Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-августу № 439
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бала асыраган ата-энелердин эмгегине акы төлөө маселелерин жана баланы багууга кеткен чыгымдарды жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 670 "Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 158-беренесине ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 80-беренесине ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө жободо:
- мамлекеттик тилдеги редакциясынын 4-пунктундагы "Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы балдар алынышы мүмкүн" деген сөздөр "Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого 16 жашка чейинки курактагы 3 бала алынышы мүмкүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12- пункттагы "12" цифралары "11" цифраларына алмаштырылсын;
- 13-пункттун биринчи абзацындагы "же баланы шашылыш жайгаштырган учурдан тартып үч күндүн ичинде" деген сөздөр алып салынсын;
-14-пункттун экинчи абзацындагы "же баланы шашылыш жайгаштыргандан кийин үч сутканын ичинде" деген сөздөр алып салынсын;
- 19, 20, 21, 26-пункттардагы "17" цифралары "16" цифраларына алмаштырылсын;
- 20-пункт "адамдын турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү актысынын" деген сөздөрдөн кийин ", талапкер менен өткөрүлгөн маектешүүнүн жыйынтыктарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 21-пункттун экинчи абзацындагы "эки жыл" деген сөздөр "бир жыл" деген сөздөргө алмаштырылсын, "ошондой эле ушул Жобонун 18, 19-пункттарынын талаптары аткарылбаса," деген сөздөр алып салынсын;
- 33-пункттун биринчи абзацындагы "Келишимге ылайык" деген сөздөр "кыска мөөнөттүү жайгаштырууда айына бир жолудан кем эмес, орто жана узак мөөнөттүү жайгаштырууда үч айда бир жолудан кем эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 35-пункттун жетинчи абзацы "бала жөнүндө кам көрүү" деген сөздөрдөн мурда "баланы багып алуучу үй-бүлөгө шашылыш жайгаштыруудан тышкары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 48-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "Багып алуучу ата-энелердин эмгек акысын төлөө системасында төлөнүүчү өргүү каралат." деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы төртүнчү-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Кошумча алынган балдарды багууга кеткен чыгымдар ар бир бала үчүн эсептелет.
Багып алуучу ата-энелер өз милдеттерин толук эмес календарлык ай аткарган учурда, баланы багууга кеткен чыгымдар (тамактануу, медициналык, унаалык жана башка) жана багып алган ата-энелердин эмгек акысын төлөө бала багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштырылган календарлык күндүн санына жараша эсептелет.
Коммуналдык кызматтарды төлөө жана жууп-тазалагыч каражаттарды алуу боюнча чыгымдарга каражаттар бала үй-бүлөгө толук календарлык айга жайгаштырылган учурда каралат.
Бала багып алуучу үй-бүлөгө 30 календарлык күнгө чейинки мөөнөткө жайгаштырылган учурда кийим, бут кийим жана шейшеп алууга каражат каралбайт. Аталган буюмдар менен баланы камсыз кылуу багып алуучу ата-энелер тарабынан ишке ашырылат.
Бала багып алуучу үй-бүлөгө 30 календарлык күндөн ашкан мөөнөткө жайгаштырылганда кийимди, бут кийимди алууга каражат каралат жана сезонго жараша (кыш, жаз, жай, күз) бөлүнөт, ал эми шейшеп алууга каражаттар баланы бирден эки айга чейин жайгаштырганда бир комплект, эки айдан бир жылга чейин жайгаштырганда - эки комплект каралат.";
- 50-пункттагы "жарым жылда бир жолу" деген сөздөр "ай сайын жана келишимдин мөөнөтү аяктаганда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө Жобонун "Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) тарбиялоого берүү жөнүндө типтүү келишим" деген тиркемесинде:
- 2.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 670 "Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө" токтому менен бекитилген 3-тиркемесине ылайык өткөн ай үчүн, баланы багууга жана багып алган ата-эненин эмгегине төлөөнүүчү акча каражаттары багып алган үй-бүлөнүн банктагы эсебине келерки айдын 20сынан кечиктирбестен ай сайын которулат";
- 2.3 жана 2.4-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык стандарттарда:
- 14-пункттагы ", бирок календарлык 6 айдан көп эмес" деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"16. Бала мекемеге Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жиберилет.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомуна тиркеме |
"3-тиркеме
Багып алган бир баланы багууга кетүүчү чыгымдардын беренеси | Багып алган бир баланы багууга кетүүчү чыгым |
Тамактануу (бир күнгө) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык |
Кир жуучу каражаттар (бир айга) | 100 сом |
Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө (электр энергиясына, газ, суу, таштанды чыгаруу үчүн бир айга төлөө) | Чыгым: электр энергия - 25 киловатт; газ - 3 куб.м; суу - тариф боюнча; таштанды чыгаруу - тариф боюнча |
Кийим-кече жана бут кийим сатып алуу (1 сезонго) | 2000 сомго чейин ырастоочу документтерге (касса чеги, сатып алуу актысы, патент) ылайык |
Шейшептерди сатып алуу (баланы бирден эки айга чейин жайгаштырганда бир комплект каралат, эки айдан бир жылга чейин жайгаштырганда - эки комплект) | Шейшеп комплекти (400 сом х 2 = 800 сом) сатып алгандыгы жөнүндө ырастоочу документтерге (кассалык чек, сатып алуу актысы, патент) ылайык |
Медициналык, унаалык жана башка кызматтар (бир айга) | 1000 сом |
Багып алган ата-эненин (бала багып алган үй-бүлөнүн) эмгек акысы | Багып алган ата-эненин (багып алган үй-бүлөнүн) эмгек акысынын бир айлык өлчөмү 6000 сомду түзөт. |
".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-августу № 439
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
Бала асыраган ата-энелердин эмгегине акы төлөө маселелерин жана баланы багууга кеткен чыгымдарды жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык стандарттарда:
- 14-пункттагы ", бирок календарлык 6 айдан көп эмес" деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"16. Бала мекемеге Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жиберилет.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомуна тиркеме |
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