Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 449
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана автоунаа менен жүк ташуунун таасирдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жака транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибинин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи-он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"салмак габариттик контролдоо пункту - атайын кызматтык турак жай, керектүү техникалык каражаттар жана курулмалар менен жабдылган, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча салмак габариттик параметрлеринин жүк ташуучулар тарабынан сакталышын жол уюмдарынын кызматчылары контролдой турган орун, ошондой эле ага бекитилген жоопкерчилик зонасы;
салмак габариттик контролдоонун мобилдик тобу - автотранспорт каражаттарынын салмак параметрлерин өлчөө үчүн керектүү жабдуулар (портативдүү автомобилдик таразалар) менен жабдылган жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору аркылуу транспорттук каражаттар менен оор салмактагы жүктөрдү ташуу жаатындагы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин талаптарынын жүк ташуучулар тарабынан сакталышын контролдоо үчүн арналган атайын транспорт каражаты;
салмак габариттик контролдоо пунктунун жоопкерчилик зонасы - жолго (жерге) жанаша жайгашкан участок менен салмак габариттик контролдоонун стационардык пунктунун аймагы, анын чегинде жол уюмдарынын кызматкерлери жүк ташууну ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын жүрүүсүн контролдошот.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 20-24-пункттар менен толукталсын:
"
20 | ЭМ-16 | Кочкор - Арал - Төө-Ашуу | Нарын облусу, Жумгал району | Дыйкан - Кара-Кече автожолунун 25-чакырымы | "Турускул" |
21 | ЭМ-13 | Ош - Баткен - Исфана | Баткен облусу, Кадамжай району | Ош - Баткен - Исфана автожолунун 128-чакырымы | "Жийделик" |
22 | ЭМ-13 | Ош - Баткен - Исфана | Баткен облусу, Баткен району | Ош - Баткен - Исфана автожолунун 216-чакырымы | "Баткен" |
23 | ЭМ-01 | Алматы - Ташкент - Термез Чимкент Самарканд аркылуу (Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара - Кара-Балта - Чалдыбар) | Чүй облусу, Сокулук району | Бишкек - Ош автожолунун 16-чакырымы | "Маловодное" |
24 | ЭМ-16 | Кочкор - Арал - Төө-Ашуу | Нарын облусу, Жумгал району | Кочкор - Арал - Төө-Ашуу автожолунун 195-чакырымы | "Арал" |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |