Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 489
Дем алыш күндү которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-сентябрындагы дем алыш күнү 2014-жылдын 5-сентябрындагы жумуш күнүнө которулсун.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |