|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтому менен бекитилген |
"Лейлек" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана "Лейлек" эркин экономикалык чөлкөмүндөгү (мындан ары - "Лейлек" ЭЭЧ) чарбалык жана тышкы экономикалык иштин укуктук негиздерин аныктайт.
2. "Лейлек" ЭЭЧны түзүүнүн максаты регионду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестицияларды, технологияларды тартууга жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, өндүрүштү, унаа инфратүзүмүн, заманбап өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өнүктүрүү, рынокторду товарлар менен толтуруу, калктын жашоо турмушунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
3. "Лейлек" ЭЭЧнын иши жана "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды каттоо менен байланышкан мамилелер "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, салык жана бажы мыйзамдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда каралгандан башкача эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
5. "Лейлек" ЭЭЧ функциялык типтеги ЭЭЧ болуп саналат, анын тосмо тургузулган аймагы жана чек аралары, бюджети, башкаруунун өздүк органдары бар.
6. "Лейлек" ЭЭЧ Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылынын чек араларында (контур № 101 - 81,0 га, 102 - 14,0 га) 100 га аянттагы участокто жайгашкан.
2. "Лейлек" ЭЭЧны уюштуруунун жана анын иштешинин шарттары
7. "Лейлек" ЭЭЧ Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине бажылык контролдоо жана бажылык жөнгө салуу менен камсыз кылына турган атайын бөлүнгөн аймакта түзүлөт.
8. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык режими колдонулган "Лейлек" ЭЭЧнын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар, анын ичинде тосмо орнотуу боюнча талаптар, ошондой эле "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Бажы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмонун же бажылык контролдоонун башка шарттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн бышыктайт.
9. Эгерде ушул бапта башкача каралбаса, ушул Жобонун 7-пунктунда каралган шарттар сакталбаган учурда "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерине жалпы салыктык режим колдонулат.
10. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактаган шартта ата мекендик жана чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарбалык ишти жүргүзө алышат.
11."Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзөт.
12. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерин алар тарабынан бажы, салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргүзүлөт.
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган учурлардан тышкары, каалаган мамлекеттик орган тарабынан "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин чарбалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
3. "Лейлек" ЭЭЧны каржылоо жана өзгөчө валюталык режим
14. "Лейлек" ЭЭЧны түзүүгө жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды, анын ичинде өндүрүштүк, инженердик, унаалык жана башка инфратүзүмдүк, "Лейлек" ЭЭЧнын иштеши менен байланышкан башка чыгымдарды, ошондой эле башкы дирекцияны күтүүгө каралган сарптоолорду каржылоо республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен, "Лейлек" ЭЭЧнын өздүк бюджетинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы жыл сайын келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзөт.
16. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөм эсеп фактураларды жана жүктүк бажылык декларацияларды тариздөө бүткөндө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча каражаттарынын 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөрдөн жана "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери менен түзгөн келишимдер боюнча төлөмдөрдөн башка төлөмдөр каралбайт.
17. "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында өзгөчө валюталык режим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык кызмат көрсөтүүдө жана юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы эсептешүүлөрдө чет өлкөлүк валютанын эркин жүгүртүлүшүн карайт.
18. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин тышкы соода ишинин чет өлкөлүк катышуучулары менен болгон эсептешүүлөрү тараптардын макулдугу боюнча каалагандай валютада жүргүзүлөт.
4. Салыктык милдеттенмелерди жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу
19. Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары каттоо же юридикалык жак тарабынан ЭЭЧнын субъекти катары макамын жоготуу Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары эсептик каттоо тартибине ылайык жүргүзүлөт.
20. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине карата жеңилдетилген салыктык режим бажы иштери чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмолордун же башка шарттардын "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерин бажылык контролдоо талаптарына шайкештигин бышыктаган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги 57-бапка ылайык колдонулат.
21. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекти мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалдануу боюнча иштеп жаткан жеке жактарды мамлекеттик социалдык камсыздандырат.
22. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери бухгалтердик эсеп жөнүндө тартипке жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жана финансылык-чарбалык иш тууралуу отчеттуулукту жүргүзөт.
5. "Лейлек" ЭЭЧда колдонулуучу бажы режими
23. "Лейлек" ЭЭЧнын аймагы Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоонун ченемдерин сактоо максатында Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын бөлүгү болуп саналат.
24. Эркин бажы чөлкөмү - бажы режими, мында "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери бажы алымдарын, салыкты төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонбостон жана ата мекендик товарларга карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон "Лейлек" ЭЭЧнын аймагынын чектеринде товарларды жайгаштырат жана колдонушат.
Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режиминде "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына товарларды жайгаштыруунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
25. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажылык контролдоону камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында колдонулат.
26. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына алып келген товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режиминин шарттарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына жайгаштырылат жана колдонулат.
"Лейлек" ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын субъектиси тандап алган бажы режиминин шарттарында ишке ашырылат.
27. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими колдонулуучу "Лейлек" ЭЭЧнын аймагы бажылык контролдоонун чөлкөмү болуп саналат. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин товарларын бажылык контролдоо жана бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
28. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына алып келген жана эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режимине жайгаштырылган товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу максаты үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары турган товарлар катары каралат.
29. "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына башка өлкөлөрдөн кайра иштетүү жана андан кийин башка өлкөлөргө алып чыгуу үчүн алып келинген товарлар милдеттүү декларацияланууга тийиш.
30. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, ошондой эле "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери иштеген товарлар менен болгон операцияларды контролдойт жана эсепке алат.
31. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекти "Лейлек" ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын калган бажы аймагына алып чыгуучу товарларга карата:
1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык колдонулат.
32. Эгер товар толук бойдон өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген критерийлерге ылайык жетиштүү иштетилген/кайра иштетилген болсо, анда товар "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.
33. "Лейлек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо Кыргыз Республикасынын бажы аймагына экспорттоону кошпогондо, квотадан жана уруксаттамалоодон бошотулат, анын көлөмү жыл ичинде "Лейлек" ЭЭЧнын ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашпашы керек.
"Лейлек" ЭЭЧнын субъекти тарабынан ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын бажы аймагына экспорттоонун көлөмү белгиленген квотадан ашкан учурда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Лейлек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого белгиленген квотанын сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ишке ашырат.
34. Эгерде товар толук бойдон жергиликтүү өндүрүштөгү материалдардан жана (же) бөлүктөрдөн даярдалса, ал "Лейлек" ЭЭЧда өндүрүлгөн деп эсептелет.
Эгерде товарлар ата мекендик бөлүктөр же материалдар менен аралашкандыгына же бириктирилгендигине карабастан чет өлкөлүк материалдардан жана (же) бөлүктөрдөн өндүрүлгөн болсо, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жетиштүү кайра иштетүүнүн талаптарына жооп берген шартта "Лейлек" ЭЭЧда өндүрүлгөн деп эсептелет.
35. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларга "Лейлек" ЭЭЧинде кайра иштетилген даражасына, бүтүмдүн көлөмүнө жана сатып алуучунун ким экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына берилүүчү чет өлкөлүк товарларга Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык бажылык алымдар төлөнөт жана салык салынууга тийиш.
36. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына алып келинген жана "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Лейлек" ЭЭЧнын аймагынан алып чыгарылган товарларды бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргүзүлөт.
37. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими алдына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына алып келүүгө тыюу салынган товарларды жайгаштырууга болбойт.
38. Юридикалык жак "Лейлек" ЭЭЧнын субъекти макамынан айрылгандан кийин "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына юридикалык жак алып келген товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими алдында жайгаштырылышы мүмкүн эмес.
39. Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына киргизилүүчү товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык колдонулат.
6. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери жана чет өлкөлүк инвесторлору үчүн мамлекеттик кепилдиктер
40. "Лейлек" ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерине кепилдиктер белгиленет.
41. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерине Кыргыз Республикасынын инвестициялык иштер жөнүндөгү мыйзамдарында каралган инвесторлордун укугун жана инвестицияларды коргоонун кепилдиктери колдонулат.
42. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк инвестицияларды укуктук жактан коргоо кепилденет.
43. Чет өлкөлүк инвестор ("Лейлек" ЭЭЧнын субъекти) менен "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
44. "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнүн жана чыгуусунун жөнөкөйлөтүлгөн режими иштейт.
"Лейлек" ЭЭЧ үчүн чет өлкөлүк жарандардын кирүү жана чыгуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
45. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
7. "Лейлек" ЭЭЧнын башкармалыгы
46. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы "Лейлек" ЭЭЧнын иштешине жана өнүгүшүнө жетекчиликти, ошондой эле анын карамагына кирген маселелер боюнча "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин координациялоону ишке ашыруучу эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкаруучу органы болуп саналат.
47. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри мыйзамдарда белгиленген тартипте "Лейлек" ЭЭЧнын башкы директорун жана анын орун басарларын дайындайт жана бошотот.
48. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары алардын компетенциясына тийиштүү маселелерди чечүүдө, эгер алар "Лейлек" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын козгой турган болсо, "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча аракет кылышат. Кайчы пикирлер пайда болгон учурда алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилет.
49. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын карыздары жана милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, Кыргыз Республикасы "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын карыздары жана милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.
50. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды эсептик каттоону ишке ашыруу;
2) "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү, "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
3) "Лейлек" ЭЭЧда иштөө шарттары жөнүндө келишим түзүүгө юридикалык жактар берген билдирмелерди кароо;
4) "Лейлек" ЭЭЧнын субъектисинин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
5) "Лейлек" ЭЭЧнын иштери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын жактоо;
6) "Лейлек" ЭЭЧда инвестициялык жана ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүнүн шарттарын чагылдыруу, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорду тартуу максатында Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жарнамалык, маалыматтык иштерди жүзөгө ашыруу;
7) "Лейлек" ЭЭЧнын иштери тууралуу маалыматтарды жалпыга тааныштыруу үчүн аны ачык пайдаланууну, анын ичинде "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын сайтына милдеттүү түрдө жайгаштыруу менен камсыз кылуу;
8) ЭЭЧны өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуудан кийин "Лейлек" ЭЭЧнын иштөө шарттары тууралуу типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;
9) "Лейлек" ЭЭЧинде иштөөнүн шарттары тууралуу келишимди түзүү жана/же узартуу жана алардын аткарылышын контролдоону ишке ашыруу;
10) "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары алардын иши тууралуу маалыматтарды "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринен алуу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын субъектисинин макамынан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тескөө;
13) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Лейлек" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү жөнүндө сунуш менен кайрылуу;
14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
51."Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын жана анын компетенциясын чегинде республиканын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо;
2) отчеттук мезгил үчүн "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетторду квартал сайын тапшыруу (ЭЭЧны өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форматка ылайык);
3) "Лейлек" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү;
4) "Лейлек" ЭЭЧны заманбап талаптарга жооп берген инженердик курулмалар жана инфратүзүм менен куруу жана аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдалануу;
5) жер участоктор жана жайлар, сунушталган жер участоктор жана жайларга нарктын белгиленген тарифтери, "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерин каттоо жана макамынан ажыратуу шарттары жана "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жүргүзүү үчүн башка шарттар тууралуу толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген "Лейлек" ЭЭЧнын расмий сайтын иштеп чыгуу жана колдоо;
6) "Лейлек" ЭЭЧнын ички коопсуздугунун эрежелерин белгилөө жана сактоо;
7) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын түзүмүн жана штаттык санын аныктоо;
8) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин кабыл алуу жана бошотуу.