Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2017-жылдын 4-декабры
Ханзада Шерматовна Кадырованын кызыкчылыгындагы Диана Токтоматовна Сайимованын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 16-октябрындагы № 54 аныктамасына даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров,
судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,
соттук отурумдун катчысы - С.А.Джолгокпаеванын катышуусунда,
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Х.Ш.Кадырованын кызыкчылыгындагы Д.Т.Сайимованын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 16-октябрындагы № 54 аныктамасына даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана Х.Ш.Кадырованын кызыкчылыгындагы Д.Т.Сайимованын өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 18-сентябрында Х.Ш.Кадырованын кызыкчылыгындагы Д.Т.Сайимованын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-статьясынын укук колдонуусун жана чечмеленишин конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, Токмок шаардык соту тарабынан 2017-жылдын 27-майында Х.Ш.Кадыровага карата жазык ишинин козголушуна байланыштуу тинтүүгө уруксат берүү жөнүндө токтом чыгарылган.
Арыздануучунун пикири боюнча, соттун жогоруда аталган токтому бир катар бузуулар менен жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-статьясын туура эмес колдонуу менен чыгарылган, ал жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна алып келди.
Ошондой эле арыздануучу талашылып жаткан ченемдин туюндурмасы так эмес мүнөздө болуп, тергөө органдарынын кызматкерлерине мыйзамсыз аракеттерди жасоого жол берүүдө.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талашылып жаткан ченеминин укук колдонуусун жана чечмеленишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктун, 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, 2017-жылдын 16-октябрындагы № 54 аныктамасы менен өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан кийинки негиздер боюнча баш тарткан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы келип түшкөн кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө маселени чечип жатып, биринчи кезекте, кайрылууда коюлган маселелерди конституциялык сот өндүрүшүндө кароо мүмкүндүгүнөн келип чыгат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 18-беренесине ылайык Конституциялык палата мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды Конституцияга карама-каршы келген учурда аларды конституциялуу эмес деп тааныйт, Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берет, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берет. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына караштуу маселелердин толук тизмесин бекиткен, укуктук ченемдердин укук колдонуусуна жана чечмеленишинин конституциялуулугуна баа берүү алардын катарына кирбейт.
Ушуга байланыштуу, судьялар коллегиясы жогоруда көрсөтүлгөн аныктаманы кабыл алган, анткени кайрылуудагы талап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына караштуу эмес.
Д.Т.Сайимова судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 16-октябрындагы № 54 аныктамасы менен макул болбостон, 2017-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Даттанууда Д.Т.Сайимова өзүнүн талаптарынын предметин тактап, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүнүн укук колдонуусун конституциялуу эмес деп таанууну суранууда. Кошумча негиздеме катары, соттун тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө токтому Х.Ш.Кадырованын катышуусуз чыгарылган, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунда каралган анын соттук коргонууга болгон укугунун бузулушуна алып келген деп көрсөтүүдө.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-статьясында тинтүү жана алып коюуну жүргүзүү жөнүндө соттук акт чыгарылып жаткан соттук отурумда тинтилүүгө тийиш болгон адамдын милдеттүү катышуусун караган ченемдин жоктугу соттук актыларды сырттан чыгаруу тажрыйбасына алып келет деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу, Д.Т.Сайимова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 16-октябрындагы № 54 аныктамасын жокко чыгарууну жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуусунун негиздерин талкуулап, кийинки тыянактарга келди.
Судьялар коллегиясынын кайрылууда көрсөтүлгөн талаптардын караштуу эместиги жөнүндө тыянактары негиздүү болуп эсептелет. Соттордун укук колдонуу тажрыйбасы жана мыйзам ченемдерин чечмелөө конституциялык сот өндүрүшүнүн предмети болушу мүмкүн эмес.
Мында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы талашылып жаткан ченемдер менен регламенттелген тинтүү жана алып коюуну жүргүзүү шектүүнүн, айыпкердин күнөөлүү же күнөөлүү эместигин ырастаган зарыл далилдерди топтоого багытталган жазык процессинин сотко чейинки стадиясы болуп эсептелет. Көрсөтүлгөн стадия Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин VII бөлүмүндө дыкаттык менен регламенттелген.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 32-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык сот гана, анын ичинде сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө бийлик өкүлдөрүнүн менчикте же башка укукта турган турак жайга жана башка объекттерге тинтүүнү, алып коюуну, карап чыгууну жүргүзүшү, ага кириши жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Соттун белгиленген ыйгарымдарын жүзөгө ашыруунун алкагында көрсөтүлгөн Кодекстин 169-1-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык соттук отурумда прокурор жана тергөөчү катышууга укуктуу.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси менен тергөөчүнүн, прокурордун сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирүүгө жөндөмдүү же болбосо жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүн кыйындатуучу чечимдери жана аракеттерине (аракетсиздиктерине) териштирүүнү жүргүзүү жери боюнча сотко даттануу мүмкүндүгү каралган (131-статьясынын 1-бөлүгү).
Ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугунун презумпциясына ылайык, алардын конституциялуу эместиги тууралуу маселени коюу алардын конституциялуулугу тууралуу күмөндүүлүктү туудурган аргументтер болгондо гана мүмкүн. Бирок, арыздануучу тарабынан талашылып жаткан ченемдер сот тарабынан тинтүү же алып коюуну жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынып жатканда адамдардын катышуу маселесин жөнгө салбайт.
Ушуга байланыштуу, арыздануучунун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талашылып жаткан ченеминин Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келүүсү жөнүндө келтирген жүйөлөрү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-статьясынын 3, 4-бөлүктөрүнүн конституциялуулугунда күмөндүүлүктү ырастаган укуктук аргументтер катары каралышы мүмкүн эмес.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун даттануусун канааттандыруу үчүн негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ханзада Шерматовна Кадырованын кызыкчылыгындагы Диана Токтоматовна Сайимованын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын "Ханзада Шерматовна Кадырованын кызыкчылыгындагы Диана Токтоматовна Сайимованын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-статьясынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө" 2017-жылдын 16-октябрындагы № 54 аныктамасына даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Конституционная палата Верховного суда Кыргызской Республики