Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2015-жылдын 27-ноябры № 15-р
жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиеванын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин жана Гульзар Абдыбековна Суталинованын кайрылуусуна байланыштуу шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу деп белгилеген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгүнүн ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, К.М.Киргизбаев, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдын курамында,
сот жыйналышынын катчысы Н.А.Илиязованын катчылыгы менен;
- кайрылуучу тарап - А.М.Осмоналиева, Б.К.Осмонбаевдын;
- жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү М.И.Арзиевдин;
- башка жак - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын өкүлү Р.Б.Бекбасаровдун катышуулары менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу деп белгилеген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгүнүн ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук жыйналышта карады.
Жогоруда аталган ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы А.О.Нарынбекованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 17-апрелинде шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу деп белгилеген
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгүнүн ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө жарандар А.М.Осмоналиеванын, Б.К.Осмонбаевдин, Г.А.Суталинованын өтүнүчү келип түшкөн.
Арыз ээлеринин пикири боюнча, талашка түшкөн ченемдик жобо жарандарга шайлоо алдында шайлоо бюллетендерине киргизилген бардык шайлоочуларга каршы багытталган үгүттү өзүнүн акча каражаттарынын эсебинен өзүнүн жүргүзүшүнө тыюу салат деп ошону менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Арыз ээлери, аталган конституциялык Мыйзамдын 1-берененин жана 22-берененин 10-бөлүгүнө ылайык тигил же бул талапкерге, талапкерлердин тизмесине каршы добуш берүүгө үндөөлөр, шайлоо алдындагы үгүт болуп саналарын көрсөтүштү. Жарандар үчүн талашка түшкөн ченемдик жобо тарабынан каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана каралган. Ошентип жаран шайлоо алдындагы үгүттү бардык талапкерлерге, талапкерлердин тизмесине каршы өздүк каражаттарына өткөрүүгө укуктуу эмес, ал муну талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору аркылуу жасоого милдеттүү.
Арыз ээлеринин пикири боюнча, бир тарабында эркин шайлоолорго жана экинчи тарабында сөз эркиндиги жана ойду эркин билдирүү укуктарынын ортосунда мүмкүн болгон коллизияларды чечүүгө багытталган ченемдик жөнгө салууларды ишке ашыруу менен мыйзам чыгаруучу жарандардын конституциялык укуктарын шайлоочу катары камсыздоо зарылчылыгы менен байланышкан. Жарандар активдүү шайлоо укуктарын алып жүрүүчү жана ошол эле учурда укуктун субъектилери болуу менен маалыматты кайсы гана болбосун мыйзамдуу жол менен эркин издөөгө, алууга, берүүгө, өндүрүүгө жана жайылтууга укуктуу, алар шайлоолорду маалыматтык камсыздоонун объектиси катары гана каралышы мүмкүн эмес. Шайлоо процесстеринде алар өзүнүн шайлоо алдындагы позициясын активдүү талашууга багытталган ишмердүүлүгүн ишке ашырууга, ага ылайык башка шайлоочуларды конкреттүү талапкер үчүн же ага каршы добуш берүүгө көндүрүүгө же шайлоолорго катышып жаткан бардык талапкерлерге карата тескери мамилесин билдирүүгө укуктуу. Жарандар үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу же аны ишке ашырууга тиешелүү мыйзамдуу кепилдиктердин жоктугу шайлоо процессинин жүрүшүнө реалдуу таасирин тийгизүүгө болгон укуктан баш тартууну түшүндүрүп, ал эми шайлоо процесси болсо добуш берүү фактысына гана негизделип калат.
Арыз ээлери ошондой эле шайлоочулардын эл алдындагы бийликтин шайлоочу органынын персоналдык курамын түзүүгө багытталган кызыкчылыктары камтылган шайлоо алдындагы үгүттөөгө укуктардын ченемдик мазмуну шайлоо процессинин катышуучуларынын анын ичинде шайлоочулардын шайлоолордо белгилүү бир түрдө добуш берүүгө түрткү бере турган үгүттөө иштерин жүргүзүүгө болгон укуктуулугун камтыйт деп эсептешет. Ошондуктан эгерде мыйзам чыгаруучу өзүнүн дискрециялык укуктарын ишке ашыруу тартибинде шайлоолордо шайлоо бюллетенинде "бардыгына каршы" графасын толтуруу аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгүн тааныган болсо, ал мыйзам чыгаруучуга тиешелүү шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү мыйзамдуу түрдө жөнгө салууга милдеттүү.
Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын жарандарын эгерде шайлоо бюллетенинде "бардыгына каршы" графасы бар болсо бардык талапкерлерге каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укуктарынан ажыратууга алып келүүчү ченемдик актыларды кабыл алууга укуктуу эмес. Алар тарабынан киргизилген ушул укукту ишке ашыруу тартиби формалдуу белгилүүлүктүн талаптарына жооп берүүгө жана жаранга өзүнүн жүрүм- турумун ылайыкташтыруу, тигил же бул аракеттерге алып келиши мүмкүн болгон кесепеттерин аң-сезимдүү даражада алдын ала көрө билүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого тийиш. Мыйзам чыгаруучу жарандардын бардык талапкерлерге каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө болгон укуктарын таануу менен, бул укуктун биринчи кезекте каражаттарды шайлоо фонддорунан тышкары колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө тиешелүү атайы ченемдик камсыздоону караган эмес, жыйынтыгында жарандарды шайлоо процессине мыйзам ченемдүү катышуу эрежелерине тиешелүү жол бергис белгисиздик кырдаалына дуушар кылган.
Баяндалгандардын негизинде арыз ээлери "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 11-бөлүгүнүн ченемдик жоболорун, жарандар тарабынан шайлоо алдындагы үгүттөөнү өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүүгө тыюу салууну камтыган бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы катары таанууну өтүнүшөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 29-майындагы аныктамасы менен арыз берүүчүлөрдүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Сот жыйналышында кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп жана аларды канааттандырууну өтүнүштү.
Жоопкер-тараптын өкүлү кайрылуучу тараптын далилдерине макул болбогондуктан, талашка түшкөн ченемдик жобо шайлоо алдындагы үгүттөөнү каржылоо маселелерин саясий партиялардын шайлоо фондулары аркылуу жөнгө сала тургандыгын белгиледи. Бул ченем жарандарга шайлоо алдындагы үгүттөө процессине эгерде үгүттөөнүн мындай таризи саясий партиялардын шайлоо фондусунун акча каражаттарынын эсебинен каржылоону талап кылса талапкерлер, талапкерлердин тизмесин сунуштаган саясий партиялардын макулдугу менен аралашуусуна мүмкүнчүлүк берет. Жарандар менен бардыгына каршы өзүнүн акча каражаттарынын эсебинен үгүт жүргүзүү шайлоо процессине кийлигишүү болуп саналат жана шайлоолордун үзгүлтүккө учурашына же жокко чыгарууга, мөөнөтүн которууга, ар кандай тескери кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Талашка түшкөн берене жарандар тарабынан өзүнүн каражаттарынын эсебинен шайлоо бюллетенине киргизилген талапкерлерге каршы багытталган бардыгына каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү маселелерин жөнгө салбайт, ошону менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31 жана 33-беренелерине карама-каршы келбейт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын өкүлү кайрылуучу тараптын далилдерине макул болбогондуктан, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгү шайлоочулардын шайлоо бюллетениндеги "бардыгына каршы" графасын белгилөө аркылуу добуш берүүгө багытталган үгүт жүргүзүү тартибин жөнгө салбай тургандыгын, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31 жана 33-беренелерине карама-каршы келбейт деп көрсөттү.
Ошондуктан "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгүнө ага мүнөздүү болбогон, бул ченемдин диспозициялары жана гипотезаларынын алкактарынан чыккан жөнгө салуучу мүмкүнчүлүктөрүн, билдирүүчүлөрдү конституциялык ченемдер менен карама-каршылыктардын бар экендиги тууралуу туура эмес тыянактарга алып келет.
Конституциялык палата тараптардын жүйөөлөрүн талкуулап, Р.Бекбасаровдун иш боюнча берген түшүндүрмөсүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда козголгон ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу боюнча күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу деп белгилеген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгүнүн ченемдик жобо саналат:
2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы 2011-жылдын 5-июлундагы №54 "Эркин-Тоо" гезитинде жарыяланган, мыйзамдарда бекитилген тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасы эгемендүү, демократиялык мамлекет болуп саналат, анда эл, эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болуп саналат, өз бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1 жана 2-беренелери).
Кыргыз Республикасында шайлоо эркин болуп саналат, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 4-бөлүгү).
Тикелей шайлоо укугунун принциби жарандар шайлоолордо талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн же талапкерге каршы, талапкерлердин тизмеси же талапкер, талапкерлер, талапкерлердин тизмесине каршы, түздөн-түз же бардык талапкерлерге, талапкерлердин тизмесине каршы добуш бере тургандыгын түшүндүрөт (Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердеги демократиялык шайлоонун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө Конвенциянын 4-беренеси).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ушул ченемдик тартиптерин жана эл аралык укуктук ченемдерин ишке ашыруу менен "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы тарабынан жарандардын талапкерлерге, талапкерлердин тизмесине же бардыгына каршы добуш берүү укугу каралган.
Добуш берүү институтунун укуктук табияты ушундай, шайлоонун жүрүшүндө жарандар өзүнүн ишенимдерине таянуу менен өзүнүн эркин элдик бийликтин кызматтарында же органдарында элдин атынан чыгууга талапкер болгон конкреттүү талапкерлер, талапкерлердин тизмесин шайлоо же шайлабоо аркылуу билдиришет.
Ошондуктан, жарандардын эркин билдирүү максатында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын шайлоо бюллетенинде "бардыгына каршы" позициясы каралган.
Ошентип, шайлоочулардын шайлоо бюллетендерине киргизилген талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүсү, ошондой эле бардыгына каршы добуш берүүсү Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана эл аралык укуктук ченемдер менен таанылган жарандардын тикелей шайлоо укуктарынын принциптеринин ишке ашырылышы болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 2- бөлүгү менен каралган жарандардын жана мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укуктары түз жана өкүлчүлүктүү демократияны камсыздоо таризи болуп саналат.
Шайлоо процессинин маанилүү элементтеринин бири жарандардын эркин билдирүүгө, шайлоолордун айкындуулугун сактоого көмөктөшүүчү жана эки түшүнүктү функцияны аткара турган шайлоолорду маалыматтык камсыздоо болуп саналат. Бир жагынан алганда ал шайлоочуларга шайлоолорду өткөрүүнүн жүрүшү, тартиби жана жыйынтыктары тууралуу маалымат берүүгө, экинчи жагынан - жарандардын шайлоо алдындагы үгүт өткөрүүгө болгон укуктарын ишке ашырууга багытталган.
Шайлоо алдындагы үгүт жарандарга, талапкерлерге жана саясий партияларга конкреттүү талапкерди, саясий партияны, талапкерлердин тизмесин колдоо же аларга каршы өзүнүн колдонуу билдирүүнү калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренеси жана 22-беренесинин 9-бөлүгү). Ошону менен бирге ушул конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 8-бөлүгү менен шайлоо процессинин саналып өткөн катышуучуларына карата эркин үгүт жүргүзүүгө кепилдик берилет.
Ошону менен бирге шайлоо алдындагы үгүт эркиндигине болгон мыйзам чыгаруу кепилдигин ой-пикирди эркин билдирүү, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон конституциялык укуктар менен окшош деп билүүгө болбойт.
Бул шайлоо алдындагы үгүт мааниси - шайлоочуларды Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматын ээлегенге талапкер болгон талапкерлер, ушундай талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же аларга каршы добуш берүүгө түрткү берүүгө менен байланыштуу.
Пикирлерди билдирүү эркиндигине болгон кепилдик адамды эркин жана көз карандысыз ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн чектөөдөн коргоодо турса, ой-пикирди эркин айтуу мүмкүн болбосо ал эркин билдирилбейт; сөз эркиндиги адамдын эл алдында эркин сүйлөө, ашкере кылуу, өзүнүн ойлорун, пикирлерин жана ишенимдерин тоскоолдуксуз билдирүүдө, кандай гана жол менен болбосун аны жайылтууда турат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесинин 1-бөлүгүнө киргизилген маалымат эркиндигине болгон укукту туунду катары ошол эле учурда ой-пикирлерди билдирүү эркиндигине жана сөз эркиндигине болгон кошумча кепилдик катары кароо керек. Шайлоо процессинин учурунда сөз эркиндиги жана маалымат эркиндиги белгилүү бир деңгээлде элдин өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсү үчүн зарыл болгон саясий маалыматтык мейкиндикти түзүү менен шайлоолордун институтунун жалпы структурасынын катарына кирет.
