Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ЧЕЧИМИ
2017-жылдын 19-апрели N 6-р
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарынын, 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров,
судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,
сот жыйналышынын катчысы - С.А.Джолгокпаеванын,
кайрылуучу тарап - Бекзат Муратович Иманкуловдун,
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Султан Жамгырбекович Бокошовдун,
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Нурбек Айтыевич Касымбековдун, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Максат Шамилович Шамиловдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Жылдыз Сейитбековна Бокошованын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Айгерим Иманбековна Жумалиеванын катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9 жана 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарынын жана 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Жаран Б.М.Иманкуловдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарынын жана 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы К.М.Киргизбаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 22-декабрында жаран Б.М.Иманкуловдун "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарын жана 17-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама- каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучу "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарынын, ошондой эле 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку юридикалык билими бар Кыргыз Республикасынын жараны гана Кыргыз Республикасынын судьясы боло алат деп белгилейт.
Арыздануучунун пикири боюнча, бул жоболор Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызматына талапкерлер үчүн чектөөлөрдү киргизүүдө, алардын маанисине караганда, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку юридикалык билими бар, бирок тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы жок жаран Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордун ээлей албайт. Ушуга байланыштуу, арыздануучу судья кызмат ордун ээлөө үчүн юриспруденция магистрлерин "даярдыгы мыктыраак" жана "даярдыгы анчейин" деп бөлүү, алган билиминин белгиси боюнча кодулоо мүнөзүнө ээ жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына карама-каршы келет деп эсептейт.
Ошондой эле кайрылуучу тараптын айтуусу боюнча судьянын кызмат ордун ээлөө үчүн юридикалык билимге карата мындай дифференциацияны киргизүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет, анткени ал эркин эмгектенүүнү, кесипти жана иштин түрүн тандоо укугун чектейт.
Жогоруда баяндалганды негиз кылып, кайрылуучу тарап "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 24-январындагы аныктамасы менен жаран Б.М.Иманкуловдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Жаран Б.М.Иманкулов "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 4-бөлүгү менен берилген укукту пайдаланып, 2017-жылдын 4-апрелинде өзүнүн талабын толуктаган, анда аны менен талашылып жаткан "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 22-беренесинин 1-бөлүгүнө да ылайык келүүсүн текшерүүнү суранууда.
Өтүнүчкө карата келтирилген толуктоодон келип чыккандай, талашылып жаткан ченемдер юриспруденциянын бакалавры академиялык даражасы болгон юриспруденциянын магистри даражасын алган адамдарга гана судья болууга жол берет, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет, ага ылайык мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат. Б.М.Иманкулов мурда юридикалык эмес жогорку билим алган юриспруденциянын магистри Кыргыз Республикасынын судьясы болууга толук укугу бар, анткени юриспруденциянын магистри академиялык даражанын өзү жогорку билимдин болгондугун күбөлөндүрөт деп эсептейт. Ошон үчүн билим деңгээли боюнча мындай дифференциация Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына карама-каршы келүүдө, ага ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык.
Андан тышкары, кайрылуучу тарап аны менен талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына тике карама-каршы келишет, ага ылайык Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат деп болжойт. Б.М.Иманкуловдун пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын бул ченеми мамлекеттик бийликти адамдын укуктары менен эркиндиктерин сактоону камсыздандырууга милдеттендирет. Өз кезегинде мындай укуктардын бири болуп Кыргыз Республикасынын судьясы болуу укугу саналат.
Арыздануучу "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордун ээлөө үчүн конкурстан өтүүдө жарандарга тең эмес шарттар коюлууда, бул мыйзам алдында баары бирдей деп белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдерине карама-каршы келет деп белгилейт.
Ошондой эле Б.М.Иманкулов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгү адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдардын кабыл алынуусуна жол бербейт деп эсептейт. Бирок, юриспруденциянын магистри академиялык даражасы бар, бирок тиешелүү багыт боюнча бакалавр даражасы жок жарандарга Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордун ээлөөгө жол бербеген "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15 жана 17-беренелерине болгон толуктоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган ченемине карама-каршы келет.
Андан тышкары, кайрылуунун субъектинин пикири боюнча, талашылып жаткан ченемдер юриспруденциянын магистри даражасын алган, бирок юриспруденциянын бакалавры даражасы болбогон жарандын юриспруденциянын бакалавры жана магистри даражасын алган адамга салыштырмалуу академиялык даярдыгы анчейин деп болжойт, бул мындай жарандардын кадырын кемсинтет жана адамдын кадыр-баркын басмырлаган аракеттерге тыюуну камтыган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранат.
Жоопкер тараптын өкүлү С.Ж.Бокошов кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок, анткени, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 9-бөлүгү конституциялык мыйзам менен судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптарды бекитүү мүмкүнчүлүгүн карайт. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамда бекитилген судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптардын бири болуп тиешелүү багыт боюнча бакалавр даражасы болгон "юриспруденция" багыты боюнча магистр даражасынын болушу саналат. Ошон үчүн "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын талашылып жаткан жоболору жарандардын конституциялык укуктарын бузбайт жана кодулоочу катары каралышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Н.А.Касымбеков талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт жана кийинки жүйөлөрдү келтирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренеси менен ар кимдин билим алууга укугу бекитилген. Ошону менен бирге, Н.А.Касымбековдун пикири боюнча, кайрылуучу тарап, талапкерлерге коюлган юридикалык билимдин болушу жөнүндө талап айрым талапкерлерди кантип кодулап жаткандыгы тууралуу эч кандай жүйөлөрдү келтирбейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган жарандардын кесипти жана иштин түрүн тандоо укугу тиги же бул кесипке коюлган критерийлерди же талаптарды эске алуу менен жүзөгө ашырылуусу мүмкүн. Судья сот өндүрүшүнүн өзөктүү фигурасы болуп саналат. Соттук процесске катышкан адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо көбүнесе судьянын профессионалдык билимине, ишчил, моралдык, адеп сапаттарына көз каранды. Ушуга байланыштуу, судьяларга коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында да каралган.
Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча Кеңешинин өкүлү М.Ш.Шамилов Б.М.Иманкуловдун кайрылуусун кароону соттун кароосуна калтырды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошованын пикири боюнча, судьянын кызмат ордуна талапкерде юридикалык билимдин болуусунун конституциялык тартипте бекитилиши юридикалык билим кыска мөөнөттүү окутуу программалары боюнча алынбастан, толук кандуу болушу керек экендигин алдын ала аныктайт. Судьялар жүрүм-туруму кынтыксыз гана адамдар болбостон, жогорку кесиптик даярдыгы бар адамдар да болушу керек. Ошон үчүн, судьяларга жүктөлгөн милдеттерди эске алганда конституциялык мыйзам менен бекитилген судьянын билимине коюлган талаптар негиздүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү А.И.Жумалиева талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт, ал эми билим белгилери боюнча жарандарды кодулоо жөнүндө жүйөлөрү негизсиз болуп саналат, анткени жогорку кесиптик билими жана тиешелүү квалификациясы бар адамдар, экинчи жана үчүнчү жогорку билим алгысы келсе, академиялык айырмасын жоюуга байланыштуу окуу мөөнөтүн кыскартуу боюнча артыкчылык алуу менен тиешелүү жогорку кесиптик билим алуу үчүн экинчи жана үчүнчү окуу курстарына тапшырууга укугу бар деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкү жыйынтыктарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын төмөнкүдөй мазмундагы 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацы жана 17-беренесинин 1-бөлүгү саналат:
"15-берене. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына коюлуучу талаптар, аларды шайлоонун тартиби
1. Жогорку сотко 40тан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, "юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесип боюнча он жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны судья болушу мүмкүн.
Жогорку соттун Конституциялык палатасына 40тан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, "юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесип боюнча он беш жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген Кыргыз Республикасынын жараны судья боло алат.
17-берене. Жергиликтүү судьяларга коюлуучу талаптар
1. Жергиликтүү соттордун судьяларына 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес, "юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.".
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" 2008-жылдын 9-июлунда № 141 конституциялык Мыйзам мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинде 2008-жылдын 15-июлунда № 51 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акты болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет болуп саналат, анда мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтерине бөлүнүү принцибине негизделген (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгү, 3-беренеси).
