Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Жарандар Гульнара Аскарбековна Джитишикованын жана Улукбек Эргешевич Аширбековдун жаран Юрий Михайлович Заботуриндин кызыкчылыгындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35-о аныктамасына даттануусун канааттандыруусуз калтыруу жѳнүндѳ
2015-жылдын 1-сентябры Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: тѳрагалык кылуучу - судья Э. Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, К. М. Киргизбаев, А. О. Нарынбекова, Э. Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, Ж. И. Саалаевдын курамында, соттук отурумдун катчысы М. Э. Толобалдиевдин катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда жарандар Гульнара Аскарбековна Джитишикованын жана Улукбек Эргешевич Аширбековдун жаран Юрий Михайлович Заботуриндин кызыкчылыгындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35-о «Жарандар Гульнара Аскарбековна Джитишикованын жана Улукбек Эргешевич Аширбековдун жаран Юрий Михайлович Заботуриндин кызыкчылыгындагы кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына даттануусун карап чыкты.
Даттанууда келтирилген жүйѳлѳрдү жана жарандар Г. А. Джитишикованын жана У. Э. Аширбековдун жаран Ю. М. Заботуриндин кызыкчылыгындагы ѳтүнүчү боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 14-майында жарандар Г. А. Джитишикова жана У. Э. Аширбеков жаран Ю. М. Заботуриндин кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүн конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 99-беренесинин 3, 5-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүч менен кайрылган.
Арыздануучулардын ою боюнча талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган ченемдерине ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүк тѳмѳнкү жагдайлардын натыйжасында пайда болду.
Чүй областынын Сокулук райондук сотунун ѳндүрүшүндѳ Д. П. Заботуриндин Ю. М. Заботуринге жазган арызы боюнча жарандык иш бар. 2015-жылдын 7-апрелинде соттук отурумдун жүрүшүндѳ Ю. М. Заботуриндин ѳкүлдѳрү тарабынан иш боюнча ѳндүрүштү токтотуу жѳнүндѳ ѳтүнүч берилген, Чүй областынын Сокулук райондук сотунун 2015-жылдын 8-апрелиндеги аныктамасы менен ѳтүнүч канааттандыруусуз калтырылган. Бул аныктама Ю. М. Заботуриндин ѳкүлдѳрү менен Чүй областтык сотуна даттанылган. Бирок, Чүй областынын Сокулук райондук соту 2015-жылдын 23-апрелиндеги каты менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 338-беренесине шилтеме келтирүү менен, иш боюнча ѳндүрүштү токтотуу жѳнүндѳ ѳтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу ишти мындан ары кароого кедерги болбойт, ал эми мындай аныктамага каршы пикир апелляциялык даттанууга кошулуп берилиши мүмкүн деп белгилеп, жеке даттанууну кайтарып берген.
Ушуга байланыштуу, арыздануучулар талашылып жаткан ченем алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эч кандай чектелүүгѳ жатпаган соттук коргонууга болгон конституциялык укугун, ошондой эле чечимдерге, ѳкүмдѳргѳ жана башка соттук актыларга даттануу укугун бузуп жатат деп эсептешет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы жаран Э. А. Абылкасымовдун жаран М. С. Кусматовдун кызыкчылыгындагы кайрылуусу боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 2-бѳлүгүн, 3-бѳлүгүнүн 2-пунктун, 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, 2015-жылдын 27-мартындагы аныктамасы менен тѳмѳнкү негиздер боюнча кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тарткан.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси соттук актылардын мазмуну, таризи жана маанисине карата аларды арадагы жана жыйынтыктоочу кылып бѳлѳт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 197-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык ишти маңызы боюнча чече турган соттун чечими жыйынтыктоочу акт болуп саналат, анткени дал ушул акт менен жарандык иш боюнча ѳндүрүш аяктайт. Мыйзамдуу күчүнѳ кире элек жана кирген соттун актыларына даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 39 жана 39-1-главалары менен жѳнгѳ салынат.
Ѳз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 225-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык ишти маңызы боюнча чечпеген соттун аныктамасы арадагы соттук актылардын санына кирет. Ошондуктан арадагы соттук актыларга даттануу зарыл процесстик иш аракеттер жүргүзүлүп, иш маңызы боюнча сот тарабынан каралып жана пайда болгон талаш боюнча акыркы акт чыгаруу жолу менен иш чечилгенден кийин жыйынтыктоочу акт менен чогу жүргүзүлѳт.
Жыйынтыктоочу чечим чыкканга чейин арадагы актыларга даттануу маселесинен бѳтѳн катары Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде ишти андан ары кароого кедерги боло турган арадагы актыларга даттануу укугу каралган. Арадагы актыларды мыйдай укуктук жѳнгѳ салуу сот адилеттигин ишке ашыруунун ажырагыс бѳлүгү катары саналган процесстик үнѳмдѳѳ жана соттук актылардын укуктук аныктыгы принциптери менен шартталган. Башкача жѳнгѳ салуу соттук процесстин негизсиз чоюлушуна жана ишти ылайыктуу мѳѳнѳттѳ кароо принцибинин бузулушуна алып келмек, ал эми бул жыйынтыгында процесстин катышуучуларынын укуктарынын бузулушуна алып келмек.
Судьялар коллегиясы арадагы актылар боюнча соттун мындай укуктук кѳз карашы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 63-Р чечиминде келтирилген деп аныктады. Анда арадагы актка жыйынтыктоочу акт менен чогу даттануу мүмкүнчүлүгү кайрылуу субъекттеринин андан аркы сот инстанцияларында ѳзүлѳрүнүн укуктарын коргоого кедерги болбойт жана чектебейт.
Ар кимдин соттук коргонууга болгон укугу, укуктун бардык субъекттерине кѳз карандысыз жана адилет сот тарабынан тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугунун негизинде жүргүзүлгѳн сот адилеттигине эркин жана бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылууну, ошондой эле укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, анын ичинде соттук катачылыктардан да коргоону божомолдойт.
Сот адилеттигине мүмкүнчүлүк кызыктар адамдын сотко бузулган укугун коргоо, калыбына келтирүү максатында кайрылуу мүмкүнчүлүгүн билдирет. Бул максаттарда Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси менен мыйзамдуу күчүнѳ кире элек соттук актыларды кароочу апелляциялык сот инстанциядагы, ошондой эле мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттук актыларды кайра кароочу кассациялык жана кѳзѳмѳл сот инстанциялардагы соттук актыларды кайра кароо институту каралган.
Ошондой эле, соттук коллегия Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын мындай укуктук кѳз карашы 2014-жылдын 31-январындагы № 08-Р, 2014-жылдын 3-декабрындагы № 09-Р, 2014-жылдын 19-декабрындагы № 60-Р, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 63-Р чечимдеринде келтирилген деп белгилеген.
Ошентип, арадагы соттук актыларга даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароосунун предмети болгон жана ал боюнча өз күчүн сактаган чечим бар.
Жарандар Г. А. Джитишикова жана У. Э. Аширбеков жаран Ю. М. Заботуриндин кызыкчылыгында судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35-о аныктамасы менен макул болбостон, 2015-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылышкан.
Арыздануучулар ѳзүнүн даттануусунда алар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүн конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 99-беренесинин 3, 5-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ конкреттүү талап менен кайрылгандыгын кѳрсѳтүшѳт. Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы ѳзүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 35-о аныктамасында талашылып жаткан ченемдин конституциялуугу каралбаган 2014-жылдын 31-январындагы № 08-Р, 2014-жылдын 3-декабрындагы № 09-Р, 2014-жылдын 19-декабрындагы № 60-Р, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 63-Р чечимдерге шилтеме кылды деп белгилешет.
Ошондой эле, арыздануучулар арадагы соттук актыларга даттануу маселеси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароосунун предмети болгон деген судьялар коллегиясынын кѳз карашынын негизсиздиги жѳнүндѳ жана Кыргыз Республикасында мыйзамдын аналогиясына же болбосо укуктун аналогиясына жол берилет, бирок соттук чечимдердин аналогиясына жол берилбейт деп белгилешет.
Ушулардын негизинде жарандар Г. А. Джитишикова жана У. Э. Аширбеков жаран Ю. М. Заботуриндин кызыкчылыгында судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35-о аныктамасын жокко чыгарууну жана алардын ѳтүнүчүн ѳндүрүшкѳ кабыл алууну суранышат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучулардын жүйѳлѳрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуусунун негиздерин талкуулап, тѳмѳнкү жыйынтыктарга келди.
Судьялар коллегиясынын соттук коргонуу укугун ишке ашыруу маселеси боюнча, анын ичинде 2014-жылдын 31-январындагы № 08-Р, 2014-жылдын 3-декабрындагы № 09-Р, 2014-жылдын 19-декабрындагы № 60-Р, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 63-Р чечимдерде камтылган арадагы жана жыйынтыктоочу соттук актыларга даттануу укугу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укуктук кѳз карашы бар деген жыйынтыгы негиздүү деп эсептелинет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ѳз ишинде каралган маселелер боюнча Конституциялык палата тарабынан иштелип чыккан укуктук кѳз караштарды камтыган чечимдерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамды жетекчиликке алат.
Ушуга байланыштуу, окшош укуктук мамилелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укуктук кѳз караштарына шилтеме кылуу соттук чечимдердин аналогиясын колдонуу катары бааланбашы керек, анткени Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укуктук кѳз караштары анын конкреттүү ченемдик укуктук актыларга эмес, маанилүү укуктук кубулуштарга болгон мамилеси катары түшүнүлѳт.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 5-пунктуна ылайык эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселенин конституциялуугу Конституциялык палата тарабынан текшерилсе жана анын өз күчүн сактаган актысы бар болсо, коллегия кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат. Аталган ченем кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негизи катары ѳзүнчѳ ченемдин гана эмес, укук маселенин конституциялуугунун мурда текшерүүсүн белгилейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 31-январындагы № 08-Р, 2014-жылдын 3-декабрындагы № 09-Р, 2014-жылдын 19-декабрындагы № 60-Р, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 63-Р чечимдеринде арадагы соттук актыларга даттануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ѳзүнүн укуктук кѳз карашын билдирип койгондуктан судьялар коллегиясы кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан мыйзамдуу баш тарткан.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35-о «Жарандар Гульнара Аскарбековна Джитишикованын жана Улукбек Эргешевич Аширбековдун жаран Юрий Михайлович Заботуриндин кызыкчылыгындагы кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгарууга негиз тапкан жок.
Жогорулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жарандар Гульнара Аскарбековна Джитишикованын жана Улукбек Эргешевич Аширбековдун жаран Юрий Михайлович Заботуриндин кызыкчылыгындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35-о «Жарандар Гульнара Аскарбековна Джитишикованын жана Улукбек Эргешевич Аширбековдун жаран Юрий Михайлович Заботуриндин кызыкчылыгындагы кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы