Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-августу № 432
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингентин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин террорчулукка каршы "Тынчтык миссиясы - 2014" биргелешкен аскердик машыгуусуна даярдоо жана катышуусу жөнүндө
Эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, Шанхай кызматташтык уюмуна катышкан мамлекеттердин биргелешкен аскердик террорчулукка каршы машыгуусуна жана Кытай Эл Республикасынын аймагынада 2014-жылдын 24-29-августунда "Чжужихе" (мындан ары - биргелешкен машыгуу) аскердик полигонунда өткөрүлүүчү, Шанхай Кызматташтык уюмуна катышкан мамлекеттердин аскердик оркестрлеринин биринчи фестивалына катышуу жөнүндө чечимди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингентинин биргелешкен машыгууга катышуусун камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2014-жылына карата республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингентин биргелешкен машыгууга даярдоо жана катышуусун камсыз кылуу менен байланышкан 8 251 512 (сегиз миллион эки жүз элүү бир миң беш жүз он эки) сом суммасындагы атайын каражаттар боюнча кошумча сметалык дайындоолорду Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингентинин кыймылдуу жана башка мүлкүн бажылык контролдоону жана бажылык тариздөөнү бажылык тариздөө үчүн жыйым албастан ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы менен бирге аскердик контингенттин бөлүмдөрүн коштоп барууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча "Эркеч-Там - Автожол" мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүү пунктунда жана кайра келе жатканда эс алууга жайгашкан жерлерде алардын коопсуздугун камсыз кылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |