Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 445
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы №74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашыруу максатында, 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында кол коюлган Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планы (“жол картасы”) жөнүндө Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекет башчыларынын Билдирүүсүндө белгиленген ниеттердин маанилүүлүгүн таанып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) (мындан ары – Иш-чаралар планы) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планы бекитилсин.
2. Жогоруда аталган Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары:
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө кыйшаюусуз аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ведомстволук пландарды иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте бекитишсин;
- ай сайын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ай сайын 30уна чейинки мөөнөттө Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