Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-августу № 474
Автоунаа каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жана аны муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Талас облусунун Талас районундагы Нуржанов айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде, "Дэу-Леганза" маркасындагы, 1998-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 022802, кузовунун № KLAVF69WEWB142128, ак түстөгү автоунаа каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы режиминде бажылык тариздөө жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатынын наркына баапоо жүргүзсүн;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын Талас облусунун Талас районундагы Нуржанов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
3. Талас облусунун Талас районундагы Нуржанов айыл өкмөтүнө бул токтомдун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аны арналышы боюнча пайдалануу сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяданган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |