Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 426
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
30-декабрындагы №735 «Кыргыз Республикасынын
Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287
жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын
Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар
жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу
Салыктык башкарууну өрүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 280-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 29-пункттун 1-пунктчасынын тогузунчу абзацындагы «сакталып турган» жана «жана пайдаланылган» деген сөздөр алынып салынсын;
- 41-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2) материалдык ресурстарды жеткирип берүүчүлөрдүн салыктык катталган жериндеги салык органдарына КНС боюнча эсеп-фактуралардын аларга берилген бланктары тууралуу суроо-талап жиберет;».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |