|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтому менен бекитилген |
"Каракол" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана "Каракол" эркин экономикалык чөлкөмүндөгү (мындан ары - "Каракол" ЭЭЧ) чарбалык жана тышкы экономикалык иштин укуктук негиздерин аныктайт.
2. "Каракол" ЭЭЧны түзүүнүн максаты регионду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестицияларды, технологияларды тартууга жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, өндүрүштү, унаа инфратүзүмүн, заманбап өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өнүктүрүү, рынокторду товарлар менен толтуруу, калктын жашоо турмушунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
3. "Каракол" ЭЭЧнын иши жана "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды каттоо менен байланышкан мамилелер "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, салык жана бажы мыйзамдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда каралгандан башкача эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
5. "Каракол" ЭЭЧ функциялык типтеги ЭЭЧ болуп саналат, анын тосмо тургузулган аймагы жана чек аралары, бюджети, башкаруунун өздүк органдары бар.
6. "Каракол" ЭЭЧ төмөнкү эки участокто жайгашкан:
- Ысык-Көл облусунун Балкычы шаарында - 500 га аянттагы участокто;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл аймагынын Тамчы айылынын чет-жакасында - 1180 га аянттагы участокто.
2. "Каракол" ЭЭЧны уюштуруунун жана анын иштешинин шарттары
7. "Каракол" ЭЭЧ Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине бажылык контролдоо жана бажылык жөнгө салуу менен камсыз кылына турган атайын бөлүнгөн аймакта түзүлөт.
8. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык режими колдонулган "Каракол" ЭЭЧнын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар, анын ичинде тосмо орнотуу боюнча талаптар, ошондой эле "Каракол" ЭЭЧнын аймагында "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Бажы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмонун же бажылык контролдоонун башка шарттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн бышыктайт.
9. Эгерде ушул бапта башкача каралбаса, ушул Жобонун 7-пунктунда каралган шарттар сакталбаган учурда "Каракол" ЭЭЧнын субъекттерине жалпы салыктык режим колдонулат.
10. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери "Каракол" ЭЭЧнын аймагында "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактаган шартта ата мекендик жана чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарбалык ишти жүргүзө алышат.
11. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзөт.
12. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттерин алар тарабынан бажы, салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргузүлөт.
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган учурлардан тышкары, каалаган мамлекеттик орган тарабынан "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин чарбалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
3. "Каракол" ЭЭЧны каржылоо жана өзгөчө валюталык режим
14. "Каракол" ЭЭЧны түзүүгө жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды, анын ичинде өндүрүштүк, инженердик, унаалык жана башка инфратүзүмдүк, "Каракол" ЭЭЧнын иштеши менен байланышкан башка чыгымдарды, ошондой эле башкы дирекцияны күтүүгө каралган сарптоолорду каржылоо республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен, "Каракол" ЭЭЧнын өздүк бюджетинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы жыл сайын келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзөт.
16. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери катары "Каракол" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөм эсеп фактураларды жана жүктүк бажылык декларацияларды тариздөө бүткөндө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча каражаттарынын 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөрдөн жана "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери менен түзгөн келишимдер боюнча төлөмдөрдөн башка төлөмдөр каралбайт.
17. "Каракол" ЭЭЧнын аймагында өзгөчө валюталык режим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык кызмат көрсөтүүдө жана юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы эсептешүүлөрдө чет өлкөлүк валютанын эркин жүгүртүлүшүн карайт.
18. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин тышкы соода ишинин чет өлкөлүк катышуучулары менен болгон эсептешүүлөрү тараптардын макулдугу боюнча каалагандай валютада жүргүзүлөт.
4. Салыктык милдеттенмелерди жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу
19. Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары каттоо же юридикалык жак тарабынан ЭЭЧнын субъекти катары макамын жоготуу Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары эсептик каттоо тартибине ылайык жүргүзүлөт.
20. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине карата жеңилдетилген салыктык режим бажы иштери чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмолордун же башка шарттардын "Каракол" ЭЭЧнын субъекттерин бажылык контролдоо талаптарына шайкештигин бышыктаган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги 57-бапка ылайык колдонулат.
21. "Каракол" ЭЭЧнын субъекти мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалдануу боюнча иштеп жаткан жеке жактарды мамлекеттик социалдык камсыздандырат.
22. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери бухгалтердик эсеп жөнүндө тартипке жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жана финансылык-чарбалык иш тууралуу отчеттуулукту жүргүзөт.
5. "Каракол" ЭЭЧда колдонулуучу бажы режими
23. "Каракол" ЭЭЧнын аймагы Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоонун ченемдерин сактоо максатында Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын бөлүгү болуп саналат.
24. Эркин бажы чөлкөмү - бажы режими, мында "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери бажы алымдарын, салыкты төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонбостон жана ата мекендик товарларга карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон "Каракол" ЭЭЧнын аймагынын чектеринде товарларды жайгаштырат жана колдонушат.
Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режиминде "Каракол" ЭЭЧнын аймагына товарларды жайгаштыруунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
25. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажылык контролдоону камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган "Каракол" ЭЭЧнын аймагында колдонулат.
26. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери "Каракол" ЭЭЧнын аймагына алып келген товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режиминин шарттарына ылайык "Каракол" ЭЭЧнын аймагына жайгаштырылат жана колдонулат.
"Каракол" ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык "Каракол" ЭЭЧнын субъектиси тандап алган бажы режиминин шарттарында ишке ашырылат.
27. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими колдонулуучу "Каракол" ЭЭЧнын аймагы бажылык контролдоонун чөлкөмү болуп саналат. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин товарларын бажылык контролдоо жана бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
28. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери "Каракол" ЭЭЧнын аймагына алып келген жана эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режимине жайгаштырылган товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу максаты үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары турган товарлар катары каралат.
29. "Каракол" ЭЭЧнын аймагына башка өлкөлөрдөн кайра иштетүү жана андан кийин башка өлкөлөргө алып чыгуу үчүн алып келинген товарлар милдеттүү декларацияланууга тийиш.
30. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, ошондой эле "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери иштеген товарлар менен болгон операцияларды контролдойт жана эсепке алат.
31. "Каракол" ЭЭЧнын субъекти "Каракол" ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын калган бажы аймагына алып чыгуучу товарларга карата:
1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык колдонулат.
32. Эгер товар толук бойдон өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген критерийлерге ылайык жетиштүү иштетилген/кайра иштетилген болсо, анда товар "Каракол" ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.
33. "Каракол" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо Кыргыз Республикасынын бажы аймагына экспорттоону кошпогондо, квотадан жана уруксаттамалоодон бошотулат, анын көлөмү жыл ичинде "Каракол" ЭЭЧнын ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашпашы керек.
"Каракол" ЭЭЧнын субъекти тарабынан ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын бажы аймагына экспорттоонун көлөмү белгиленген квотадан ашкан учурда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Каракол" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого белгиленген квотанын сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ишке ашырат.
34. Эгерде товар толук бойдон жергиликтүү өндүрүштөгү материалдардан жана (же) бөлүктөрдөн даярдалса, ал "Каракол" ЭЭЧда өндүрүлгөн деп эсептелет.
Эгерде товарлар ата мекендик бөлүктөр же материалдар менен аралашкандыгына же бириктирилгендигине карабастан чет өлкөлүк материалдардан жана (же) бөлүктөрдөн өндүрүлгөн болсо, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жетиштүү кайра иштетүүнүн талаптарына жооп берген шартта "Каракол" ЭЭЧда өндүрүлгөн деп эсептелет.
35. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларга "Каракол" ЭЭЧинде кайра иштетилген даражасына, бүтүмдүн көлөмүнө жана сатып алуучунун ким экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Каракол" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына берилүүчү чет өлкөлүк товарларга Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык бажылык алымдар төлөнөт жана салык салынууга тийиш.
36. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Каракол" ЭЭЧнын аймагына алып келинген жана "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Каракол" ЭЭЧнын аймагынан алып чыгарылган товарларды бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргүзүлөт.
37. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими алдына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык "Каракол" ЭЭЧнын аймагына алып келүүгө тыюу салынган товарларды жайгаштырууга болбойт.
38. Юридикалык жак "Каракол" ЭЭЧнын субъекти макамынан айрылгандан кийин "Каракол" ЭЭЧнын аймагына юридикалык жак алып келген товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими алдында жайгаштырылышы мүмкүн эмес.
39. Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген "Каракол" ЭЭЧнын аймагына киргизилүүчү товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык колдонулат.
6. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери жана чет өлкөлүк инвесторлору үчүн мамлекеттик кепилдиктер
40. "Каракол" ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен "Каракол" ЭЭЧнын субъекттерине кепилдиктер белгиленет.
41. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттерине Кыргыз Республикасынын инвестициялык иштер жөнүндөгү мыйзамдарында каралган инвесторлордун укугун жана инвестицияларды коргоонун кепилдиктери колдонулат.
42. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк инвестицияларды укуктук жактан коргоо кепилденет.
43. Чет өлкөлүк инвестор ("Каракол" ЭЭЧнын субъекти) менен "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
44. "Каракол" ЭЭЧнын аймагында чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнүн жана чыгуусунун жөнөкөйлөтүлгөн режими иштейт.
"Каракол" ЭЭЧ үчүн чет өлкөлүк жарандардын кирүү жана чыгуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
45. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
7. "Каракол" ЭЭЧнын башкармалыгы
46. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы "Каракол" ЭЭЧнын иштешине жана өнүгүшүнө жетекчиликти, ошондой эле анын карамагына кирген маселелер боюнча "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин координациялоону ишке ашыруучу эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкаруучу органы болуп саналат.
47. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри мыйзамдарда белгиленген тартипте "Каракол" ЭЭЧнын башкы директорун жана анын орун басарларын дайындайт жана бошотот.
48. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары алардын компетенциясына тийиштүү маселелерди чечүүдө, эгер алар "Каракол" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын козгой турган болсо, "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча аракет кылышат. Кайчы пикирлер пайда болгон учурда алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилет.
49. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын карыздары жана милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, Кыргыз Республикасы "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын карыздары жана милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.
50. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды эсептик каттоону ишке ашыруу;
2) "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү, "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
3) "Каракол" ЭЭЧда иштөө шарттары жөнүндө келишим түзүүгө юридикалык жактар берген билдирмелерди кароо;
4) "Каракол" ЭЭЧнын субъектисинин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
5) "Каракол" ЭЭЧнын иштери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын жактоо;
6) "Каракол" ЭЭЧда инвестициялык жана ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүнүн шарттарын чагылдыруу, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорду тартуу максатында Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жарнамалык, маалыматтык иштерди жүзөгө ашыруу;
7) "Каракол" ЭЭЧнын иштери тууралуу маалыматтарды жалпыга тааныштыруу үчүн аны ачык пайдаланууну, анын ичинде "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын сайтына милдеттүү түрдө жайгаштыруу менен камсыз кылуу;
8) ЭЭЧны өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуудан кийин "Каракол" ЭЭЧнын иштөө шарттары тууралуу типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;
9) "Каракол" ЭЭЧинде иштөөнүн шарттары тууралуу келишимди түзүү жана/же узартуу жана алардын аткарылышын контролдоону ишке ашыруу;
10) "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери катары алардын иши тууралуу маалыматтарды "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринен алуу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Каракол" ЭЭЧнын субъектисинин макамынан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясына оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тескөө;
13) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Каракол" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү жөнүндө сунуш менен кайрылуу;
14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
51."Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) "Каракол" ЭЭЧнын жана анын компетенциясын чегинде республиканын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо;
2) отчеттук мезгил үчүн "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетторду квартал сайын тапшыруу (ЭЭЧны өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форматка ылайык);
3) "Каракол" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү;
4) "Каракол" ЭЭЧны заманбап талаптарга жооп берген инженердик курулмалар жана инфратүзүм менен куруу жана аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдалануу;
5) жер участоктор жана жайлар, сунушталган жер участоктор жана жайларга нарктын белгиленген тарифтери, "Каракол" ЭЭЧнын субъекттерин каттоо жана макамынан ажыратуу шарттары жана "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жүргүзүү үчүн башка шарттар тууралуу толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген "Каракол" ЭЭЧнын расмий сайтын иштеп чыгуу жана колдоо;
6) "Каракол" ЭЭЧнын ички коопсуздугунун эрежелерин белгилөө жана сактоо;
7) "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын түзүмүн жана штаттык санын аныктоо;
8) "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин кабыл алуу жана бошотуу.