Мындай укуктук позицияны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 09-Р Чечиминде билдирген.
4. Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму жарандардын шайлоо укуктарынын мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук, жеткиликтүүлүк, ачыктык жана ишенимдүүлүк, ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого болгон тең укуктуулуктун негизинде курулат. Бул принциптер шайлоолорду уюштуруунун бардык баскычтарын, анын ичинде шайлоолорду даярдоонун, шайлоо алдындагы үгүт жүрүшүндөгү жана Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолорду өткөрүүнүн жүрүшүндө тепчип өтөт.
Шайлоо фондун түзүү катышуучулар тарабынан алар талапкерликке көрсөтүлгөн учурдан тарта же шайлоолорго катышууга болгон ниетин билдирген учурдан тарта калыптанган шайлоо процессинин бирден бир баскычтарынан болуп саналат жана ал шайлоолорду каржылоонун мыйзамдуулугун, ага катышкан талапкерлердин бирдей укуктарын камсыздоого багытталган.
Талашка түшкөн ченемдик абалды ченемдик жөнгө салуу талапкердин же талапкерлердин тизмесин сунуштаган саясий партиянын шайлоо фондунун эсебинен каржылоону талап кылган шайлоо өнөктүгүнүн мезгилиндеги үгүт ишин тартипке салууга багытталган. Бул ченем жарандардын жана саясий партиялардын талапкерлер, талапкерлердин тизмесин сунуштаган саясий партия менен макулдашуу жана ушул адамдардын шайлоо фондулары аркылуу болгон эки шартты сактоо менен шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул үгүт процессинин мааниси жана шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын бардык катышуучуларына тиешелүү болгон, мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук, жеткиликтүүлүк, ачыктык жана шайлоолордун ишенимдүүлүк болуу принциптеринин бузулуусуна алып келе турган ар кандай эркин аракеттерди жокко чыгаруучу бирдиктүү жүрүм-турум эрежелерин киргизүү зарылчылыгы менен байланышкан.
Ушуга ылайык, жарандар тарабынан бардык талапкерлерге каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талашка түшкөн ченемдик жобону укуктук жөнгө салуунун чегинен чыгып жатат. Ошондуктан кайрылуучу тараптын талашка түшкөн ченемдик жоболор шайлоо алдында жарандар тарабынан өзүнүн каражаттарынын эсебинен бардык талапкерлерге каршы багытталган үгүт жүргүзүүгө тыюу салууну камтый тургандыгы тууралуу далилдери туура эмес.
Бардык талапкерлерге каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин тиешелүү укуктук жөнгө салуунун жоктугу Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген талашкан түшкөн ченемдик жоболорду таануу үчүн негиз катары кызмат кыла албайт.
Шайлоо алдындагы бардыгына каршы үгүттөө менен байланышкан укуктук мамилелер мыйзам чыгаруучу тааныган шайлоочулардын өзүнүн эркин шайлоочулардын бюллетенинде "бардыгына каршы" графасын толтуруу жолу аркылуу билдирүү мүмкүнчүлүгү болуп саналгандыктан өзүнчө укуктук жөнгө салууну талап кылат.
Мыйзам чыгаруучу шайлоо алдындагы үгүттөөгө карата укуктарды ишке ашыруу менен байланышкан жөнгө салуунун тигил же бул тариздерин тандоо менен шайлоолордун объективдүү жыйынтыгына жетишүү жана ушунун негизинде легитимдүү өкүлчүлүктүү элдик бийлик органдарын түзүү зарылчылыгын эске алуусу керек.
Ошентип, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүү укуктарын камтыган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгүнүн ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу деп белгилеген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгүнүн ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Чечимдин жүйөөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыккан маселеде укуктук күмөндүүлүктү жөнгө салышы керек.
3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы