Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14 –августу № 467
Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу
Өндүрүштүн негизги каражаттарын жаңылоо, техникалык тейлөөчү кызматтардын инфраструктурасын кеңейтүү жана өлкөнүн айыл чарбалык субъекттеринин машина-трактордук паркын модернизациялоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) ишке ашыруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында инвестициялык кредитти алуу үчүн атайын эсепти, ошондой эле Долбоор боюнча каражаттарды эсепке алуу үчүн “Кыргыз Республикасына айыл чарбалык техника берүүнү каржылоо” долбоору (мындан ары – Долбоор) иштеген мезгилге карата Кайра төлөнүүчү каражаттардын эсебин ачсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте транштар түрүндө улуттук валютага конвертациялоо менен 20 млн АКШ доллары суммасында 20 жылдык мөөнөттүү бюджеттик кредит берүү жөнүндө макулдашууну Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун (мындан ары – ЕврАзЭстин ККФ) Башкаруучусу менен макулдашсын жана аны “Айыл Банк” ачык акционердик коому менен төмөнкүдөй шарттарда түзсүн:
1) ар бир транштын мөөнөтү – 8 жылга чейин;
2) барымтасыз негизде;
3) проценттик ставка – 5 (беш) процент жылдык;
4) негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил – 12 ай;
5) кредит боюнча карыздын максимум лимити 20 (жыйырма) млн
АКШ долларынан ашпоого тийиш;
- “Айыл Банк” ачык акционердик коому негизги карызды жана Бюджеттик кредит берүү жөнүндө макулдашуу боюнча пайыздарды төлөө үчүн которгон каражаттардын эсебинен лизингди бюджет тарабынан колдоочу мамлекеттик фонд уюштурсун;
- долбоорду ишке ашыруу боюнча отчет түзсүн жана аны Макулдашууда белгиленген мөөнөттөрдө ЕврАзЭстин ККФга берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Долбоорду ишке ашыруу боюнча колдонмону иштеп чыксын жана бекитсин;
- Долбоор боюнча сатып алуулардын планын иштеп чыксын, аны ЕврАзЭстин ККФ менен макулдашсын жана бекитсин;
- сатып алынуучу айыл чарбалык техниканын түрлөрүнүн жана аталыштарынын номенклатуралык тизмесин аныктасын;
- өндүрүүчү заводдордун жана айыл чарбалык техника берүүчү - ЕврАзЭстин ККФга мүчө өлкөлөрдүн маалыматтык базасын түзсүн;
- “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна лизингге берилүүчү айыл чарбалык техниканы айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арыздарына ылайык республиканын облустарына бөлүштүрүүнү сунуштасын;
- “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна техниканы сатып алууга арыздарды топтоодо жардамдашсын.
3. “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна айыл чарбалык техниканы лизингге жана айыл чарбалык техниканы тейлөө боюнча инфраструктуралык объекттерди түзүү жана өнүктүрүү үчүн кредиттерди төмөнкүдөй шарттарда берүү сунушталсын:
1) лизингдин/кредиттин мөөнөтү – 7 (жети) жылга чейин;
2) проценттик ставка – жылдык 9 (тогуз) пайыз;
3) лизинг алуучулардын минимум салымы – лизингдин предметинин наркынын 20 (жыйырма) пайызы;
4) лизинг алуучу биринчи салымды техниканын наркынын 30 (отуз) пайызы өлчөмүндө төлөгөн учурда төлөөнүн кепилдиги болуп лизингдин предметинин өзү, кошумча барымталык мүлк бербестен эсептелет;
5) лизингге алынган техниканы камсыздандыруу жана камсыздандыруучу компанияны тандоо лизинг алуучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ыктыярдуу негизде болсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы кошумча наркка салык боюнча шарттуу салынган суммаларды төлөө боюнча милдеттенмени “Айыл Банк” акционердик коому техниканы лизинг алуучуларга өткөрүп берген учурдан баштап токтотулду деп эсептесин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна лизингге
берилүүчү айыл чарбалык техникага каттоо документтерин тариздөөнү жана берүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздасын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө, агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |