиштүү иштерди аткаруу үчүн эмгектик келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Институттун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон тескемелерди, буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо белгиленген функцияларды ишке ашырууга керектүү документтерге кол коет;
- Институттун атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында Институттун кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- мүлктү, финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди чыгарат жана финансылык-чарбалык иштер үчүн толук жоопкерчилик тартат.
14. Институтта илимий иштеп чыгууларды жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, курулуш объектилерин инженердик изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча техникалык корутундуларды, долбоордук документтерди, инженердик жана экономикалык маселелерди кароо жана талкуулоо үчүн, ошондой эле жер титирөөгө туруктуу курулуш жана архитектура тармагындагы диссертациялык иштерди рецензиялоо үчүн коллегиялуу орган катары Институттун жана башка уюмдардын жогорку квалификациялуу адистеринен турган техникалык кеңеш түзүлөт.
Институттун техникалык кеңешин директор башкарат. Техникалык кеңештин курамын жана санын директор Мамкурулуш менен макулдашуу боюнча бекитет.
Техникалык кеңештин чечимдерин жетекчилер менен аткаруучулардын бардыгы аткарууга милдеттүү.
15. Институттун мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген жана Институттун балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Институттун мүлкүн куроонун булактары төмөнкүлөр:
- Институтка уюштуруучу өткөрүп берген мүлк жана каражаттар;
- өндүрүштүк-чарбалык иштен алынуучу кирешелер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер.
17. Институттун ишин республикалык бюджеттен жана бюджеттен тышкаркы түшүүчү каражаттардан (демөөрчүлүк жардам, гранттар, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ыктыярдуу кошумчалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер) каржыланат.
18. Институттун негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
18. Институтту өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Институттун ишинин процессинде пайда болгон документтер Институт жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.