Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-августу № 470
Кыргыз Республикасында Бажы союзуна мүчө мамлекеттер менен товарларды өз ара соодалоонун статистикасын жана үчүнчү өлкөлөр менен товарларды тышкы соодалоонун статистикасын уюштуруу жана ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулушу боюнча иш-чаралардын (“жол картанын”) “Статистика чөйрөсүндө” деген XI бөлүмүндөгү иш-чараларды аткаруу, Бажы союзуна мүчө мамлекеттер менен товарларды өз ара соодалоонун статистикасын жана үчүнчү өлкөлөр менен товарларды тышкы соодалоонун статистикасын түзүү боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) товарлардын өз ара соодасынын жана тышкы соодасынын статистикасын жүргүзүү, өлкөнүн тышкы соода жүргүзүүсү боюнча информацияны даярдоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруучу, аткаруучу бийлик органдарына, Евразиянын экономикалык комиссиясына жана расмий статистикалык маалыматтын башка пайдалануучуларына маалымат берүү боюнча жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы органдарына берилүүчү товарлардын декларацияларында камтылган маалыматтардын негизинде информация даярдоону жана статистика жүргүзүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине ай сайын төмөнкүдөй маалыматтарды берүүнү камсыздасын, алар:
- Кыргыз Республикасы Бажы союзуна кошулган учурдан баштап, Бажы союзундагы өлкөлөр менен чек арада бажылык контроль сакталуучу мезгилде Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна мүчө мамлекеттер менен товарларды өз ара соодалоосунун статистикасын;
- үчүнчү өлкөлөр менен товарларды тышкы соодалоонун бажылык статистикасын (туруктуу негизде).
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине төмөнкүлөр сунушталсын:
- Бажы союзуна мүчө мамлекеттер менен товарларды өз ара соодалоонун статистикасы жана үчүнчү өлкөлөр менен товарларды тышкы соодалоонун статистикасы маселеси боюнча кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган, туруктуу иштөөчү жумушчу топ түзүү;
- Бажы союзунун товарларды өз ара соодалоодогу статистика тармагындагы ченемдик укуктук базасын жана Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен Бажы союзуна мүчө мамлекеттер менен товарларды өз ара соодалоону статистикалык байкоого алууну уюштуруу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу;
- юридикалык жана жеке жактардан маалыматтарды топтоо үчүн Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна мүчө мамлекеттер менен товарларды өз ара соодалоосунун статистикасын уюштуруу жана жүргүзүү, ошондой эле юридикалык, жеке жактардан маалыматтарды чогултуу үчүн статистикалык колдонмону иштеп чыгуу жана бекитүү.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасы Бажы союзуна кошулган учурдан баштап Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине товарларды Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагына алып чыгуучу (аймагынан алып келүүчү) салык төлөөчүлөр (юридикалык жана жеке жактар) жөнүндө болгон маалыматтарды көрсөткүчтөрдүн тараптар менен макулдашылган аталыштары жана мөөнөттөрү боюнча берип турсун.
5. Ушул токтомдун 3-пунктунда каралган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулушу боюнча иш-чараларды (“жол картаны”) аткарууга арналган каражаттардын чегинде ишке ашырылаары белгиленсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |