Редакцияот 22.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 22-августу № 476

Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы БУУнун Качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссариатынын Башкармасынын арызынын негизинде, “КАМАЗ-74011” маркасындагы, 2001-жылы чыгарылган, кузовунун № 0000773, кыймылдаткычынын № 24018302, мамлекеттик номери КGBM2280 автомашинаны "мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааны мамлекеттин менчигине өткөрүп алсын;

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааны Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине оперативдүү башкарууга белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааны белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга өткөрүп алсын жана автоунаанын наркына баалоо жүргүзсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев