Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2017-жылдын 24-майы № 07-р
Жаран Жамалдин Оморовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгүнүн "Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт" деген ченеминин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы төрагалык курамында,
кылуучу - судья Э.Т.Мамыров,судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин сот жыйналышынын катчысы - Н.А.Кененсариеванын,кайрылуучу тарап - жаран Жамалдин Оморовдун;жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним каты боюнча өкүлдөрү Мирбек Исамаматович Арзиев, Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин;башка жактар - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним каты боюнча өкүлү Жылдыз Сейитбековна Бокошованын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним каты боюнча өкүлү Кубанычбек Сабырович Сабыровдун катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгүнүн "Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт" деген ченеминин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Жаран Ж.Оморовдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгүнүн "Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт" деген ченеминин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья - баяндамачы Ч.О.Осмонованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгүнүн "Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт" деген ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 101-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табуу жөнүндө Ж.Оморовдун өтүнүчү келип түшкөн.
Кайрылуучу өтүнүчүндө 2012-жылдын 11-апрелиндеги Ош областынын Кара-Кулжа райондук сотунун токтомуна жана 2012-жылдын 20-сентябрындагы Ош областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын өкүмүнө нааразычылыгын билдирип, көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылганын көрсөтөт.
Келтирилген көзөмөл арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, коллегиянын соттук жыйналышын 2012-жылдын 20-декабрына дайындоо тууралуу 2012-жылдын 16-ноябрында токтом кабыл алгандыгын, аталган токтомдун 2-пунктуна ылайык, сот жыйналышы боло тургандыгы жөнүндө айыптоочу жана жактоочу тараптарга кабар берилсин деп көрсөтүлгөндүгүн, бирок арыздануучуга жана анын жактоочусуна эч кандай кабар келбегендигин, анын натыйжасында арыздануучу жана анын жактоочусу сот отурумуна катышпай калышканын билдирет. Ошондон улам, жогоруда аталган Ош областтык сотунун өкүмү жокко чыгарылып, Кара-Кулжа райондук сотунун токтому күчүндө калтырылганын, ал эми арыздануучунун көзөмөл арызы канааттандыруусуз калтырылганын белгилейт.
Мындан сырткары, арыздануучу, райондук жана областтык сотторунун актылары менен укугу бузулган жарандар, мыйзам чегинде өз укуктарын коргоо максатында көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылууга мажбур болушат деп көрсөтөт. Бирок көзөмөл арыздары боюнча сот отуруму кайсы күнү боло тургандыгы тууралуу маалыматты алышпай, сот отурумуна катышпай калышып, ошонун кесепетинен Жогорку соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, ишти бир тараптуу карап, мыйзамсыз актыларды кабыл алып жаткандыгын билдирет.
Ошондой эле кайрылуучу, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 125, 126-беренелерин мисал катары белгилеп, анда чакыруу катты жана кабарды тараптарга жеткирүү тартиби так жана мазмуну түшүнүктүү көрсөтүлгөнүн, ал эми Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин конституциялуулугун талашып жаткан ченеминде көзөмөл инстанциясындагы сотто ишти карай турган күн жана убактысы жөнүндө тараптарга маалыматты жеткирүү жана ошол маалыматты албагандыгы жөнүндө так жана мазмундуу тартиби көрсөтүлбөгөнүн белгилейт.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт" деген ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 101-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таап берүүнү өтүнгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 16-мартындагы токтому менен Ж.Оморовдун кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.
Сот отурумунда кайрылуучу тарап өзүнүн талабын колдоп, бирок конституциялуулугу текшерилип жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 101-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келүүсүн текшерүүдөн баш тартты.
Жоопкер-тараптын өкүлдөрү М.И.Арзиев, А.Т.Молдобаев каршы пикирин билдирүү менен кайрылуучу тараптын жүйөөлөрүн төмөнкүлөргө ылайык негизсиз деп эсептешет. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык соттук отурумдун катчысы процесстин кабар берилген катышуучуларынын тизмесин жарыялайт жана көрсөтүлгөн адамдардын ичинен кимиси келгенин жана жок адамдардын келбей калышынын себептерин доклад кылат. Төрагалык кылуучу ишти карап чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө процесстин катышуучуларынын пикирин сурайт. Сот соттук отурумду улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктаманы соттук отурум залында же кеңешүү бөлмөсүнө барып чыгарат. Аныктаманы төрагалык кылуучу жарыя кылат жана ал соттук отурумдун протоколуна киргизилет. Жогоруда айтылгандардан улам сот өндүрүшүндө тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу сакталууда.
Ошондой эле, жоопкер тараптын өкүлдөрү тараптардын мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте сот ишти карай турган күнү жөнүндө билдирүү алгандан кийин, процесске келбей коюшу алардын өз ыктыяры, мындай нерсе ишти карап чыгуу мүмкүнчүлүгүнө тоскоол болбош керек деп эсептейт. Процессте төрагалык кылуучу ишти карап чыгуу мүмкүнчүлүгү, келбей калгандардын себептеринин жүйөөлүүлүгү жөнүндө процесстин катышуучуларынын пикирин сурайт, отурумду улантуу же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктаманы чыгарат.
Жогорудагылардын негизинде жоопкер тараптын өкүлдөрү конституциялуулугу талашылып жаткан мыйзамдын ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептеп, каралып жаткан өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранышат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошова кайрылуучу тараптын жүйөөлөрү менен макул болбой, Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык көзөмөл инстанциясындагы сот ишти карай турган күн жөнүндө тараптарга маалымат берерин, тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбашын жана камакта отурган соттолгон адамдын соттук отурумга катышуусу жөнүндөгү маселе көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан чечилерин белгилеп өттү.
Ж.С.Бокошованын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 374-беренесинде көзөмөлгө алуунун укуктук чектери көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жазык процессинин катышуучуларынын даттануулары жана прокурорлордун сунуштары боюнча жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген апелляциялык жана кассациялык инстанцияларынын соттук актыларын көзөмөлгө алуу тартибинде кайрадан карап чыгууну жүзөгө ашырат. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларга көзөмөл тартибинде тараптардын биринин даттануусу экинчи тарапты дагы милдеттүү түрдө соттук отурумга катыштырууга негиз болуп эсептелбейт. Көзөмөл өндүрүшүнө катышуу же катышпоо тараптардын укугу болуп саналат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгү тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт деп белгилеген.
Ошонун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгүнүн "Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт" деген ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү К.С.Сабыров талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт жана ушунун негизинде Ж.Оморовдун өтүнүчү канааттандыруусуз калтырууга жатат деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөөлөрүн, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөндөгү жыйынтыктарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгүнүн "Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт" деген ченеми:
"378-статья. Көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан иштерди карап чыгуунун тартиби
(2) Көзөмөл инстанциясындагы сот ишти карай турган күн жөнүндө тараптарга маалымдайт. Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт. Камакта отурган соттолгон адамдын (айыпталуучунун) соттук заседаниеге катышуусу жөнүндөгү маселе көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан чечилет.".
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1999-жылдагы № 10 Жарчысында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар кимге анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет. Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун түзүүчү бөлүгү болгон Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8-беренесинде, ошондой эле Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 2- жана 14-беренесинде айтылгандай, мамлекет соттук коргоо укугун ишке ашырууга милдеттүү, ал өз кезегинде адилеттүү, компетенттүү жана майнаптуу болушу керек.
Соттук коргоо укугу бардык субъекттерге көз карандысыз жана калыс соттор тарабынан тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылуучу сот адилеттигине эркин жана тең укуктуу жетишүүсүн камсыздайт, ошондой эле ар бир адамдын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын, анын ичинде соттук каталар маселелеринен дагы коргойт (КП 2014-жылдын 3-декабрындагы чечиминде көрсөтүлгөн).
Ошондуктан мыйзам чыгаруучу сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тартибин мыйзамдарда аныктоо менен мыйзамдуу, негиздүү жана акыйкаттуу соттук чечимдерди чыгарууга кепилдик бере турган механизмдерди белгилеген, анын ичинде жогору турган сот тарабынан ишти кайра кароого укукту камсыз кылуучу процедураларды караган. Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамын алсак, анда соттук чечимдерди кайра карап чыгуу боюнча апелляциялык инстанцияда мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек соттук актыларга даттанууларды караган экинчи инстанциядагы сот өндүрүшү каралган, ал эми мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттук актыларды кассациялык, көзөмөл тартипте кайра кароо жана иштин жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлары боюнча иш жүргүзүүнү кайра башынан түшүп кароосу каралган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү адамдардын укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу соттук коргоонун, ошондой эле сот адилеттиги жана соттук актылардын туруктуулугу жана мыйзамдуулугу сыяктуу баалуулуктарды сактоонун зарыл шарты болуп саналат деп өзүнүн укуктук көз караштарында бир нече жолу белгилеген (2014-жылдын 19-мартындагы № 22 чечими, 2014-жылдын 31-октябрындагы № 54 чечими, 2014-жылдын 3-декабрындагы № 59 чечими).
3. Соттук актыларды көзөмөлгө алуу тартибинде кароонун өзү бул катасы жок сот адилеттигин ишке ашыруунун кошумча кепилдиги болуп саналат жана соттук тажрыйбанын бирдиктүүлүгүн камсыздоодо маанилүү деп эсептелет, ошондой эле көзөмөл тартибинде ишти кароо - конституциялык укуктар менен эркиндиктерди соттук коргоонун кошумча механизми катары каралат.
Көзөмөл тартибиндеги сот өндүрүшү бардык учурда мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдей болуу, судьялардын көз карандысыздыгы жана Конституция менен мыйзамдарга гана баш ийүү, сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылышы жөнүндө принциптердин негизинде ар бир адамга укуктары менен эркиндигин соттук коргоону кепилдеген Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 94-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 99-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына жооп бериши керек. Бул аталган конституциялык талаптардын жазык сот өндүрүшүнө карата колдонулушунун мазмуну боюнча, анын ичинде өкүмдү көзөмөл иретинде кайра карап чыгууда, бардык тараптарга соттук коргонуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлүш керек деп билдирет.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 374-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жазык ишин көзөмөл тартибинде карап чыгууда сот көзөмөлдүк даттануулардын жана сунуштун жүйө далилдерине кайрылбайт жана жазык иши боюнча өндүрүштү толук көлөмдө текшерүүгө укуктуу. Бул өз кезегинде сот көзөмөл тартипте ишти кароодо жаңы далилдерди изилдебегенин, каралып жаткан иштин жагдайларынын алкагынан чыкпаарын билдирет. Көзөмөл тартибиндеги өндүрүш - бул өзгөчө стадия, анткени ал бир гана биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун материалдык жана процессуалдык укуктун ченемдерин колдонуусунун тууралыгын, далилдерге туура баа берилишин, соттук чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерет. Жазык иши мурда апелляциялык жана кассациялык тартипте каралбаган болсо, анда даттануу жана сунуш менен чогуу жергиликтүү соттун тиешелүү инстанциясына карап чыгуу үчүн жөнөтүлүүсү тийиш.
4. Сот өндүрүшүнүн тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылышын кепилдеген конституциялык принциптерди жана иштин жагдайын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө тууралуу жазык процессинин принциптерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамы соттук териштирүүдө тараптардын катышуу тартибин бекиткен. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесине ылайык биринчи инстанциядагы сотто ишти териштирүү сотко келүүсү милдеттүү болгон соттолуучунун катышуусу менен өтөт, соттолуучу келбей калганда иш кийинкиге калтырылууга тийиш, мындай учурда судья же сот жазык ишин тергеген органга соттолуучунун келүүсүн камсыздоону милдеттендирет. Ошол эле учурда 261-беренеге ылайык биринчи инстанциядагы сотто ишти териштирүү жабырлануучунун, анын өкүлүнүн катышуусу менен өтөт, жабырлануучу келбегенде сот ишти караштыруу же аны кийинкиге калтыруу жөнүндөгү маселени, жабырлануучу жокто иштин бардык жагдайларын толук айкындоонун жана анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун мүмкүн же мүмкүн эместигине жараша чечет, эгерде соттук териштирүүгө жабырлануучунун өкүлү келсе, сот бул маселени өкүлдүн ой-пикирин эске алуу менен чечет.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 344-беренеси апелляциялык инстанциядагы өндүрүш биринчи инстанциядагы сот ишин жүргүзүү эрежелери боюнча жүргүзүлөрүн аныктайт.
Адамдын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин аныктаган жана өкүм мыйзамдык күчүнө кирген биринчи жана апелляциялык инстанциядагы сот өндүрүшүнөн айырмаланып, жогоруда айтылгандай кассациялык жана көзөмөл инстанцияларда жаза иштерин кароонун башка тартиби каралган.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 377-беренеси өкүмдү, токтомду чыгарган сот даттануу жана сунуш берилгендиги жөнүндө соттолгон же акталган адамга, жактоочуга, айыптоочуга, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, ошондой эле жарандык доогерге, жарандык жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө билдирерин, сот даттануу же сунуш менен таанышып, аларга даттанууга же сунушка каршы пикирди жазуу жүзүндө берүү укугун түшүндүрөрүн, сот аларга башка тарап берген даттануунун же сунуштун көчүрмөсүн тапшырарын белгилейт.
Жогоруда көрсөтүлгөн укуктук жоболорго ылайык сот өкүмдүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүдө тараптардын өтүнүчүн эске алуу менен соттук жыйында соттолуучу менен айыптоочунун бирдей деңгээлде катышуу керектигин тааныйт жана алардын соттук жыйынга келүүсүн камсыздоо үчүн тиешелүү чараларды колдонот. Териштирилип жаткан ишке байланыштуу болгон маселелерди кароодо тараптар бирдей укуктарга ээ болушат жана атаандаштык принциптин негизинде көзөмөл инстанциянын алдында эч жолтоосуз өз позицияларын айтууга жана негиздемелерин ырастоого укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренеси көзөмөл инстанциясындагы сот ишти карай турган күн жөнүндө тараптарга маалымдашы керектигин белгилөө менен тараптардын көзөмөл инстанцияда катышуусу үчүн бирдей процессуалдык кепилдиктерди камтыган. Мында сот, тараптарды соттук териштирүү тууралуу жазуу түрдө белгилөөнү камсыз кылган ыкма менен маалымдашы зарыл жана бул аракеттер тараптардын сот отурумга даярдануусу жана сотко өз убагында келүүсү үчүн жетиштүү болгон убакытты эсептөө менен аткарылышы керек.
Сот отурумдун убактысы жана орду жөнүндө бекитилген тартипте маалымдалган тараптардын келбей калышы, алардын соттук териштирүүгө түздөн-түз катышуу укугун жана башка процессуалдык укуктарын ишке ашыруудан баш тартууну күбөлөгөн өз эрктерин билдирүү болуп саналат. Ошондуктан мындай жагдай көзөмөл инстанцияда ишти маңызы боюнча кароого тоскоол болушу мүмкүн эмес. Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык сот отурумдун катчысы процесстин кабар берилген катышуучуларынын тизмесин жарыялайт жана көрсөтүлгөн адамдардын ичинен кимиси келгенин жана жок адамдардын келбей калышынын себептери жөнүндө маалымат берет, төрагалык кылуучу ишти карап чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө процесстин катышуучуларынын пикирин сурайт, сот сот отурумду улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктама чыгарып, жарыя кылат жана ал сот отурумдун протоколуна киргизилет.
Мындай укуктук позицияны өз учурунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2010-жылдын 30-мартындагы чечиминде да белгилеген.
Конституциялуулугу талашылып жаткан ченем тараптардын сотко келбей калган учурларында ишти кароону алардын катышуусуз жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк гана түзөт. Бирок, бул көзөмөл инстанциясындагы сотту иш карай турган күн жөнүндө тараптарды талапка ылайык маалымдоо милдетинен бошотпойт. Ошондуктан, сот талапка ылайык маалымдалган тараптардын сотко келүүсүн текшерип, кайсы бир тараптын катышуусуз ишти кароо мүмкүнчүлүгү тууралуу маселени протоколго киргизүү менен чечүүгө тийиш.
Соттук жыйындын убакыты жана орду жөнүндө талапка ылайык маалымдалган тараптар соттук жыйынга келбей калган учурларда, соттун алардын келбей калуусунун себептерин конкреттүү фактылар менен ырасталган жагдайлардын негизинде жүйөөлүү деп таануу укугу, ошондой эле соттук териштирүүнү тараптардын катышуусуз кароо укугу соттун өз алдынча жана көз карандысыз болуу принциптеринен келип чыгат. Сотту мындай ыйгарым укуктарынан ажыратуу анын процессти башкаруу боюнча алдыда турган маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу дегенди билдирет.
Ошондуктан мындай учурларда сот процессуалдык жана материалдык укуктун ченемдерин туура колдонуу менен мыйзамдуу жана негиздүү чечимди чыгаруу милдетинен келип чыккандай, ишти кандай тартипте жана кандай процедурада кароо керектигин чечүүдө ишке катышкан жана келген тараптардын пикирин, болгон материалдарды эске алуу менен бардык жагдайларды бирдикте баалап чечим кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык иштерди териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт, ишти жабык отурумда жүргүзүүгө мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет, соттун чечими ачык жарыяланат, мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт. Бул конституциялык ченемдерге Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгүнүн "Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт" деген ченеминин ылайыктуулугун текшерүүдө алардын конституциялык-укуктук маанисин, мыйзам чыгаруучу көздөгөн жана бул ченемдерде камтылган максаттарды эске алуу менен караган учурда талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугунда күмөн жок экендиги аныкталат.
5. Кайрылуучу тараптын Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде тараптарга кабар берилгендиги жөнүндө так, даана, мазмуну түшүнүктүү көрсөтүлгөндүгү тууралуу пикирин жазык процесстик түшүнүккө карата колдонуу жаңылыштык болуп саналат. Жарандык процессте жүргүзүлгөн сот өндүрүшүнүн тартиби жана эрежелери жазык процессте жүргүзүлгөн сот өндүрүшүнүн тартиби жана эрежелери менен айкалышпоосу мүмкүн, себеби аталган кодекстер тиешелүү укук тармактарындагы айырмалуу өзгөчөлүктөргө ээ коомдук мамилелерди жөнгө салат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бөлүгүнүн "Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт" деген ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп табылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы