Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-апрели УӨ № 29
Конституциялык кеңешме түзүү жөнүндө
Мамлекеттик бийликтин иштиктүү механизмдерин жана коом менен өлкөнүн демократиялык өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу максатында, ошондой эле жарандардын, саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, илимий мекемелердин пикирлерин, сунуштарын кыйла кеңири кароо менен эске алууну жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунун үстүндө иштөөнү аяктоону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Конституциялык кеңешме 75 адамдын санында төмөнкү курамда түзүлсүн:
Өмүрбек Чиркешович Текебаев - Конституциялык кеңешменин төрагасы.
Медер Абдиев;
Атыр Абдрахматова;
Гюльшайыр Абдирасулова;
Канатбек Азизович Абдукадыров;
Улугбек Абдусаламов;
Дүйшөн Абдылдаев;
Наргиза Абдылдаева;
Мирзат Аджиев;
Клара Ажыбековна Ажыбекова;
Низамидин Азимжанович Азимжанов;
Азамжон Сайдуллаевич Акбаров;
Алмазбек Акматалиевич Акматалиев;
Алыбек Акунович Акунов;
Эркин Жумабаевич Алымбеков;
Болот Алымкулов;
Чолпонкул Исаевич Арабаев;
Гүлнара Ахматова;
Эрлан Базарбай уулу;
Ашырбек Бакаев;
Мыктыбек Батыралиев;
Мыктыбек Арстанбекович Батырбеков;
Мирлан Абдыбекович Бекитаев;
Руслан Бекназаров;
Жаныбек Абдраевич Бокоев;
Бекбосун Ишенбекович Борубашев;
Лариса Викторовна Гутниченко;
Анара Дауталиева;
Чолпон Джакупова;
Валерий Исидорович Диль;
Курманбек Сапарович Дыйканбаев;
Станислав Викторович Епифанцев;
Михаил Маркулович Зауман;
Толкунбек Маматович Исаков;
Гүлнара Тентиевна Искакова;
Эрик Ирыскулбеков;
Дмитрий Кабак;
Нурбек Айтыевич Касымбеков;
Канат Керезбеков;
Жибек Койчукулова;
Суеркул Косаков;
Кубанычбек уулу Максатбек;
К.У.Кулназарова;
Сабырбек Акынбекович Күрүчбеков;
Арсланбек Касымакунович Малиев;
Шаирбек Жусуевич Маматокторов;
Эрмек Тынчылыкович Мамырканов;
Бөдөш Мамырова;
Исхак Абсаматович Масалиев;
Эсен Момункулов;
Мирлан Мотосмонов;
Шавкат Иминович Мухумаджанов;
Мурат Асанкулович Назарматов;
Данияр Нарымбаев;
Мирослав Ниязов;
Олег Михайлович Панкратов;
Замирбек Култаевич Парманкулов;
Даврон Сабиров;
Таалайбек Жолдошбекович Сагынов;
Арстанбек Сагындыков;
Асеин Саралаев;
Тайырбек Дүйшекеевич Сарпашев;
Айылчы Сарыбаевич Сарыбаев;
Галина Анатольевна Скрипкина;
Клара Сыргакбековна Соронкулова;
Нурбек Токтокунов;
Адылбек Жыргалбекович Тультемиров;
Турсунбек Акун;
Эмиль Уметалиев;
Токтайым Үмөталиева;
Айбек Мелисканович Чекошев;
Тимур Шайхутдинов;
Гүлнара Санташевна Шейшекеева;
Абдыганы Эркебаев;
Качыке Эсенканов.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты Конституциялык кеңешменин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каржылык жана уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Басма сөз борбору Конституциялык кеңешменин ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Ө.Ч.Текебаевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |