Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 29 – майындагы № 24-о «Жаран Аманова Гулиза Алишеровнанын ѳкүлү Джапаркулов Самат Тургунбековичтин кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына жаран Аманова Гулиза Алишеровнанын ѳкүлү Джапаркулов Самат Тургунбековичтин даттануусун кароодон баш тартуу жѳнүндѳ
2015-жылдын 1-сентябры Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы курамында: тѳрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.М. Киргизбаев, , А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаев, соттук отурумдун катчысы М.Э. Толобалдиевдин катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамдын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда жаран Аманова Гулиза Алишеровнанын ѳкүлү Джапаркулов Самат Тургунбековичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 29-майындагы № 24-о аныктамасына карата даттануусун карап, тѳмѳнкүлѳрдү
ТАПТЫ:
Жаран Г.А. Аманованын ѳкүлү С.Т. Джапаркулов 2015-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине карама-каршы келет деп таап берүү ѳтүнүчү менен кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы ѳзүнүн аныктамасында тѳмѳнкүлѳрдү белгилеген. Г.А. Аманова менен «Центр-Кредит-Бизнес» микрокредиттик агенттигинин ортосунда 2010-жылдын 9-августунда №554 насыя келишими түзүлгѳн.
Арыздануучу аталган келишимдин шарттары менен макул болбой Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылган. Аталган райондор аралык сот Г.А. Аманованын арызын кабыл албай, берилген арыз Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотуна (мындан ары –Эл аралык бейтарап соту) караштуулугун билдирген.
2013-жылдын 12-августунда «Центр-Кредит-Бизнес» микрокредиттик агенттигинин арызы боюнча Эл аралык бейтарап сотунун чичими менен Г.А. Амановадан 1 356 105 сом насыя карызы ѳндүрүлгѳн. Күрѳѳдѳ турган Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №4/280 жер тилкеси жана андагы Г.А. Аманованын салынып жаткан турак-жайы тоорукка (аукционго) койюлуп сатылуусу каралып, Эл аралык бейтарап сотунун чичими акыркы болуп эсептелери жана даттанууга болбостугу кѳрсѳтүлгѳн.
Ошонун негизинде, арыздануучу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине карама-каршы келет деп эсептейт.
Г.А. Аманова ѳз ѳтүнүчүндѳ аталган мыйзам аны Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жергиликтүү сотторго жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылуу аркылуу соттук коргонуу укугунан ажыраткандыгын билдирген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судъялар коллегиясы жаран Г.А. Аманованын ѳкүлү С.Т. Джапаркуловдун кайрылуусун карап чыгып, аталган кайрылууда талашып жаткан мыйзам тууралуу так укуктук негиздемелер келтирилбегендигин, мызамдын кайсы ченемдери талаш туудургандыгы такталбагандыгын, арыздануучу ѳзүнүн кайрылуусунда конституциялуулугу талашылып жаткан мыйзамдын кээбир гана ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эместигине негиздеме келтиргендигин белгилеп, аны ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тарткан.
Жаран Г.А. Аманованын ѳкүлү С.Т. Джапаркулов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы кабыл алган аныктамасы менен макул болбогондугун билдирип, 2015-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Кайрылуучу даттануусунда 2015-жылдын 23-апрелиндеги ѳтүнүчүндѳ кѳрсѳтүлгѳн маселелерди кайрадан кайталап, Эл аралык бейтарап сотунун чичими менен макул болбогондугун жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине карама-каршы келет деп билдирген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы даттануунун жүйѳлѳрүн изилдеп чыгып, даттанууну канааттандырууга жана ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алууга негиз тапкан жок.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, Кыргыз Республикасынын Конституциянын 97-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, конституциялык контролдоону жүзѳгѳ ашыруучу орган болуп саналат. Ушул эле берененин 7-бѳлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе, ар бир адам алардын конституциялуулугун талашууга укуктуу.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин талаптарына ылайык, судьялар коллегиясы кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуу маселесин чечүүдѳ, баарынан мурда, кайрылууунун мазмуну жана таризи мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн аныктайт. Тактап айткапда, атапган конституциялык мыйзамдын 25-беренесинде кайрылууга коюлуучу жалпы талаптарды бекитилген. Аталган берененин 8, 9-пункттарына ылайык кайрылууда конкреттүү, конституциялык мыйзамда кѳрсѳтүлгѳн кайрылууну кароо негиздери; кайрылуучунун коюлган маселе боюнча кѳз карашы жана аны Кыргыз Республикасынын Конституциянын ченемдерине шилтеме менен укуктук негиздемеси кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш. Бул, конституциялуулугун талашып жаткан ченем тууралуу кайрылуучунун күмѳн саноосу объективдуу негиздемелер менен бекемделиши жана так айкындалышы керек экендигин билдирет.
Кайрылуучу Г.А. Аманова конституциялуулугун талашып жаткан мыйзам боюнса так укуктук негиздемелерди келтирген эмес, кайрылууда күмѳн туудурган ченемдерди конкреттуу түрдѳ кѳрсѳтпѳгѳн.
Жогорулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 46, 47, 48, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
Жаран Г.А. Аманованын ѳкүлү С.Т. Джапаркуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 29 – майындагы № 24-о аныктамасына келтирилген даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы жана даттанууга жатпайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы