Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 14-июну № 84
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймагындагы кырдаалды тез арада нормалдаштыруу, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти калыбына келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Ош жана Жалал-Абад рблустарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө декреттерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын балансынан Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция I мамлекеттик кызматынын балансына белгиленген тартипте төмөнкү сандагы куралдар жана ок-дарылар өткөрүп берилсин:
АКСУ маркасындагы 100 (жүз) автомат;
20000 (жыйырма миң) даана ок-дары (АКСУнун патрондору);
АКСУнун 200 (эки жүз) даана магазини.
2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы аталган куралдарды белгиленген тартипте кабыл алсын жана аны коюлган милдеттерди аткаруу кызыкчылыгында түзүмдүк бөлүктөрү боюнча бөлүштүрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасы |
Р.Отунбаева |