Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Жаран Р. Абдыкасымовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 17-мартындагы № 11-о аныктамасына даттануусун канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө
2016-жылдын 1-июну Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: тѳрагалык кылуучу - судья М. Ш. Касымалиев, судьялар К. Абдиев, Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, К.М. Киргизбаев, Э. Т. Мамыров, Ч. О. Осмонова, Ж. И. Саалаевдин курамында, соттук отурумдун катчысы М. Э. Толобалдиевдин катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда жаран Р. Абдыкасымовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 17-мартындагы №11-о «Жаран Ракымберген Абдыкасымовдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына даттануусун карап чыкты.
Даттанууда келтирилген жүйѳлѳрдү жана жаран Р. Абдыкасымовдун ѳтүнүчү боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 29-февралында жаран Р. Абдыкасымовдун «Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн негизги карыздар, кошулган проценттер, үстөктөр, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча кайтарылгыс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №807 Токтому жана «Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 1, 2-бөлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Өз талаптарын негиздөө үчүн, арыздануучу, мамлекет менен ишкердик субъекттеринин өз ара мамилелеринде мамлекет жана анын органдары коомдун милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт, ошол эле учурда коом да мамлекеттин жана анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт, деген принципке ылайык урулушу керек деп эсептейт, ал эми дивиденддер акционерлердин өздөрүнүн жеке менчиги болуп саналат («Акционердик коомдор жѳнүндѳ» Мыйзамдын 3-берененин 1-пункту, 31-беренесинин 1-пункту). Акционердик коомго таандык болгон мүлк жеке менчик объектиси экендигин эске алып, мамлекетке же муниципалдык түзүмгө башка бардык акционерге мүнөздүү болгон укуктарды жараткан акцияларга гана жеке менчик укугуна ээ болот. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык менчик колтийгис; эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес; менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет (12-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрү). Бул учурда, «Акционердик коомдор жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык акционердик коомдун мүлкүн ээлөө, колдонуу жана тескѳѳ укугу коомду башкаруу жогорку органына- акционерлердин жалпы чогулушуна гана берилген.
Ушуга байланыштуу, Р. Абдыкасымов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Жогорку Кеңеши «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун менчик ээлери болбой туруп, өзүнүн ченемдик укуктук актылары менен бул коомдун жеке менчик маселелерин чечүүгө укуктуу эмес болчу деп эсептейт.
Р. Абдыкасымовдун пикири боюнча, дебитордук карызды жокко чыгаруу учурунда эскирүү мөөнөтүнүн бүткөнү боюнча бөлүгүндө жарандык мыйзамдардын ченемдери сакталган эмес. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү талашылып жаткан токтомду чыгарып жатып, «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын субъекттин иш-аракеттери жѳнүндѳ толук жана так маалыматты түзүү бөлүгүндө ченемдерин аткарган эмес; негизги карыздар боюнча кайтарылгыс карыздарды чыгаруу усулусу боюнча талаптарды аткарган эмес; «Чыгышэлектр» акционердик коомунун жалпы чогулушун өткөргөн эмес. Ошондуктан, талашылып жаткан актылар, арыздануучунун пикири боюнча адамдын жеке менчиктин кол тийбестигине болгон фундаменталдык укугун бузат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө тике карама-каршы келет.
Далил катары арыздануучу, «Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талашылып жаткан токтому, «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды сактабастан кабыл алынган жана «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин бир катар беренелерине карама-каршы келерин көргөзгөн жана анын пикири боюнча алардын жеке менчик укугунун бузулушуна алып келген.
Арыздануучу, ошондой эле, конституциялуугу талашка түшүп жаткан Кыргыз Республикасынын токтому Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен талашылып жаткан мыйзамды кабыл алганга чейин чыгарылгандыгын белгилеген, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн талаптарына карама-каршы келет, алар ченемдик укуктук актылардын ортосундагы иерархияны, кабыл алуу тартибин, иреттүүлүгүн жана өз ара байланышын аныктайт.
Жогорулардын негизинде, арыздануучу анын ѳтүнүчүн канааттандырууну жана талашылып жаткан ченемдик укуктук актыларды конституциялуу эмес деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы жаран Р. Абдыкасымовдун кайрылуусун жана ага тиркелген иштин материалдарын изилдеп чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бѳлүгүн, 3-бѳлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, 2016-жылдын 17-мартындагы аныктамасы менен тѳмѳнкү негиздер боюнча кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тарткан.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык судьялар коллегиясы кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуу маселесин чечүүдѳ, биринчиден кайрылууда коюлган маселелердин конституциялык сот ѳндүрүшүнѳ таандыгы жана ѳтүнүчтүн аталган конституциялык Мыйзам менен кайрылууларга коюлган талаптарга ылайык келүүсү менен жетектенет.
Бирок, Р. Абдыкасымов өзүнүн өтүнүчүндө, судьялар коллегиясынын буга чейин өзү берген ушуга окшогон талаптар менен өтүнүчүндө берилген эскертүүлөрдү эске алган жок.
Мындан сырткары, арыздануучу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 5-ноябрындагы № 10-п «Жарандар Р. Абдыкасымов жана А. А. Галиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 9-июлундагы № 39-о аныктамасына даттануусун канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө» токтомунда көргөзүлгөн далилдер да эске алынган эмес. Бул токтомдо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жол-жоболорун сактоону жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна шайкештигин текшерүү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына караштуу эмес деп кѳрсѳтүлгѳн. Буга окшогон текшерүүлөр жалпы юрисдикциядагы соттор тарабынан ишке ашырылышы керек.
Талашылып жаткан мыйзамдын өзү да болгону үч беренеден гана тураарын судьялар коллегиясы да белгиледи. Бирок бул мыйзамдын ченемдери жеке менчик укугунун кол тийбестигине кол салаары өтүнүчтө ачылып берилген жок, жеке менчик укугун бузуусу гана көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу, судьялар коллегиясы бул ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктама кабыл алган.
Жаран Р. Абдыкасымов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 17-мартындагы № 11-о аныктамасы менен макул болбостон, 2016-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайра кайрылган.
Өзүнүн даттануусунда арыздануучу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында, судьялар коллегиясы өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан учурлар көрсөтүлгөн. Бул учурда, өтүнүчтү кабыл алуудан баш тартуунун башкы негизи катары судьялар коллегиясы, алар тарабынан коюлган маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына кирбей тургандыгын көргөзүшкөн.
Арыздануучу, берилген өтүнүчтө талашылып жаткан Мыйзамдын Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келгендигин текшерүүнү гана суранганын белгилеген (12-берененин 1, 2 – бѳлүктѳрү, 20-берененин 2-бѳлүгү, 88 – берененин 1-бѳлүгүнүн 7-пункту), ал Кыргыз Республикасынын кабыл алынган ченемдик укуктук актыларынын жол-жоболорун сакталышын текшерүүнү суранган эмес.
Арыздануучу, судьялар коллегиясы, судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 9-июлундагы аныктамасына таянып, өтүнүчтү кароого формалдуу мамиле жасалгандыгын жана алар келтирген далилдер далилдүү эмес деп эсептейт. Арыздануучунун пикири боюнча, ѳтүнүчтө, кайрылууну өндүрүшкө алуу үчүн жетиштүү укуктук далилдер келтирилген.
Арыздануучунун пикири боюнча, талашылып жаткан мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда, адамдын фундаменталдык укуктары жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери бузулган.
Арыздануучунун позициясы - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 39, 42 – беренелерине, «Акционердик коомдор жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 3-пунктуна, 39-беренесинин 4, 6, 11-пункттарына ылайык, директорлор кеңеши менен текшерүүчү комиссиянын мыйзамсыз бошотулган мүчөлөрүн кайра мурдагы кызматтарына алынууну, аталган адамдардын ишке аргасыз барбаган күндөрү үчүн акча каражатын төлөп берүүгө жетишүү жана аларга моралдык зыяндын ордун толтурууну көздөйт.
Ошондой эле арыздануучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талашылып жаткан Токтому Жогорку Кеңештин талашылып жаткан Мыйзамы кабыл алынганга чейин жана ага Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгонго чейин чыкканын белгилейт.
Жогорулардын негизинде, жаран Р. Абдыкасымов, судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 17-мартындагы № 11-о аныктамасын жокко чыгарууну жана анын ѳтүнүчүн ѳндүрүшкѳ кабыл алууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ негиздемелерди карап чыгып, төмөнкү тыянактарга келди.
Бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдеринен чыгат жана аларга негизделет, ал укуктук тутумдун жана Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарынын булагы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, бир мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын башкалардыкынан бѳлүштүрүү үчүн так тутумдаштырылган, бул мамлекеттик органдардын иш-милдеттерин жана маселелерин кайталоочулукка жол бербейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктардын көлөмүнөн алып караганда, мамлекеттик бийлик органдары ар бири өз деңгээлинде, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын корголушун камсыз кылат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна окшогон, ченемдик укуктук актылардын аткарылышы үчүн кабыл алынган, мыйзамдар жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын туура эмес чыгарылган учурлары жалпы юрисдикциядагы соттордо каралат жана чечилет.
Ушул жалпы юрисдикциядагы соттор, иштин факты жүзүндөгү иштин жагдайларын, анын ичинде мамлекеттик органдар, алардын кызмат адамдары тарабынан, алар өздөрүнүн ченем жаратуучу ишмердүүлүгү жүргүзүп жаткан учурда кетирилген укук бузуулар фактылары боюнча жагдайларды, алардын катарына ченемдик укуктук актыларды чыгарууну (кабыл алууну) да карап чыгышат жана аныкташат.
Арыздануучунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талашылып жаткан токтому боюнча келтирген далилдери, бул акт алар тарабынан көргөзүлгөн талаптарды кармабай жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарынын камтыган мүнөзүн көңүлгө алуу менен кабыл алынганына алып келгенин эске алып, бул пункт боюнча судьялар коллегиясынын корутундулары негизделген болуп саналат. Мындан сырткары, бул Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 10-п токтомунда да көрсөтүлгөн, бул акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
«Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун бошотулган директорлор кеңеши менен текшерүүчү комиссиянын мүчөлөрүн мурдагы кызматтарына кайра алынуу, ишке аргасыз барбаган күндөрү үчүн акча каражатын төлөп берүүгө жана моралдык зыяндын ордун толтурууга байланышкан маселелер жалпы юрисдикциядагы соттордо чечилиши керек.
«Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы талашылып жаткан мыйзам электр энергетикасынын субъекттеринин акционерлеринин укугун басмырлаган же аларга тийишкен дивиденддерди төлөөгө тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди камтыбай турганын белгилейт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын корутундулары негизделген болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 17-мартындагы № 11-о аныктамасын жокко чыгарууга негиз тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жарандар Р. Абдыкасымовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 17-мартындагы № 11-о «Жаран Ракымберген Абдыкасымовдун кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» аныктамасына даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы