Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Рита Рахмановна Карасартованын, Омуркул уулу Уландын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 36 аныктамасына даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө
2017-жылдын 2-октябры Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, соттук отурумдун катчысы Н.А. Кененсариеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Р.Р. Карасартованын, Омуркул уулу У. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 36 аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
Жарандар Р.Р. Карасартованын, У. Омуркул уулунун даттануусунда баяндалган жүйөлөрдү жана өтүнүч боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 17-майында жарандар Р.Р. Карасартованын, У. Омуркул уулунун Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 630-беренесинин 1-бөлүгүн конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-,8-пункттарына, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучулар белгилегендей, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 630-беренесинин 1-бөлүгүндө администрациялык камак жөнүндө токтом ал чыгарылгандан кийин токтоосуз аткарыла тургандыгы тууралуу жобону орнотуу менен администрациялык камак салуу жѳнүндѳ соттук токтомдордун акыркы болуу сыяктуу өзгөчөлүгүнѳ жол берүүдѳ.
Арыздануучулардын пикири боюнча, талашылып жаткан ченемдердин мааниси боюнча администрациялык камакка алуу жөнүндө соттун токтому жарыяланары менен токтоосуз аткарылууга тийиштүү, даттанууга мөөнөттү эске албастан жана колдонулбастан мыйзамдуу күчүнө кирет, ошентип бул чечимге даттанууну өзү эч кандай бир акылга сыяр мааниге ээ болбой калууда. Демек, соттун токтомунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн жогору турган соттук инстанцияга кайрылуу укугу, ошону менен бирге административдик камакка алуу учурунда анын аткарылуусун токтото туруу мүмкүнчүлүгү да жокко чыгарылган. Маанисин карасак, мыйзамдуу түрдө күчүнө кирбеген токтомдун аткарылуусу жөнүндө кеп жүрүп жатат. Мындай мыйзам чыгаруучулук орнотмо административдик камакты дайындоодо жарандардын соттук коргоого конституциялык укуктарынын сакталышын бузууга, соттук каттааны оңдоо жана аны болтурбоо кепилдигинин азайышына алып келет.
Ошондой эле жарандар Р.Р. Карасартова, У. Омуркул уулу эркиндикти жана жеке кол тийбестикти чектөөгө байланыштуу кырдаалдарда соттук коргоо кепилдиги өзгөчө мааниге ээ болот деп эспетешүүдө. Соттук токтомго даттануу мүмкүн эмес болгон учурда мындай чечимдер инсанга кийинчирээк ордун тургузууга мүмкүн болбогон заянды келтирип, анын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин олуттуу чектеп коюшу мүмкүн. Демек, эркиндиктен (камак) ажыратууга байланыштуу маселелерде администрациялык-айыптык укук мамилелердин субъекттери соттун биринчи инстанциясынын токтомуна токтоосуз даттануу мүмкүндүгү менен камсыздалышы керек.
Арыздануучулардын өтүнүчүндө конкреттүү жагдайлар келтирилүүдө, аларга ылайык талашылып жаткан ченемди Свердлов райондук соту колдонуусу натыйжасында айрым жарандар администрациялык камакка алынышкан, Бишкек шаарынын ИИББнын кабыл алуу – бөлүштүргүчүнө камалган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 630-беренесинин 1-бөлүгүн конституциялуу эмес деп таанууну өтүнгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин экинчи абзацын, 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, 2017-жылдын 23-июнундагы № 36 аныктамасы менен өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан кийинкидей негиздер боюнча баш тарткан.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин талаптарына ылайык мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу - ишти кароого негиз болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 38-беренесине ылайык беш суткалык администрациялык камоо соттук тартипте гана, б.а. соттук актынын негизинде гана салынуучу администрациялык жаза-чара көрүүнүн негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 595-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча администрациялык жоопкерчилик жөнүндө токтом тиешелүү жогору турган органга (кызмат адамына) же райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн, ал эми биринчи инстанциядагы соттук органдын чечими менен макул болбогон учурда аппеляциялык, кассациялык жана көзөмөл тартибинде ал даттанылышы мүмкүн.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 598-беренесинде даттануу берүү администрациялык жаза-чара көрүү жөнүндө токтомдун аткарылышын даттануу сот (судья), орган (кызмат адамы) тарабынан каралганга чейин токтотула турат деп белгиленген. Даттанууну кароонун мөөнөтү ушул Кодекстин 599-статьясы тарабынан каралган, ага ылайык Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу сот (судья), орган (кызмат адамы) тарабынан келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом соттук тартипте даттанылышы, администрациялык жаза-чара көрүү жөнүндө токтом ага карата даттануу берилген учурда администрациялык жаза-чара көрүүнүн же андай жаза-чараны салган органдын түрүнө карабастан аткарылышын токтото туруу мүмкүндүгү белгилейт.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, судьялар коллегиясы талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсү маселесинде күмөндүүлүктү тапкан жок, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында ишти кароо үчүн сөзсүз шарт болуп саналат. Арыздануучу белгилеген проблемалар укук колдонуу тажрыйбасы жаатында турат да, Конституцияга жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарымдар алкагына кирбейт.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, эгер кайрылуу мазмуну жана таризи боюнча жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартышат.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алышкан.
Р.Р Карасартова жана У. Омуркул уулу судьялар коллегиясынын аныктамасы менен макул болбой, 2017-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Р.Р. Карасартованын жана У. Омуркул уулунун даттануусунда алар талашып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде күмөндүүлүк бар, дал ошол күмөндүүлүк жарандардын соттук коргоого конституциялык укугун, б.а. соттук актыга даттануу укугун чектейт деп белгилешүүдө. Талашылып жаткан ченем соттук актынын мыйзамдуу түрдө күчүнө кирүүсүнүн жалпы эрежелеринин маанисин жокко чыгарат да, мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек актынын аткарылышынын мыйзамдуулугунда маселелерди да туудурат.
Арыздануучулардын пикири боюнча, соттук коргоого укук абсолюттук мүнөзгө ээ, ал универсалдуу жана өзүндө өзгөчөлүктөрдү камтый албайт, алардын көрүнүштөрүнүн бири адамдын өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнүн болуусу саналат. Бардык адамдарга Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адамдын, жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана камсыздоо милдети мамлекетке жүктөлгөн. Өзүнүн укуктук табиятына жараша соттук коргоого укук адамдын негизги ажыратылгыс укуктар менен эркиндиктерине таандык жана ошол эле учурда бардык башка укуктар менен эркиндиктердин кепилдиги болуп саналат.
Ошондой эле, арыздануучулар өзүнүн даттануусунда Конституциялык палатынын соттук коргоо укуктары маселелери боюнча чечимдериндеги мындай укуктун фундаменталдык мааниси жогору турган инстанциянын соттук актыларды кайра карап чыгуу мүмкүндүгүндө туюнтулат деп көрсөтүлгөн укуктук көз караштарына шилтеме жасоодо. Дал ушул максаттарда Конституцияда жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу эч кандай чектелүүгө тийиш эмес (20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пункту). Бул конституциялык орнотмо өзүнүн укуктук табияты боюнча соттук коргоого укуктун абсолюттук курамы жана ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат (20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту). Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык жоболор адамдын, жарандын бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо системасы алкагында кайра каратуу жана соттук актыларды жогору турган инстанциянын сотторунда даттануу тартибин караган соттук механизмди түзүү жана анын иштеши менен мыйзамдуу түрдѳ камсыздалган.
Андан ары арыздануучулар, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин айрым ченемдерине алардын жүргүзгөн анализи жарандардын конституциялык укуктарынын бузулушуна алып келген орчундуу карама-каршылыктардын аныктоого жол берди деп көрсөтүшүүдө.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 595-беренеси административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго соттук тартипте даттануу укугун белгилейт. Арыздануучулардын пикири боюнча, административдик камоо каралган административдик жаза-чарасы каралган административдик укук бузуулар жөнүндө кеп болууда, ал өзгөчө чара жана өтө оор жосундарга карата гана колдонулат. Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 630-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык административдик камоо жөнүндө токтом чыгарылары менен дароо аткарылат, башкача айтканда бул ченем мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек соттук актынын аткарылуусуна жол берет. Муну менен укук бузуучу Конституция кепилдеген соттук коргоого болгон конституциялык укугунан нагыз түрдө ажыратылууда, бул укукту колдонуу мүмкүндүгү бул соттук актыга даттануу болобу-болбойбу, ага карабастан берилиши керек.
Ушуга байланыштуу, Р.Р. Карасартова, У. Омуркул уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 36 аныктамасын жокко чыгарууну жана кайрылууну конституциялык өндүрүшкө кабыл алууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучулардын жүйөлөрүн жана судьялардын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу негиздерин талкуулап, кийинкидей тыянактарга келишти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы келип түшкөн кайрылуудан баш тартуу же аны өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө маселени чечүүдө, биринчи кезекте кайрылууда коюлган маселелердин конституциялык сот өндүрүшүнө мүмкүндүгүнөн келип чыгат.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу - ишти кароого негиз болуп эсептелет деп белгиленген.
Бирок арыздануучунун жүйөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин ченемдеринин анализи укук колдонуучулук тажрыйбасы жаатындагы проблемалар жөнүндө күбөлөндүрөт жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин талашылып жаткан ченемдеринин конституциялуулугу күмөн ойлорду ырастаган укуктук аргументтер көз карашынан каралышы мүмкүн эмес.
Арыздануучулар даттанылып жаткан өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктаманын мазмунун көңүлүнө алган жок дагы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин мыйзамдуу түрдө күчүнө кирбеген соттук актылардын аткарылуусуна алып келген жана мүмкүн болуучу соттук катаны жокко чыгаруу максатында жогору турган сотко соттук актыларды даттанууга ар кимдин укугун бузулушуна алып келген орчундуу карама-каршылыктар бар деп кайталап келтирүүдө.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы белгиленген Кодекс ар кимдин соттук коргоого конституциялык кепилдиктерин жана жогору турган сот тарабынан соттук актыларды кайра каратуу укугун жүзөгө ашыруучу зарыл болгон укуктук механизмдерди камтыйт деп белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси административдик камоо жөнүндө токтомдун өзгөчө тартибин бекитүү менен мындай жаза-чарасын алган адамга карата соттук коргоо кепилдиктерин да карайт. Административдик камоо жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом иш каралып чыккандан кийин дароо жарыяланат, бул токтомго даттануу жогору турган сот тарабынан 10 күндөн кечиктирилбей каралууга тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 598-беренесине ылайык даттануу берүү администрациялык жаза-чара көрүү жөнүндө токтомдун аткарылышын даттануу сот (судья), орган (кызмат адамы) тарабынан каралганга чейин токтотула турат. Жогоруда аталган Кодекстин бул беренеси жалпы аракеттеги камсыздоочу укуктук ченем болуп саналып, жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укуктун тоскоолдуксуз жүзөгө ашырылуусун кепилдеген көрсөтмөнү камтыган императивдик мүнөзгө ээ болот да, судьялар коллегиясы белгилегендей административдик жаза-чарасынын түрүнө же мындай жаза-чарасын салган органга карабастан эч кандай өзгөчө мамиле жасабайт.
Ошентип, каралып жаткан тартип соттук коргоого жана жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укуктун жүзөгө ашырылуусуна тоскоолдук кылбайт.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, судьялар коллегиясынын талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде күмөндүүлүк жок деген тыянактары негизделген болуп саналат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын даттанылып жаткан аныктамасын жокко чыгаруу үчүн негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46-, 47-, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рита Рахмановна Карасартованын, Омуркул уулу Уландын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жарандар Рита Рахмановна Карасартованын, Омуркул уулу Уландын Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 630-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2017-жылдын 23-июнундагы № 36 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага кылуучу: Судьялар: | Э.Т.Мамыров |