Соттук бийлик мамлекеттик бийликтин бир бутагы катары, укукту, мамлекеттик жана коомдук турмуштун укуктук калыптанууларын ар кандай бузуулардан, аларды ким жасаганына карабастан коргоого милдеттүү. Судьялардын аларга соттук бийликтин коомдук-укуктук милдеттерин аткаруусуна байланыштуу берилген конституциялык-укуктук статусунан келип чыкканда, судьяларга жогорулатылган талаптар коюлат - жогорку профессионализм, компетенттүүлүк, жоопкерчилик, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү даярдыктардын, билимдер жана көндүмдөрдүн болуусу.
Судьялардын компетенттүүлүгү принцип, соттук тутумдун курулушу жана иштешинин негизги башаты катары каралат. Судьялардын укуктук квалификациясын талап кылуу көптөгөн эл аралык-укуктук документтерде бекитилген.
Алсак, соттук органдардын көз карандысыздыгына тийиштүү БУУнун Негизги принциптеринде "соттук кызматка тандалган адамдар бийик моралдык сапаттар жана ыктарга, ошондой эле укук жаатында тиешелүү даярдык жана квалификацияга ээ болуусу керек" деп жар салынат.
Судьянын укуктук даярдыгы, анын квалификациясы судьялык функциянын негизи болуп саналат. Бул судьялыкка талапкерди тандоону да, алардын андан ары кызматында көтөрүлүүсүн да аныктай турган принцип. Судьялардын даярдыгынын даражасына, укуктук компетенттүүлүгүнө алардын жумушунун тикелей натыйжасы катары - сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун жана соттук актыларды түзүүнүн сапаты, ошондой эле коомдун соттук бийликке болгон ишеними көз каранды экени өзгөчө маанилүү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн 2015-жылдын 15-апрелиндеги Чечиминде милдеттердин өзгөчөлүгүнө жана ишмерликтин мүнөзүнө, иш-милдеттерге, мыйзам менен коомдун алдында жоопкерчиликтин деңгээлине жараша судьянын кызматы өзгөчө категорияга бөлүнүп чыгарылат деп көрсөтүлгөн. Ушуга байланыштуу, судьянын кызмат ордуна жогорулатылган талаптар коюлат, алар инсандык сапаттарына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна жогорку стандарттарды белгилөө жана судьялык ыйгарым укуктарды тиешесинче аткарбоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү аркылуу чагылдырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат ордуна талапкер адамдарга талаптарды бекиткен (94-берене). Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 9-бөлүгүндө судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптарды конституциялык Мыйзам менен белгилөө мүмкүнчүлүгү каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын келтирилген диспозитивдик ченеминин мааниси боюнча мыйзам чыгаруучуга судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген талаптардан тышкары кошумча талаптарды белгилөөдө кеңири ыйгарымдар берилген.
Мыйзам чыгаруучу көрсөтүлгөн конституциялык ченемди жүзөгө ашырууда кайрылуунун субъекти конституциялуулугун талашып жаткан судьялардын кызмат ордуна талапкерлердин адистиги боюнча билимине талаптардын деталдаштыруусун караган "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15 жана 17-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизген.
Мыйзам чыгаруучу, кайрылуунун субъекти талашып жаткан ченемдерди кабыл алып жатып, өзүнүн дискрециясынын алкагында иштеген жана соттук корпусту квалификациялуу жана компетенттүү курам менен камсыз кылуу бөлүгүндө жарандардын жана коомдун кызыкчылыгын биринчи кезекте жетекчиликке алган.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүндө камтылган укуктук компетенттүүлүк принциби мыйзам чыгаруучунун судьялардын өзгөчө статусун эске алып, аларга соттук бийликтин алып жүрүүчүлөрү катары квалификациясына жогорку стандарттарды жана башка талаптарды, анын ичинде даярдык деңгээли боюнча талаптарды коюшун болжойт. Бул судьялык квалификациянын деңгээли жогору болушу керек, башкача айтканда, ал судья иштеген чөйрөдө орточо деп саналган деңгээлден жогору, бирок процесстин катышуучуларынын кесипкөй өкүлдөрүнүн даярдык деңгээлинен төмөн болбошу керек дегенди билдирет.
Судьянын компетенттүүлүгүндө жана профессионалдуулугунда жарандардын шектенүүлөрү коомдук бийликтин алып жүрүүчүсү катары алардын аракеттеринин мыйзамдуулугунда жана негиздүүлүгүндө шектенүүлөрдү туудурушу мүмкүн, анткени сот адилеттигин жүзөгө ашыруу негизги конституциялык институттардын, мамлекеттүүлүктүн пайдубал элементтеринин бири болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүү жогорку билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүнө ылайыкташтырылган. Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары киргизилген жана тиешелүү билим берүү программаларын ийгиликтүү аяктаган бакалаврлар жана магистрлер үчүн жалпы талаптар бекитилген. Мындай реформалар жогорку кесиптик билим берүүнү эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоого жана жогорку окуу жайларга тандоо жана кабыл алуу процессин өркүндөтүүгө багытталган болуучу.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жүзөгө ашырууда тиешелүү же тектеш багыт боюнча гана магистр даражасын алууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир катар чечимдери кабыл алынган.
Ошентип, "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 токтому менен Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын Макеттери бекитилген, ага ылайык "магистр" академиялык даражасы тиешелүү багыттама боюнча бакалавр даражасы болгон адамдарга гана ыйгарылышы мүмкүн.
Бул жогорку кесиптик билим берүүнүн биринчи баскычында билим берүү программалары студенттерге тереңдетилип берилбестен, бирок тандап алган адистик боюнча иштөөгө жол берүүсү менен шартталган. "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча укуктун ар кандай тармагын тереңдетип үйрөнүү магистрлерди даярдоодо жогорку кесиптик билим берүүнүн кийинки баскычында гана жүзөгө ашырылат.
Бирок, жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүнүн ченемдик регламентациясына карабастан, ал эми ага ылайык "магистр" программасы боюнча окууга тектеш адистик боюнча "адис" деген квалификацияны адамга ыйгаруу менен ырасталуучу тиешелүү багыт же жогорку кесиптик билими боюнча бакалавр академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку кесиптик билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому болгон адамдар магистр даярдык программасы боюнча кабыл алынуусу керек, бирок "юриспруденция" багыты боюнча "магистр" программасына "юриспруденция" багыты боюнча адистиги болбогон же башка адистик боюнча "бакалавр" даражасы болгон адамдар да кабыл алынууда, алар жогорку окуу жайдан окуусу аяктагандан кийин юриспруденция магистри даражасын алышууда.
Дал ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу соттук корпуска укук жаатында ар тараптуу жана терең билими болбогон адамдардын келүүсүн болтурбоо үчүн "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15 жана 17-беренелеринде судьялардын кызмат ордуна талапкерлердин билимине талаптарды деталдаштырган.
Жогоруда белгиленгендей, соттук органдардын компетенттүүлүгү, көз карандысыздыгы жана калыстыгы адамдын укуктарын коргоо маселесинде чоң мааниге ээ, анткени башка бардык укуктарды жүзөгө ашыруу адилет соттун тиешелүү аткарылуусуна толугу менен көз каранды.
5. Мыйзам жана сот алдында баары тең деген конституциялык жобо укуктук мамлекеттин пайдубал башаттарынын бири. Бул конституциялык принцип биринчи кезекте жыныстык белгилерине, расасына, тилине, майыптуулугуна, этникалык таандыгына, дин тутуусуна, саясий жана башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына негизделген кандайдыр бир айырмалоону, жокко чыгарууну же артыкчылык берүүнү, ошондой эле адамдын жана жарандын коомдук жана жеке турмушундагы ар кандай чөйрөдөгү анын укуктук мүмкүнчүлүктөрүнүн теңдигинин бузулуусуна алып келүүчү башка жагдайларды мыйзамда орнотууга жол бербөөнү болжогон кодулоого каршы мүнөздөгү талап катары түшүнүү керек (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренеси).
Жалпы эрежеден тышкары өзгөчөлүктөр коомдук маанилүү натыйжага жетишүүгө багытталган теңдиктин конституциялык принцибинин жөнгө салуучу таасиринин бөлүгү катары каралууга тийиш, анткени мыйзам алдындагы теңдик нагыз айырмачылыктарды жана алардын мыйзам чыгаруучу тарабынан эске алынуусун жокко чыгарбайт.
Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучунун кайрылуунун субъекти тарабынан "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын талашылып жаткан судьялардын кызмат ордуна талапкерлердин билимине талаптар деген ченемдерин тактоосу жарандардын конституциялык укуктарынын бузулуусуна өзүнөн өзү эле алып келе албайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө жана 20-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келүүчү катары каралышы мүмкүн эмес.
Мындай талаптарды белгилөө, жогоруда белгиленгендей, бийликтин соттук тармагынын бийик деңгээлин, судьянын милдетин аткарып жаткан адамдардын профессионалдык ишмерлигинин спецификалык мүнөзүн колдоо максатында анын уюштуруу жана иштөө милдеттери менен шартталган. Демек, мыйзам чыгаруучу коомдун жана мамлекеттин бир бөлүгүнүн кызыкчылыгын көздөбөстөн, коом менен мамлекеттин бүтүндөй кызыкчылыктарын көздөп келген (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгү).
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 16-декабрындагы Чечиминде баяндалган укуктук көз карашына ылайык эмгектенүү эркиндигине болгон укук ар бир инсандын субъективдүү укугу катары конституциялык-укуктук өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрү менен алдын ала аныкталган жана мамлекет кепилдеген эркиндиктин белгилүү бир даражасын чагылдырат да, инсандын турмуш тирчилигинин негизги чөйрөлөрүнө тиешелүү болуп, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын, маселен, өзүнүн эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого алардын жүзөгө ашыруу формасы болуп саналат.
Жогоруда келтирилген конституциялык жободон улам жарандын белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, ал өзү тандаган иштин түрүнө жана кесибине ылайык конкреттүү жумушту аткаруу жана кимдир бирөөнүн мындай жумушту же кызмат ордун ага берүү милдети да келип чыкпайт. Эмгек эркиндиги ар бирине башка жарандар менен бирдей шарттарда жана өзүнүн эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланып, эч кандай кодулоосуз эмгек мамилелерин түзүүгө мүмкүнчүлүктү камсыздоону болжойт.
Мамлекеттик бийлик органдарында тигил же бул кызматтарды ээлөөгө атайын тартипти мыйзамда белгилөө, маселен, адилет сотту жүзөгө ашыруу боюнча судьянын ишмерлигинин спецификасы менен шартталган судьянын кызмат ордун ээлөө үчүн билимине болгон талаптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган эмгек эркиндигине болгон укуктуу чектөө катары каралышы мүмкүн эмес.
7. Кайрылуунун субъектисинин пикири боюнча, ал талашып жаткан ченем тиешелүү багыт боюнча бакалавр даражасы болбостон юриспруденция магистринин даражасы боюнча жогорку юридикалык билим алган жарандын кадырын басмырлаган мамиле катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет, анткени анын судьянын кызмат ордуна талапкерлик укугун чектөөдө.
Кайрылуунун субъекти мындай суроону коюу менен Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында каралган өтүү тартиби жогорку окуу жайлар тарабынан абдан эркин жүзөгө ашырылууда. Натыйжада, юридикалык эмес адистик боюнча жогорку билим же ар кандай багыт боюнча бакалавр даражасын алган адамдар, бирок, ошону менен бирге, "юриспруденция" багыты боюнча магистр даражасын алган адамдар судьялык кызматка талапкер болууга акысы бар деп эсептөөдө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, маселен, жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү системасында "юриспруденция" багыты боюнча бир гана окуудан өтүүсү бүтүрүүчүлөрдүн жогорку укуктук квалификациясын кепилдебей тургандыгын дагы бир жолу белгилейт.
Судьяларга талапкер болом дегендер үчүн квалификациянын жогорку деңгээлин белгилөөдө бир гана критерий болушу керек - квалификация адилет соттун болушунча максималдуу жүзөгө ашырылуусуна, соттук иштердин сапаттуу каралашына көмөк болушу керек. Судьялардын квалификациясына талап соттук коргоонун натыйжалуу каражаттардын камсыздоого көмөктөшөт, коомдун сотко болгон ишениминин даражасын арттырат. Бул судьянын ишмерлиги көп сандаган укуктук актыларды колдонуу жана түшүндүрүү менен байланыштуу болуп шартталган. Ошон үчүн судья колдонуудагы мыйзамдарды эркин баамдап, ар кандай укуктук талаштарды кароого даяр болуу керек.
Ушуга байланыштуу, кайрылуунун субъектинин "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын судьялардын квалификациясына бекитилген талаптарды жарандардын кадырын басмырлаган ченемдер деп талашып жаткандыгы судьялык функциянын маңызын туура эмес түшүнүүнүн кесепети болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтары, 17-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 2-бөлүгүнүн биринчи, экинчи абзацтарына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 22-беренесинин 1-бөлүгүнө, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы