|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтому менен бекитилген |
"Нарын" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмүндөгү (мындан ары - "Нарын" ЭЭЧ) чарбалык жана тышкы экономикалык иштин укуктук негиздерин аныктайт.
2. "Нарын" ЭЭЧны түзүүнүн максаты регионду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестицияларды, технологияларды тартууга жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, өндүрүштү, унаа инфратүзүмүн, заманбап өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өнүктүрүү, рынокторду товарлар менен толтуруу, калктын жашоо турмушунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
3. "Нарын" ЭЭЧнын иши жана "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды каттоо менен байланышкан мамилелер "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, салык жана бажы мыйзамдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда каралгандан башкача эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
5. "Нарын" ЭЭЧ функциялык типтеги ЭЭЧ болуп саналат, анын тосмо тургузулган аймагы жана чек аралары, бюджети, башкаруунун өздүк органдары бар.
6. "Нарын" ЭЭЧ Нарын облусунун Нарын шаарынын, Жумгал, Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун административдик чек араларында жайгашкан.
2. "Нарын" ЭЭЧны уюштуруунун жана анын иштешинин шарттары
7. "Нарын" ЭЭЧ Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине бажылык контролдоо жана бажылык жөнгө салуу менен камсыз кылына турган атайын бөлүнгөн аймакта түзүлөт.
8. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык режими колдонулган "Нарын" ЭЭЧнын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар, анын ичинде тосмо орнотуу боюнча талаптар, ошондой эле "Нарын" ЭЭЧнын аймагында "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Бажы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмонун же бажылык контролдоонун башка шарттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн бышыктайт.
9. Эгерде ушул бапта башкача каралбаса, ушул Жобонун 7-пунктунда каралган шарттар сакталбаган учурда "Нарын" ЭЭЧнын субъекттерине жалпы салыктык режим колдонулат.
10. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери "Нарын" ЭЭЧнын аймагында "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактаган шартта ата мекендик жана чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарбалык ишти жүргүзө алышат.
11. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзөт.
12. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттерин алар тарабынан бажы, салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргүзүлөт.
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган учурлардан тышкары, каалаган мамлекеттик орган тарабынан "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин чарбалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
3. "Нарын" ЭЭЧны каржылоо жана өзгөчө валюталык режим
14. "Нарын" ЭЭЧны түзүүгө жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды, анын ичинде өндүрүштүк, инженердик, унаалык жана башка инфратүзүмдүк, "Нарын" ЭЭЧнын иштеши менен байланышкан башка чыгымдарды, ошондой эле башкы дирекцияны күтүүгө каралган сарптоолорду каржылоо республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен, "Нарын" ЭЭЧнын өздүк бюджетинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы жыл сайын келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзөт.
16. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери катары "Нарын" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөм эсеп фактураларды жана жүктүк бажылык декларацияларды тариздөө бүткөндө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча каражаттарынын 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөрдөн жана "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери менен түзгөн келишимдер боюнча төлөмдөрдөн башка төлөмдөр каралбайт.
17. "Нарын" ЭЭЧнын аймагында өзгөчө валюталык режим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык кызмат көрсөтүүдө жана юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы эсептешүүлөрдө чет өлкөлүк валютанын эркин жүгүртүлүшүн карайт.
18. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин тышкы соода ишинин чет өлкөлүк катышуучулары менен болгон эсептешүүлөрү тараптардын макулдугу боюнча каалагандай валютада жүргүзүлөт.
4. Салыктык милдеттенмелерди жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу
19. Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары каттоо же юридикалык жак тарабынан ЭЭЧнын субъекти катары макамын жоготуу Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары эсептик каттоо тартибине ылайык жүргүзүлөт.
20. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине карата жеңилдетилген салыктык режим бажы иштери чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмолордун же башка шарттардын "Нарын" ЭЭЧнын субъекттерин бажылык контролдоо талаптарына шайкештигин бышыктаган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги 57-бапка ылайык колдонулат.
21. "Нарын" ЭЭЧнын субъекти мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалдануу боюнча иштеп жаткан жеке жактарды мамлекеттик социалдык камсыздандырат.
22. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери бухгалтердик эсеп жөнүндө тартипке жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жана финансылык-чарбалык иш тууралуу отчеттуулукту жүргүзөт.
5. "Нарын" ЭЭЧда колдонулуучу бажы режими
23. "Нарын" ЭЭЧнын аймагы Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоонун ченемдерин сактоо максатында Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын бөлүгү болуп саналат.
24. Эркин бажы чөлкөмү - бажы режими, мында "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери бажы алымдарын, салыкты төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонбостон жана ата мекендик товарларга карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон "Нарын" ЭЭЧнын аймагынын чектеринде товарларды жайгаштырат жана колдонушат.
Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режиминде "Нарын" ЭЭЧнын аймагына товарларды жайгаштыруунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
25. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажылык контролдоону камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган "Нарын" ЭЭЧнын аймагында колдонулат.
26. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери "Нарын" ЭЭЧнын аймагына алып келген товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режиминин шарттарына ылайык "Нарын" ЭЭЧнын аймагына жайгаштырылат жана колдонулат.
"Нарын" ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык "Нарын" ЭЭЧнын субъектиси тандап алган бажы режиминин шарттарында ишке ашырылат.
27. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими колдонулуучу "Нарын" ЭЭЧнын аймагы бажылык контролдоонун чөлкөмү болуп саналат. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин товарларын бажылык контролдоо жана бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
28. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери "Нарын" ЭЭЧнын аймагына алып келген жана эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режимине жайгаштырылган товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу максаты үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары турган товарлар катары каралат.
29. "Нарын" ЭЭЧнын аймагына башка өлкөлөрдөн кайра иштетүү жана андан кийин башка өлкөлөргө алып чыгуу үчүн алып келинген товарлар милдеттүү декларацияланууга тийиш.
30. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, ошондой эле "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери иштеген товарлар менен болгон операцияларды контролдойт жана эсепке алат.
31. "Нарын" ЭЭЧнын субъекти "Нарын" ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын калган бажы аймагына алып чыгуучу товарларга карата:
1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык колдонулат.
32. Эгер товар толук бойдон өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген критерийлерге ылайык жетиштүү иштетилген/кайра иштетилген болсо, анда товар "Нарын" ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.
33. "Нарын" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо Кыргыз Республикасынын бажы аймагына экспорттоону кошпогондо, квотадан жана уруксаттамалоодон бошотулат, анын көлөмү жыл ичинде "Нарын" ЭЭЧнын ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашпашы керек.
"Нарын" ЭЭЧнын субъекти тарабынан ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын бажы аймагына экспорттоонун көлөмү белгиленген квотадан ашкан учурда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Нарын" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого белгиленген квотанын сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ишке ашырат.
34. Эгерде товар толук бойдон жергиликтүү өндүрүштөгү материалдардан жана (же) бөлүктөрдөн даярдалса, ал "Нарын" ЭЭЧда өндүрүлгөн деп эсептелет.
Эгерде товарлар ата мекендик бөлүктөр же материалдар менен аралашкандыгына же бириктирилгендигине карабастан чет өлкөлүк материалдардан жана (же) бөлүктөрдөн өндүрүлгөн болсо, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жетиштүү кайра иштетүүнүн талаптарына жооп берген шартта "Нарын" ЭЭЧда өндүрүлгөн деп эсептелет.
35. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларга "Нарын" ЭЭЧинде кайра иштетилген даражасына, бүтүмдүн көлөмүнө жана сатып алуучунун ким экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Нарын" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына берилүүчү чет өлкөлүк товарларга Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык бажылык алымдар төлөнөт жана салык салынууга тийиш.
36. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Нарын" ЭЭЧнын аймагына алып келинген жана "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Нарын" ЭЭЧнын аймагынан алып чыгарылган товарларды бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргүзүлөт.
37. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими алдына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык "Нарын" ЭЭЧнын аймагына алып келүүгө тыюу салынган товарларды жайгаштырууга болбойт.
38. Юридикалык жак "Нарын" ЭЭЧнын субъекти макамынан айрылгандан кийин "Нарын" ЭЭЧнын аймагына юридикалык жак алып келген товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими алдында жайгаштырылышы мүмкүн эмес.
39. Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген "Нарын" ЭЭЧнын аймагына киргизилүүчү товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык колдонулат.
6. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери жана чет өлкөлүк инвесторлору үчүн мамлекеттик кепилдиктер
40. "Нарын" ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен "Нарын" ЭЭЧнын субъекттерине кепилдиктер белгиленет.
41. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттерине Кыргыз Республикасынын инвестициялык иштер жөнүндөгү мыйзамдарында каралган инвесторлордун укугун жана инвестицияларды коргоонун кепилдиктери колдонулат.
42. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк инвестицияларды укуктук жактан коргоо кепилденет.
43. Чет өлкөлүк инвестор ("Нарын" ЭЭЧнын субъекти) менен "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
44. "Нарын" ЭЭЧнын аймагында чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнүн жана чыгуусунун жөнөкөйлөтүлгөн режими иштейт.
"Нарын" ЭЭЧ үчүн чет өлкөлүк жарандардын кирүү жана чыгуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
45. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
7. "Нарын" ЭЭЧнын башкармалыгы
46. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы "Нарын" ЭЭЧнын иштешине жана өнүгүшүнө жетекчиликти, ошондой эле анын карамагына кирген маселелер боюнча "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин координациялоону ишке ашыруучу эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкаруучу органы болуп саналат.
47. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри мыйзамдарда белгиленген тартипте "Нарын" ЭЭЧнын башкы директорун жана анын орун басарларын дайындайт жана бошотот.
48. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары алардын компетенциясына тийиштүү маселелерди чечүүдө, эгер алар "Нарын" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын козгой турган болсо, "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча аракет кылышат. Кайчы пикирлер пайда болгон учурда алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилет.
49. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын карыздары жана милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, Кыргыз Республикасы "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын карыздары жана милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.
50. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды эсептик каттоону ишке ашыруу;
2) "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү, "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
3) "Нарын" ЭЭЧда иштөө шарттары жөнүндө келишим түзүүгө юридикалык жактар берген билдирмелерди кароо;
4) "Нарын" ЭЭЧнын субъектисинин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
5) "Нарын" ЭЭЧнын иштери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын жактоо;
6) "Нарын" ЭЭЧда инвестициялык жана ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүнүн шарттарын чагылдыруу, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорду тартуу максатында Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жарнамалык, маалыматтык иштерди жүзөгө ашыруу;
7) "Нарын" ЭЭЧнын иштери тууралуу маалыматтарды жалпыга тааныштыруу үчүн аны ачык пайдаланууну, анын ичинде "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын сайтына милдеттүү түрдө жайгаштыруу менен камсыз кылуу;
8) ЭЭЧны өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуудан кийин "Нарын" ЭЭЧнын иштөө шарттары тууралуу типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;
9) "Нарын" ЭЭЧинде иштөөнүн шарттары тууралуу келишимди түзүү жана/же узартуу жана алардын аткарылышын контролдоону ишке ашыруу;
10) "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери катары алардын иши тууралуу маалыматтарды "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринен алуу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Нарын" ЭЭЧнын субъектисинин макамынан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясына оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тескөө;
13) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Нарын" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү жөнүндө сунуш менен кайрылуу;
14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
51. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) "Нарын" ЭЭЧнын жана анын компетенциясын чегинде республиканын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо;
2) отчеттук мезгил үчүн "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетторду квартал сайын тапшыруу (ЭЭЧны өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форматка ылайык);
3) "Ыарын" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү;
4) "Нарын" ЭЭЧны заманбап талаптарга жооп берген инженердик курулмалар жана инфратүзүм менен куруу жана аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдалануу;
5) жер участоктор жана жайлар, сунушталган жер участоктор жана жайларга нарктын белгиленген тарифтери, "Нарын" ЭЭЧнын субъекттерин каттоо жана макамынан ажыратуу шарттары жана "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жүргүзүү үчүн башка шарттар тууралуу толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген "Нарын" ЭЭЧнын расмий сайтын иштеп чыгуу жана колдоо;
6) "Нарын" ЭЭЧнын ички коопсуздугунун эрежелерин белгилөө жана сактоо;
7) "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын түзүмүн жана штаттык санын аныктоо;
8) "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин кабыл алуу жана бошотуу.