Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июлу № 424
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин
күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 22-февралындагы № 74 “Коммерциялык сырды түзбөй турган маалыматтардын тизмеси жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 23-апрелиндеги № 173 “Кыргыз Республикасынын граждандарынын айрым категорияларын анык аскер кызматына чакырууну кийинкиге калтыруу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 31-мартындагы № 161 “Салык, дагы башка милдеттүү төлөм, анын ичинен салык төлөмдөрдөн мүлкүн алып коюу аркылуу убагында төлөнбөгөн салыкты төктүрүүнүн методикасы тууралуу жобону бекитүү жана болжолдуу кирешени аныктоонун тартиби жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 12-апрелиндеги № 212 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик экологиялык экспертизасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 3-октябрындагы № 413 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлерине бир сапаркы пособиени жана тарткан материалдык зыянын төлөп берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” токтому.
2. Бул токтом расмий жарыялангандан күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |