Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-апрели УӨ № 28
Күч жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине
мамлекеттик колдоо көрсөтүү, пенсионерлерге жана бюджеттик
чөйрөнүн кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү сактоо
жана капиталдык курулуштун пландаштырылган
объекттерин толук каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фонду түзүлгөндүгүнө жана бюджеттин тартыштыгын жабуу, укук коргоо органдарынын аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүү, пенсияларды жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акыларын өз убагында төлөөнү камсыздоо, капиталдык курулуш объекттерин каржылоо боюнча маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- энергия булактарына тарифтердин кымбатташына байланыштуу пенсионерлерге жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине мурда каралган компенсациялык төлөмдөрдү сактасын;
- республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык курулуш объектилеринин тизмесин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна 2010-жылдын 10-майына чейин белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин эмгек акысын 2010-жылдын 1-июлунан баштап көбөйтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна 2010-жылдын 6-апрелиндеги окуялардын убагында зыян келтирилген администрациялык имараттарды шашылыш түрдө ремонттоого зарыл каражаттарды бөлүү жөнүндө сунуш киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына коммерциялык банктар менен бирдикте жазгы талаа жана күзгү талаа жумуштары үчүн дыйкандарга жылдык 12 процент менен кредитти 2010-жылдын 1-майынан баштап берүү сунушталсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |