Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-майы № 212
2010-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы
жөнүндө отчет тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет жактырылсын.
2. Аталган отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри ушул отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Эскертүү: Отчет КР Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө бар.
Премьер-министр | А.Атамбаев |