КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-августу № 457
“Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”
Мыйзамына толуктоону киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”
Мыйзамына толуктоону киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
193-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоого ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистештирилген уюмдары калкка ичүүчү сууну сатуудан түшкөн каражаттар боюнча чегерим төлөөчү катары эсептелбейт.”.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|