Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
токтому
2017-жылдын 5-декабры
«Агрохимсервисцентр» жабык акционердик коомунун директору Нурмамат Маматжановдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 35 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, соттук отурумдун катчысы К.А. Аблакимовдун катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, «Агрохимсервисцентр» жабык акционердик коомунун директору Н. Маматжановдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 35 аныктамасына даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана «Агрохимсервисцентр» жабык акционердик коомунун өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 23-майында «Агрохимсервисцентр» жабык акционердик коомунун директору Н. Маматжановдун Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келүүсүн таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Келип түшкөн материалдардан көрүнүп тургандай, Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы 2015-жылдын 6-майындагы № 1335/048 көрсөтмө каттын негизинде «Агрохимсервисцентр» ЖАКтын экономикалык ишмерлигин 2012-жылдын 1-январынан баштап 2015-жылдын 31-мартына чейинки мезгилиндеги салык мыйзамдарынын сакталуусу предметин көздөп текшерген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2015-жылдын 2-майында акт түзүлүп, «Агрохимсервисцентр» ЖАКтын үстүнө 152 644,29 сом өлчөмүндөгү салык кошумча эсептелген.
«Агрохимсервисцентр» ЖАК ушул чечим менен макул болбостон, 2015-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына даттануу менен кайрылган, ал өзүнүн 2015-жылдын 25-сентябрындагы №11-10/12046 чечими менен Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын чечимин күчүндө, ал эми «Агрохимсервисцентр» ЖАКтын даттануусун канааттандыруусуз калтырган.
«Агрохимсервисцентр» ЖАК 2015-жылдын 20-ноябрында Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын чечимин жараксыз деп таануу жөнүндө арыз менен кайрылган. Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2016-жылдын 11-майындагы аныктамасы менен Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын 2015-жылдын 13-майындагы № 1394/048 чечимин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө даттануу боюнча өндүрүш токтотулган. Жалал-Абад областтык сотунун админстративдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 6-сентябрындагы токтому менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2016-жылдын 11-майындагы аныктамасын күчүндө, ал эми «Агрохимсервисцентр» ЖАКтын кассациялык даттануусун канааттандыруусуз калтырган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун администртивдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 26-январындагы токтому менен арыздануучунун көзмөл даттануусу канааттандыруусуз, ал эми Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2016-жылдын 11-майындагы аныктамасы жана Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 6-сентябрындагы токтому күчүндө калтырылган.
«Агрохимсервисцентр» ЖАКтын директору Н. Маматжановдун пикири боюнча соттор Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын гана чечимдерине даттанууга жол берет, ал эми Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 260-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун маңызы боюнча Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын чечимдери мамлекеттик бийлик органдарынын ченемдик эмес акты болуп саналбайт, демек соттук тартипте даттануунун өзүнчө предмети боло албайт деп эсептөөдө. Бул жагдай аймактык салык органынын чечимдерин биринчи инстанциядагы соттон салык төлөөчүнүн жайгашкан жери боюнча талашууга мүмкүндүк бербей жатат.
Андан ары кайрылууда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сот алдында жана сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда тең укуктуулук принциптерин бекиткен 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 99-беренесинин 3-бөлүгүнүн мазмуну келтирилүүдө.
Н. Маматжанов Жалал-Абад шаары боюнча МСК Башкармалыгынын чечимдери ыйгарымдуу мамлекеттик органдын расмий чечими болуп саналбайт деген биринчи соттук инстанциянын тыянагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орунбасары А. Базаралиеванын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын чечимдерине гана соттук тартипте даттануу мүмкүндүгү жөнүндө тике көрсөтмөсүнүн негизинде деп эсептеп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьялардын көз карандысызыгын жар кылган ченемдерин келтирүүдө.
Арыздануучунун өкүлү соттук коргонууга болгон жарандардын конституциялык укугу, биринчи кезекте, сот адилеттүүлүгүнѳ жетишүүнү болжойт деп ырастоодо. Жергиликтүү соттор аркылуу сот адилеттүүлүгүнѳ жетишүүнү камсыздоо мамлекеттин жарандар алдындагы башкы милдеттеринин бири болуп саналат.
Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы жергиликтүү деңгээлде өз алдынча мамлекеттик орган болуп саналат жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» Мыйзамдын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык өзүнүн аймагында өз ишмерлиги үчүн толук жоопкерчиликтүү болгон юридикалык жак болуп саналат да, бардык өз алдынчалууктун белгилерине эгедер.
Н. Маматжанов Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги салык кызматынын борбордук органынын чечимине даттануу укугу аймактык салык органдарынын чечимине даттануу укугун чектебеш керек деп эсептейт. Сот өндүрүшү салык мыйзамдарынын эмес, жарандык-процесстик негиздерде жүргүлүшү керек. Андан тышкары, салык кызматынын борбордук органынын чечимин соттук тартипте жокко чыгаруу салык органынын аймактык кызматынын актысынын жокко чыгарылышына алып келбейт, анткени ал юридикалык маанилүү тыянктарга алып келүүчү өз алдынча чечим болуп саналат да, өз алынча даттануунун предмети болушу керек.
Н. Маматжановдун пикири боюнча, эгер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүнүн аны соттор түшүнгѳндѳй маанисин эске алсак, салык төлөөчүлөр мүлктүк абалынын белгилери боюнча салык органдары карата теңсиздик абалда калууда, анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн аймактык салык органдары менен бирге өзүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоо үчүн жетиштүү ресурстарга ээ. Ал эми салык мыйзамдарынын даттанылып жаткан ченеми, анын үсүтүнө салык төөлөөчү оор финансылык абалда турган болсо, мамлекеттин зор аппараты менен жекеме жеке калтырууда, аны менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынына 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген тең укуктуулук принциптери бузулууда. Сот өндүрүшүнүн алкагында атаандаштыкты жана тең укуктуулукту камсыздоо үчүн айрымдарына өзгөчө мамиле кылбастан, бардыгына мыйзам жана сот алдында тең шарттарды берүү зарыл, ал эми салык төлөөчүгѳ болсо аймактык салык органынын чечимин өзү турган жер боюнча сотко даттануу мүмкүндүгүн берүү керек.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучунун өкүлү талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы «Агрохимсервисцентр» ЖАКтын өтүнүчүн карап чыгып, анын мазмуну «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарына туура келбейт жана коюлган маселенин конституциялуулугу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунуну Конституциялык палатасы тарабынан текшерилген жана күчүндө турган акты бар, бул жагдай кайрылууну конституциялык сот өндүрүшүндө кароону мүмкүн эмес кылат деген жыйынтыкка келди.
Судьялар коллегиясы өтүнүчтүн мазмунунан келип чыкканда арыздануучу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсү жагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болгон, ошого карабастан ушул ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келүү жагын да кароону талап кылууда деп эсептөөдө.
Арыздануучу талашылып жаткан ченемди Конституциянын башка ченемдерине ылайык келүүсүн текшерүүнү суранганына карабастан, судьялар коллегиясы эсептегендей, анын көз карашы жалпы жонунан салык төлөөчүлөрдүн сот адилеттигине жетишүүсү маселесине келип такалууда, ал маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 17-февралындагы Чечиминде толук кандуу чечилген, ал арыздануучунун бардык жүйөлөрүнө жооп берген ачык укуктук көз караштарды камтыйт, аны Н. Маматжанов өзүнүн өтүнүчүндө келтирген цитаталары күбөлөндүрөт.
Судьялар коллегиясынын пикири боюнча, «Аргохимсервисцентр» ЖАКтын жетекчисинин талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келүүсү жөнүндөгү сөздөрү маңызы боюнча үстүртөн жана жетишсиз мазмундагы мүнөздө болуп, талашылып жаткан ченем Конституциянын көрсөтүлгөн ченемдерине ылайык келүүсү жагында күмөндүүлүктү туудурбайт, ал эми «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин экинчи абзацына ылайык конституциялык сот өндүрүшүндө кароо үчүн сөзсүз шарт болуп саналат.
Ошондой эле, судьялар коллегиясы, арыздануучунун укук ченемдеринин туура эмес колдонулуусу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдеринин аткарылбаганы тууралуу жүйөлөрү укук колдонуучулук тажрыйбанын жана алар кабыл алып жаткан актылардын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн судьялардын жоопкерчилиги жаатында турат жана Конституция менен жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык конституциялык контролдоо органынын ыйгарым укуктарынын алкагына кирбейт.
Баяндалганга негизденип жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүн, 3-бөлүгүнүн 1, 5-пункттарын, 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, судьялар коллегиясы 2017-жылдын 23-июнундагы № 35 аныктамасы менен өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан.
«Агрохимсервисцентр» ЖАКтын директору Н. Маматжанов жогоруда көрсөтүлгөн аныктама менен макул болбостон, 2017-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Н. Маматжанов өзүнүн даттануусунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгү сотко жетишүүгө тоскоол кылуучу жана сот алдында бардыгы үчүн теңсиздик жагдай-шарттарын жаратууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 17-февралындагы чечиминде талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүү маселелси каралган, демек, анда өтүнүчтө келтирилген жүйөлөргө жооп бере тургандай жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 99-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсү маселесине да укуктук көз караштар жок.
Арыздануучунун өкүлү көрсөтүлгөн Чечим менен аймактык салык органдарынын чечимдерине жергиликтүү сотторддо даттанууга тыюу салуучу ченем катары талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугуна баа берилген эмес деп белгилейт. Мында ал, мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аймактык салык органдарынын чечимдерин сотко даттануу механизмин иштеп чыгуу жөнүндө тапшырманын ушул убактыка чейин аткарылбаганы жөнүндө да белгилейт.
Н. Маматжанов талашылып жаткан ченем салык төлөөчүнүн соттук коргонууга болгон укугун чектебейт, ал анын турган жери боюнча аймактык салык органынын чечимин даттанууга тоскоолдук туудуруп, салык органдарынын чечимин борбордо гана, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунан талашууга мажбур кылууда деп эсептейт.
Н. Маматжановдун пикири боюнча, бардыгы сот алдында тең деген башкы милдеттердин биринин камсыздалышын чечүү үчүн мамлекет жергиликтүү жарандардын сотко жетишүүсүн камсыздаш үчүн жергиликтүү сотторду уюштурган. Сот өндүрүшүндөгү тараптардын тең укуктуулугу принциби, биринчи кезекте, мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигин жана ар бир адамдын жашаган жери боюнча сотко жетишүүсүн болжойт. Сот адилеттигине жетишүүнү камсыздоо – мамлекеттин жарандар алдындагы башкы милдеттеринин бири деп Н. Маматжанов эсептейт.
Адилет сотко жетишүү принциби сотко кайрылуу үчүн чектен тыш, негизсиз жана практикалык тоскоолдуктардын жоктугунда чагылдырылат. Сотко тоскоолдуксуз кайрылуу укугу соттордун калк конушуна аймактык жакындыгын камсыздоочу сот жайгаштыруучулук жана сот өндүрүштүк кепилдиктердин комплекси менен жүзөгө ашырылат.
Н. Маматжанов болжогондой, талашылып жаткан ченем, аймактык салык органынын турган жери боюнча салык органдарынын чечимдерин жергиликтүү соттордо даттануу мүмкүндүгүн камсыздабастан, салык төлөөчүнү борбордук органдын Бишкек шаарында турган орду боюнча гана даттануу зарылдыгы менен шартталган оор абалга калтырууда. Бардыгынын эле борбор шаарына барып келүүгө мүмкүндүгү жок, аны билген жергиликтүү салык органдары өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышууда. Мына ушул жагдай сот алдында бардык салык төлөөчүлөрдүн тең болуусунун бузулушуна алып келүүдө.
Баяндлаганды эске алуу менен, Н. Маматжанов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 35 аныктамасын жокко чыгарууну жана кайрылууну конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, кийинки тыянактарга келүүдө.
Кайрылуунун баштапкы мазмунунан келип чыкканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун бардык жүйөлөрү жалпы жонунан салык төлөөчүнүн сот адилеттигине жетишүү маселелсине келип такалган жана бул маселе колнституциялык сот өндүрүшүнүн предмети болгон, анын жыйынтыгы боюнча арыздануучунун аргументтерине толугу менен жооп бере турган чечим кабыл алынган болуучу деген судьялар коллегиясынын тыянагын негиздүү деп эсептейт (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 17-февралындагы чечими).
Ошентип, кабыл аланган Чечимге ылайык: «... мамлекеттик бийлик органдарынын ишмерлигинин укуктук мүнөзүнѳ карата соттук контрол абсолюттук мүнөзгө ээ болушу керек жана мамлекеттик бийлик органдарынын ар кандай актыларынын бардыгына сотко даттануу мүмкүндүгүндө чагылдырылуусу керек.»
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгү салык тѳлѳѳчүгѳ ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине соттук тартипте даттануу мүмкүнчүлүгүн берүү менен императивдик мааниге ээ болгон тыюу салуучу эрежелерди камтыбаган регулятивдик-берүүчүлүк ченем болуп саналат, демек, ал талашты сотко чейинки тартипте чечүү тартибин сактагандан кийин төмөн турган салык органынын чечимине салык төлөөчүнүн сотко кайрылуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу укуктук ченем катары чечмелениши мүмкүн эмес.
Талашылып жаткан ченемди талаштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу процедурасынын конституциялык-укуктук көз карашынан дал ушундай түшүнүү жана колдонуу мүмкүн, ал тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жогоруда белгиленген Чечиминде тике көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикаысынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминин маңызы Конституциянын ченемдерин интерпритациялоодо жана аларга Конституцияга караганда тѳмѳнүрѳѳк юридикалык күчкѳ ээ болгон ченемдик укуктук актыларда ѳзүнүн туура чагылдырылуусун табышы үчүн конституциялык-укуктук маани берүүдѳ камтылат. Ушуга ылайык ал соттук актынын формасына айланат жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинин 1, 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ ылайык аткарылуунун жалпыга мидеттүүлүгү, акыркы болуу, жеңилгис жана тикелей иштѳѳ сыяктуу юридикалык сапаттар менен бѳлѳнѳт, бул аны Конституциянын ѳзүнѳ теңейт. Ошондуктан, судьялар коллегиясы, арыздануучунун укуктун ченемдерин туура эмес колдонуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткарбоо жѳнүндѳ жүйѳлѳрү укук колдонуу тажрыйбасынын жана судьялардын алар кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилигинин жаатында турат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан чечиле турган маселелердин ичине кирбейт деген жыйынтыкка туура келген.
Ошол эле убакытта, Н. Маматжанов Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бѳлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 99-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык келүүсүн текшерүүнү талап кылуу менен 2017-жылдын 23-майындагы биринчи ѳтүнүчтүн мазмунунан келип чыкпаган жүйѳлѳрдү келтирип жатканын белгилей кетүү зарыл.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бѳлүгү салык органдарынын чечимдерине Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна гана даттануу мүмкүнчүлүгүн берүү менен соттордун калкка болгон аймактык жакындыгын камсыз кылбайт жана салык тѳлѳѳчүлѳрдү соттордун алдында тең эмес абалга коюуда, - деген ырастоо судьялар коллегиясынын кароо предмети болгон эмес. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын аныктамасын кайра кароо тартибинде бул жагдайга баа берүүгѳ укуктуу эмес.
Арыздануучунун бул кѳз карашы, каралган иштин алкагында изилденгенден башка Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан таанылган укуктардын жана эркиндиктердин кѳз карашынан талашылып жаткан ченемди текшерүү жѳнүндѳ талабы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына ѳз алдынча кайрылуунун предмети боло алат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 35 аныктамасын жокко чыгаруу жана арыздануучунун даттануусун канааттандыруу үчүн негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Агрохимсервисцентр» жабык акционердик коомунун директору Нурмамат Маматжановдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын ««Агрохимсервисцентр» жабык акционердик коомунун директору Нурмамат Маматжановдун Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ өтүнүчүн ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» 2017-жылдын 23-июнундагы № 35 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы