Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-августу № 471
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы
№ 531 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын
коммуналдык менчигине объектилерди өткөрүп берүүнүн тартиби
жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мурдагы № 35 кесиптик лицейдин имараттарын жана курулуштарын билим берүү жөнүндө мыйзамда аныкталгандай эксплуатациялоо үчүн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объектилерди өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 6-тиркеменин “Жайыл району” бөлүмүнүн “Ак-Башат айыл өкмөтү” бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
“
Мурунку №35 кесиптик лицейдин имараттары жана курулуштары , анын ичинде: а) окуу корпусу б) ашкана в) окуу мастерскаясы г) отказан д) курулуш материалдар кампасы е) № 1 жатакана ж) № 2 жатакана з) мончо и) отказан к) артезиан скважинасы л) тазалоочу курулуш м) спорт аянтчасы н) канализациялык насос станция о) өрткө каршы резервуар п) курулушу бүтпөгөн объектилер |
1 1 1 1 1
1 1 1 1 1 1 1
1 1
7 |
924103 66788 104199 49062 861
68836 68836 65400 5070 4008 1127 517
218 127
1372 |
”.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |