Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-июлу № 392
Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын долбоорун жактыруу жөнүндө
БУУнун баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74 жана 88-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын (мындан ары-Программа) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган Программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн киргизилсин.
3. Программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |