Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2017-жылдын 28-июну N 9-р
Виктория Николаевна Евсюкова, Джамиля Эркеновна Эркенова, Дамира Мырзакуловна Закирова, Сеил Анаркуловна Анаркулова, Чынара Орунтаевна Кадырмахмедова, Асель Амантуровна Бейшееванын кызыкчылыгындагы Мирслан Амангелдыевич Мусуралиев жана Идрис уулу Мирландын кайрылуусуна байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы Мыйзамынын 1-беренесинин 1-пунктунун "б" пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров,
судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,
сот отурумунун катчысы - С.А.Джолгокпаева,
кайрылуучу тарап - В.Н.Евсюкова, Дж.Э.Эркенова, Д.М.Закирова, С.А.Анаркулова, Ч.О.Кадырмахмедова, А.А.Бейшееванын кызыкчылыктарын ишеним кат боюнча көздөгөн Мирслан Амангелдыевич Мусуралиев жана Идрис уулу Мирлан;
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Орозобек уулу Максат, Светлана Кадыровна Касмалиева;
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Алмазбек Кыдырмаевич Орозалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишеним кат боюнча өкүлү Туратбек Кульчороевич Кульчороевдин катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9 жана 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы Мыйзамынын 1-беренесинин 1-пунктунун "б" пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
В.Н.Евсюкова, Дж.Э.Эркенова, Д.М.Закирова, С.А.Анаркулова, Ч.О.Кадырмахмедова, А.А.Бейшееванын кызыкчылыгындагы М.А.Мусуралиев жана Идрис уулу Мирландын өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы Мыйзамынын 1-беренесинин 1-пунктунун "б" пунктчасынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы М.Ш.Касымалиевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 16-январында В.Н.Евсюкова, Дж.Э.Эркенова, Д.М.Закирова, С.А.Анаркулова, Ч.О.Кадырмахмедова, А.А.Бейшееванын кызыкчылыгын көздөгөн М.А.Мусуралиев жана Идрис уулу Мирлан "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы Мыйзамынын 1-беренесинин 1-пунктунун "б" пунктчасын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 18-беренесине, 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылышкан.
Арыздануучулардын өтүнүчүндө "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 487-3-беренеси 2-бөлүк менен толукталган, ага ылайык көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды сааттык жана суткалык мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - жетимиш, кызмат адамдарына - токсон, юридикалык жактарга - жети жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Арыздануучулар белгилегендей, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү менен кепилденген жарандардын өз мүлкүн эркин тескөө укугун, мүлкүн экономикалык ишмердүүлүк үчүн колдонуу укугун чектөөдө.
Талашылып жаткан ченемге ылайык, алардын пикири боюнча, жоопкерчиликти өзүнүн турак жайын суткага ижарага берген жарандар гана тартат, ал эми квартирасын бир суткадан ашык мөөнөткө ижарага берген жарандардын башка бөлүгү жоопкерчилик тартышпайт, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө бекитилген бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей деген конституциялык принцип бузулууда.
Арыздануучулар талашылып жаткан ченем менен каралган чаралар бир жагынан социалдык реалияларга туура келиши керек, экинчи жагынан конституциялык-маанилүү баалуулуктардын алсызданышына жана мамлекеттик мажбурлоону артыкбаш колдонууга алып келбеши керек деп эсептешет. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келет, аларга ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек; адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучулар талашылып жаткан Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 18-беренесине, 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранышууда.
2017-жылдын 18-январында арыздануучу М.А.Мусуралиев талаптарды өзгөртүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган, өтүнүчүндө ал "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы Мыйзамын бүтүндөй эмес, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунун "б" пунктчасын гана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 18-беренесине, 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну өтүнүүдө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 24-февралындагы аныктамасы менен М.А.Мусуралиев жана Идрис уулу Мирландын өтүнүчү, М.А.Мусуралиевдин "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы Мыйзамынын 1-беренесинин 1 -пунктунун "б" пунктчасын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө талапты тактоосун эске алуу менен өндүрүшкө кабыл алынган.
Талашылып жаткан Мыйзамдын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесине ылайык келүүсүн текшерүүгө укуктук негиздеме жок болгондуктан аны текшерүүдөн баш тартылды.
Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талабын колдоду жана аны канааттандырууну суранды.
Жоопкер тараптын өкүлдөрү Орозобек уулу М. жана С.К.Касмалиева кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай иш-аракеттерди жана ишмердикти жүргүзүүгө укуктуу (18-берене); адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек (20-берене); ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ; ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу (42-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү).
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык көп батирлүү үйдөгү батир - бир же бир нече турак бөлмөлөрдөн, ошондой эле жарандардын жашап туруусу менен байланышкан алардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган кошумча жайлардан турган көп батирлүү үйдөгү турак жай (1-берене); көп батирлүү үйдөгү турак жайларды мейманкалар үчүн берүүгө, өткөрүп берүүгө, ошондой эле жашоодон тышкары кандай болбосун максаттар үчүн пайдаланууга тыюу салынат (4-берене); турак жай фондун максаттуу колдонуу турак жай мыйзамдарынын принциптеринин бири болуп эсептелет (3-берене). Мында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 18-беренесине ылайык турак жайдын менчик ээси аларды чарбакерсиз пайдаланууга жол бербестен, өзүнүн турак жайын жана жалпы мүлкүн талаптагыдай абалда кармоого, башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, турак жайларды пайдалануунун эрежелерин, көп батирлүү үйдөгү турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн күтүү эрежелерин сактоого милдеттүү.
Инсанды коргоо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, калктын саламаттыгын, санитардык-эпидемиологиялык жагынан бакубаттыгын, коомдук адеп-ахлакты коргоо жана башкасы Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдардын милдети болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 2-беренеси).
Жоопкер тараптын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 487-3-беренесине болгон өзгөртүүлөр сааттык жана суткалык мейманканалардын турак жай батирлер менен коңшулаш болушу мейманканалардын тургундарынын адепсиз аракеттерине байланыштуу өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизип, адеп-ахлактын пайдубалына шек келтирип, жашоочуларды тынч уйкуга болгон жана өз батирлеринде эс алуу укугунан ажыратууга байланыштуу киргизилген деп белгилешүүдө.
Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды сааттык жана суткалык мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу үчүн жарандарга, кызмат адамдарга жана юридикалык жактарга администрациялык айып салууну орноткон.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, жоопкер тараптын өкүлдөрү талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептешүүдө жана аны канааттандыруусуз калтырууну суранышууда.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү А.К.Орозалиев талашылып жаткан ченем мыйзам чыгаруучу тарабынан кабыл алуусу ички иштер органдары үчүн коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди жана функцияларды ийгиликтүү жана натыйжалуу аткаруу үчүн өз убагындагы жана зарыл чара болду, анткени сааттык жана суткалык мейманкалар, тажрыйба көрсөткөндөй, негизинен акы төлөнүүчү жыныстык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өзүнүн кардарлары менен жолугушуу үчүн же топ болуп үйүгүшүп убакыт өткөрүүчү жай катары пайдаланылат деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү кайрылуучу тараптын талаптарын негизсиз деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Т.К.Кульчороев М.А.Мусуралиев жана Идрис уулу Мирландын кайрылуусун кароону соттун карамагына калтырды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 1-пунктунун "б" пунктчасы саналат.
"1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 487-3-статьяда:
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды сааттык жана суткалык мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - жетимиш, кызмат адамдарына - токсон, юридикалык жактарга - жети жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, "Эркин Тоо" гезитинин 2017-жылдын 6-январындагы № 1 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу деп кепилдейт (42-берененин 2-бөлүгү).
Аталган конституциялык ченем экономикалык ишмердүүлүк эркиндигин берүү менен рынок экономикасын түзүү үчүн ылайыктуу чөйрөнү жаратууга багытталган. Экономикалык ишмердүүлүк адамдын жеке автономиясына, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн экономикалык чөйрөдө эркин башкарууга негизделген субъекттин өзүн-өзү социалдык ишке ашыруусунун түрлөрүнүн бири болуп эсептелет. Аталган ишмердүүлүктө көбүнесе экономикалык чечимдерди кабыл алуудагы эркиндик чагылдырылат, башкача айтканда рыноктук атаандаштык шарттарында ишкердик ишти уюштурууга жана ийгиликтүү алып барууга багытталган инсан тарабынан өзүнүн индивидуалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана өзгөчөлүктөрүн түшүнүү менен чексиз колдонуу.
Бирок, экономикалык эркиндикке болгон укук, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонуу укугу абсолюттук мүнөздө болушу мүмкүн эмес, бул Конституциянын өзүнөн келип чыгат жана коомдук кызыкчылыктарды эске алуу зарылдыгын болжойт. Дал ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу ага берилген дискрециянын алкагында экономикалык ишмердүүлүктө колдонулган мүлктүн кээ бир түрлөрү үчүн укуктук жөнгө салуунун режимин аныктоого укуктуу.
Демек, менчик ээси эрк автономиясына ээ жана өз ыктыяры боюнча ага таандык мүлккө карата мыйзамга карама-каршы келбеген жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаган иш аракеттерди жасоого укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге өзүнүн мүлкүнө ээ болуу, пайдалануу жана аны тескөө укугун кепилдеп жатып, менчик ээлери тарабынан өз укуктарын жүзөгө ашыруунун чектери менен тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат деп белгилеген (12-берененин 6-бөлүгү).
Мында, мыйзам чыгаруучу башка адамдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо зарылдыгын эске алып, менчикке болгон укуктун мазмунунан айрым ыйгарым укуктарды жокко чыгарбастан, жөн гана менчик ээсинин субъективдүү укугун жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн таарыта турган чектөөлөрдү орнотушу мүмкүн. Мындай укуктук жөнгө салуу юридикалык теңдикке жана калыстыкка негизделген укуктук мамлекеттин принциптерине туура келиши керек жана менчик укугу деген адамдын жана жарандын башка укуктары жана эркиндиктери сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында (1, 6, 12 жана 16-беренелери) жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдеринде таанылат жана кепилденет дегенден келип чыгышы керек.
Демек, жаранга өзүнүн мүлкүн ар кандай экономикалык ишмерлик үчүн эркин колдонуу укугун бекитүү менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, бул укук мыйзамда тыюу салынбаган учурда гана берилиши мүмкүн деп белгилейт. Башкача айтканда, жарандардын мүлктү экономикалык максаттарда эркин колдонуунун конституциялык укугу улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында зарыл болгон деңгээлде чектелиши мүмкүн (20-берененин 2, 3-бөлүктөрү). Мында, бул конституциялык орнотмолор Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 29-беренесинин 2-бөлүгү менен шайкеш келет, ал жерде адам өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашырууда башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин керектүү деңгээлде таанууну жана урматтоону, демократиялык коомдогу адеп-ахлак жана коомдук тартиптин адилеттүү талаптарын канааттандырууну камсыздоо максатында мыйзамда белгиленген гана чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн деп аныкталган.
4. Кыргыз Республикасы ар кимге турак жайлуу болуу укугун кепилдейт (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-бөлүгү). Бул укук адамдын жана жарандын ажырагыс жана жалпыга таанылган укуктардын бири катары анын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруу формасы болуп саналат жана татыктуу жашоо-турмушка болгон мамлекеттин конституциялык кепилдигинин сапаттуу көрсөткүчтөрүнүн бир түрү болот (9-берененин 1-бөлүгү).
Көрсөтүлгөн конституциялык жоболор социалдык маанилүү функцияны аткарат жана мамлекет бул чөйрөдө өзүнө алган милдеттердин натыйжалуу аткарылышын кепилдеген мыйзамдардагы шарттарды түзүү зарылдыгын алдын ала аныктайт.
Адамдын эркин өнүгүүсү жана ага татыктуу жашоону камсыздоо зарылдыгы турмуш-тиричилигинин зарыл каражаты сыяктуу турак жайга болгон табигый муктаждыгын канааттандыруу зарылдыгынан ажыратып кароо мүмкүн эмес. Бул максаттарга жетишүү үчүн мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде жарандардын менчигинде турган турак жайларды пайдалануу, ээ болуу жана тескөө чектерин аныктаган.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 1-беренесине ылайык көп батирлүү үйдөгү батир туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган жана пайдаланылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берет.
Көп квартиралуу үйдөгү квартиралардын турак жай катары укуктук табияты жана касиети аларда жарандардын тек гана жашоосу үчүн пайдалануусунда турат. Бул учурда жашоо деп жарандын көп квартиралуу үйдүн конкреттүү квартирасында жашоочу катары узак мөөнөттүү мезгил ичинде нагыз турган фактысы түшүнүлөт.
Ошентип, турак жай мыйзамдарынын принциптерин жетекчиликке алып, мыйзам чыгаруучу көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларда мейманканаларды жайгаштырууга, ошондой эле жашоодон тышкары ар кандай башка максаттар үчүн аларды пайдаланууга тыюу салган (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 3-беренеси, 4-беренесинин 3-бөлүгү).
Бирок, көп квартиралуу үйлөрдө мейманканаларды жайгаштырууга тыюу салынгандыгына карабастан Кыргыз Республикасында бул тартип жарандар тарабынан сакталган эмес, натыйжада көптөгөн жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна алып келген.
Демек, турак жай мыйзамдарынын ченемдик көрсөтмөлөрүн кадыресе, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 4-беренесин бузуу үчүн административдик жоопкерчиликти орнотуу, мыйзам чыгаруучунун ченем жаратуучу ишмерлигинин ырааттуу уландысы болуп саналат.
Ошентип, сааттык жана суткалык мейманкана катары көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды берүү, өткөрүү жана пайдалануу үчүн административдик айып салууну бекиткен талашылып жаткан ченем коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын кайтарууну, башка, адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыздоонун конституциялык максаттарына өлчөмдөш чектөө болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп каралышы мүмкүн эмес.
5. Мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей (16-берененин 3-бөлүгү) деген конституциялык жобо укуктук мамлекеттин негиздөөчү башаттарынын бири болуп саналат.
Бул укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук чаралардын тутуму аркылуу укуктардын жана эркиндиктердин бардыгы үчүн бирдей кепилдиктерин түзүү милдети мамлекетке жүктөлөт дегенди билдирет. Жалпылаштырылган планда мыйзам алдында бардыгы бирдей деген талап тыюу салуучу аспектини да камтыйт, бардыгынын мыйзамга болгон бирдей мамилеси мыйзам чыгаруу актыларында кандайдыр бир кемсинтүүчү мүнөздөгү ченемдердин болуу мүмкүнчүлүгүнүн өзүн жокко чыгаруусу керек.
Ушул конституциялык кепилдикке ылайык мамлекет көп квартиралуу үйдөгү турак жайлардын менчик ээлерине алардын турак жайларына болгон укуктардын бирдей көлөмүн берет. Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды мейманкана катары максаттуу багыты боюнча эмес пайдалануу үчүн юридикалык жоопкерчиликти караган колдонуудагы укуктук жөнгө салуу көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайлардын бардык менчик ээлерине бирдей даражада таандык жана кандайдыр бир өзгөчөлүктөрсүз колдонулат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы Мыйзамынын 1-беренесинин 1-пунктунун "б" пунктчасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө жана 42-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык