Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-сентябрындагы № 8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-августу № 453
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктук ченемдик актыларын “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө жободо:
5-пункттун он төртүнчү абзацы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына” деген сөздөр менен толукталсын;
10-пунктунун:
жетинчи абзацында “Президентинин” деген сөз “Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
тогузунчу абзац “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы менен макулдашуу боюнча” деген сөздөр менен толукталсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Чек ара кызматынын борбордук аппаратынын, Чек ара кызматынын региондук (чек ара) башкармалыктарынын, бирикмелеринин, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин уюштуруу-штаттык түзүмүн, ошондой эле Чек ара кызматынын куралдануусуна кабыл алынган курал-жарактардын, аскердик жана атайын техникалардын, атайын каражаттардын штаттарына карата табелин бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына сунуштарды киргизет;”;
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“тынчтык жана согуш мезгилинде Чек ара кызматынын бирикмелерине, аскердик бөлүктөрүнө жана мекемелерине анык жана шарттуу аталыштарды ыйгаруу жөнүндө, ошондой эле аларды колдонуунун тартибин аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына сунуштарды киргизет;”;
11-пункттун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү “түзүмдүк” деген сөздөн мурда “региондук чек ара башкармалыктарынын,” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |