Загрузка документа…
КР Өмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябры № 638 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 492
Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- 2014-жылдын 28-августунан тартып 2015-жылдын 31-августуна чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын жалпы республика боюнча чогултсун жана өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандары 16 жаш куракка жеткен учурда же Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди алууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын туруктуу негизде чогултсун.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултууга ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |