Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Жарандар Р. Абдыкасымов, А. А. Галиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 9-июлундагы № 39-о аныктамасына даттануусун канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө
2015-жылдын 5-ноябры Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: тѳрагалык кылуучу - судья М. Ш. Касымалиев, судьялар К. Абдиев, Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, К. М. Киргизбаев, Э. Т. Мамыров, Э. Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, Ж. И. Саалаевдын курамында, соттук отурумдун катчысы М. Э. Толобалдиевдин катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда Р. Абдыкасымов, А. А. Галиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 9-июлундагы № 39-о «Жарандар Ракымберген Абдыкасымов жана Айдарбек Авазович Галиевдин кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» аныктамасына даттануусун карап чыкты.
Даттанууда келтирилген жүйѳлѳрдү жана жарандар Р. Абдыкасымов жана А. А. Галиевдин ѳтүнүчү боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 4-июнунда жарандар Р. Абдыкасымов жана А. А. Галиевдин «Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана «Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн негизги карыздар, кошулган проценттер, үстөктөр, финансылык,айыптык жана салыктык санкциялар боюнча кайтарылгыс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2009-жылдын 25-декабры N 807 токтомун конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө, 12-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 101-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Арыздануучулар менчик укугу адам үчүн юридикалык камсыз кылынган мүлк менен мыйзам чыгаруучу менен бекитилген чекте өз кароосуна жараша ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө мүмкүнчүлүгүн билдирет деп эсептешет. Ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу өзүнө мыйзам чыгаруучу менен каралган максаттарды ишке ашырууга кызмат кылган иш аракеттерди гана кылуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Арыздануучулардын ою боюнча мындай максаттар болуп чарбалык иштердин жыйынтыгы боюнча пайда көрүү жана дивиденттерди төлөөгө багытталган «Востокэлектро» ачык акционердик коомунун (мындан ары – Коом) уставдык максаттары эсептелинет.
Ушуга байланыштуу, арыздануучулар, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү аткаруу бийлигинин жогорку органы катары акционердик коомдун ишине кийлигишүүгѳ, дебитордук карыздарды эсептен чыгаруу маселелерин чечүү менен акционерлерди Коомдун ишинен түшкѳн дивиденттерди алуу укугунан ажыратууга укугу жок эле деп белгилешет.
Арыздануучулар Коомдун мүлкүнѳ ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу коомду башкаруу жогорку органына – акционерлердин жалпы чогулушуна берилген, ал эми талашылып жаткан токтомду кабыл алуу жана ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 88-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 7-пунктуна карама-каршы келет деп белгилешет.
Жарандар Р. Абдыкасымов, А. А. Галиев талашылып жаткан токтомду ишке ашыруу кайтарылгыс карыздарды эсептен чыгаруунун Методикасынын буйруусун бузуу менен ѳткѳрүлгѳн, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү бухгалтердик эсептин максаттарын жана принциптерин аткарган жок; кайтарылгыс карыздарды эсептен чыгаруудагы доонун эскиришинин мѳѳнѳтү тууралуу бѳлүгүндѳ жарандык мыйзамдардын ченемдерин сактоону камсыз кылган жок. Алардын айтышы боюнча кредитор-уюм карыздын кайтарылгыстыгын дадилдеши керек, ал эми ал үчүн карыздын инвентаризациясын ѳткѳрүшү, эсептен чыгарууга жаткан карыздарды табышы керек, ошондой эле кѳз карандысыз аудитордун анык корутундусунун болушу зарыл.
Арыздануучулар Кыргыз Республикасынын 6-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 6-беренелерине ылайык Ѳкмѳт мыйзам менен бекитилген тартипте талашылып жаткан Мыйзам кабыл алынып жана күчүнѳ киргиче талашылып жаткан токтомду чыгарууга укугу жок эле. Ошондуктан, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Мыйзамдын ѳзүн ишке киргизгенге чейин Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн токтомун чыгаруу жана ишке ашыруу конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет.
2011-жылдын 8-апрелинде Коомдун акционерлеринин жалпы жылдык чогулушу болуп ѳттү, анын жыйынтыктары боюнча Коомдун директорлор Кеңешинин ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда алып салуу жѳнүндѳ чечим кабыл алынган. Арыздануучулардын ою боюнча бул чогулушта мыйзамдардын талаптарын одоно бузуулары болгон, бул А. Галиев, Р. Абдыкасымов жана Б. Борбашеванын доо арыз менен сотко кайрылуусу үчүн негиз болгон.
Ысык-Кѳл областтык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 18-июнундагы чечими менен аталган жарандардын Коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунда кабыл алынган бардык чечимдер мыйзамга ылайыксыз жана жараксыз деп таануу жѳнүндѳ арызы канааттандырылган. Ысык-Кѳл областтык сотунун 2014-жылдын 20-августундагы аныктамасы менен биринчи инстанциядагы соттун чечими ѳзгѳртүүсүз, «Востокэлектро» ачык акционердик коомунун Башкы директорунун апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2015-жылдын 21-январындагы токтому менен биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун чечимдери жокко чыгарылган; аталган жарандардын 2011-жылдын 8-апрелиндеги «Востокэлектро» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунда кабыл алынган бардык чечимдер мыйзамга ылайыксыз жана жараксыз деп таануу жѳнүндѳ арызы канааттандыруусуз калтырылган.
Ушуга байланыштуу, арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясы кѳзѳмѳл иретиндеги даттанууну кароодо соттун Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укугу жок деп бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 101-беренесинин 1-бѳлүгүнүн талабын бузган деп эсептешет.
Жогоруда аталгандардын негизинде арыздануучулар алардын ѳтүнүчүн канааттандырууну жана талашылып жаткан ченемдик укуктук актыларды конституциялуу эмес деп таанууну суранышат.
Судьялар коллегиясы, жарандар Р. Абдыкасымов, А. А. Галиевдин кайрылуусун жана ага тиркелген иштин материалдарын изилдеп чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 2-бѳлүгүнүн негизинде өтүнүчүтүн текшерүүсүн жүргүзгөн судья Э. Т. Мамыровдун маалыматын угуп, тѳмѳнкү жыйынтыктарга келди.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 1-бѳлүгүнѳ ылайык судьялар коллегиясы кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуу маселесин чечүүдѳ, биринчиден кайрылууда коюлган маселелердин конституциялык сот ѳндүрүшүнѳ таандыгы жана ѳтүнүчтүн аталган конституциялык Мыйзам менен кайрылууларга коюлган талаптарга ылайык келүүсү менен жетектенет.
Келтирилген материалдан келип чыккандай, арыздануучулардын жүйѳлѳрү «Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн талашылып жаткан токтому «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган талаптарды аткарбастан жактырылган, «Бухгалтердик эсеп жѳнүндѳ» мыйзамдын, Жарандык кодекстин, «Акционердик коомдор жѳнүндѳ» мыйзамдын бир ирет беренелерине карама-каршы келет дегенге келип такалат. Алардын ою боюнча мыйзамдар менен бекитилген талаптарды бузуу алардын менчик укугун бузууга алып келди.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүнѳ, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотутун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотутун Конституциялык палатасы конституциялык сот ѳндүрүшүнүн алкагында мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда, аларды конституцияга ылайык эмес деп табуу жөнүндө иштерди карайт.
Арыздануучулар менен келтирилген талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн токтому Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келүүсү жѳнүндѳ жүйѳлѳр кыйыр, ал коомдук органдар жана кызмат адамдардын ченем жаратуу ишинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу каражаты болгон соттук ченем кѳзѳмѳлдүн алкагында чечилет. Жарандык процесстик кодекске ылайык жалпы юрисдикциядагы соттор менен ишке ашырылган соттук ченем кѳзѳмѳлдүн алкагында ченемдик укуктук актынын мыйзамга же Конституциядан башка чоңураак юридикалык күчкѳ ээ ченемдик укуктук актыга ылайык келүүсүн текшерүү жүргүзүлѳт.
Ошондой эле, арыздануучулар, «Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын конституциялуу эмес деп таанууну суранышты. Ошону менен бирге, ѳтүнүчтѳ бул маселе боюнча алардын кѳз карашы жана Конституциянын тиешелүү ченемдерине шилтеме келтирүү менен укуктук негиздеме келтирилген эмес, бул «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотутун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 9-пунктунун талаптарына жооп бербейт.
Ошентип, судьялар коллегиясы жарандар Р. Абдыкасымов жана А. А. Галиевдин кайрылуусу таризи жана мазмуну боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотутун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24, 25-беренелеринин талаптарына жооп бербейт, кайрылууда кѳрсѳтүлгѳн талаптар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотутун Конституциялык палатасына караштуу эмес жана аны конституциялык сот ѳндүрүшүнүн алкагында кароого негиз жок деген жыйынтыкка келген, ушуга байланыштуу бул ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктама кабыл алган.
Жарандар Р. Абдыкасымов жана А. А. Галиев судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 9-июлундагы № 39-о аныктамасы менен макул болбостон, 2015-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Ѳзүнүн даттануусунда арыздануучулар судьялар коллегиясынын аныктамасы негизсиз, процесстик укук ченемдерин бузуу менен кабыл алынган жана жокко чыгарылууга тийиш деп белгилешет. Арыздануучулар ѳтүнүчтѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын беренелерине карама-каршы келген конкреттүү ченемдик укуктук актылар кѳрсѳтүлгѳн; Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү талашылып жаткан токтому менен ошол кезде жаратылышта жок, басма сѳздѳ жарыяланбаган Мыйзам ишке ашырылган, ал эми токтомдун ѳзү бүгүнкү күнгѳ чейин басма сѳздѳ жарыяланган эмес, башкача айтканда күчүнѳ кирген жок; мыйзам ѳйдѳ турат жана бул Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ Мыйзам кабыл алынып жана күчүнѳ кире электе токтомду кабыл алуунун мыйзамсыздыгы жѳнүндѳ айтып турат; «Востокэлектро» ачык акционердик коому – бул менчиктин жеке формасындагы коом, анда менчик укугунун укугу жана эрки мыйзамга таянат жана мүлккѳ караштуу бардык башка адамдардын бийлигине кѳз карандысыз болот, ал эми жеке менчик жарандар жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын гана тейлѳѳгѳ чакырылган деп белгилешет. Аталган акционердик коомдун мүлкүнѳ ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу анын жогорку башкаруу органына – акционерлердин жалпы чогулушуна гана берилген, ал эми Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү аткаруу бийлигинин жогорку органы катары акционердик коомдун ишине кийлигишүүгѳ, дебитордук карыздарды эсептен чыгаруу маселелерин чечүү менен акционерлерди Коомдун ишинен түшкѳн дивиденттерди алуу укугунан ажыратууга укугу жок эле.
Арыздануучулар, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү талашылып жаткан токтомду кабыл алууда негизги карыздар боюнча кайтарылгыс карыздарды эсептен чыгаруунун Методикасынын талаптарын, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ», «Акционердик коомдор жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бир нече ченемдеринин талаптарын аткарган эмес.
Судьялар коллегиясынын алардын кайрылуусу таризи жана мазмуну боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотутун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24, 25-беренелеринин талаптарына жооп бербейт деген жыйынтыктарын арыздануучулар негизсиз деп эсептейт, анткени алардын кайрылуусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6, 7-бѳлүгүнүн, аталган конституциялык мыйзамдын 40-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ жана 21-беренесине ылайык тапшырылган.
Судьялар коллегиясынын кайрылууда кѳрсѳтүлгѳн талаптардын караштуу эместиги жѳнүндѳ жыйынтыктарын арыздануучулар ишендирердик эмес, негизсиз жана далилсиз деп эсептешет.
Ушулардын негизинде жарандар Р. Абдыкасымов, А. А. Галиев судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 9-июлундагы № 39-о аныктамасын жокко чыгарууну жана алардын ѳтүнүчүн маңызы боюнча кароого ѳндүрүшкѳ кабыл алууну суранышат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучулардын жүйѳлѳрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуусунун негиздерин талкуулап, тѳмѳнкү жыйынтыктарга келди.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу процедурасын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын талаптарын сактоо тиешелүү министерство жана ведомстволордун укуктук экспертизаларын ѳткѳрүү аркылуу камсыз кылынышы керек, ал жерде Юстиция министирлигинин корутундусу чечүүчү ролду ойнойт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн актыларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүн текшерүү кирбейт, бул судьялар коллегиясынын аныктамасында белгиленген.
Мамлекеттик бийликтин органдарынын, алардын кызмат адамдарынын ченем чыгаруу ишинде аракеттеринин жана чечимдеринин мыйзамдуулугу, ченемдик укуктук актынын мыйзамга же Конституциядан башка чоңураак юридикалык күчкѳ ээ ченемдик укуктук актыга ылайык келүүсүн текшерүүдѳ Жарандык процесстик кодекске ылайык жалпы юрисдикциядагы соттор менен ишке ашырылган соттук ченем кѳзѳмѳлүнүн алкагында аныкталып жана чечилиши керек.
Ушуну менен катар, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотутун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кайрылууда кайрылуучунун коюлган маселе боюнча көз карашы жана аны Конституциянын ченемдерине шилтеме менен укуктук негиздемеси кѳрсѳтүлүшү керек.
Бирок кайрылуу субъекти менен «Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата аталган конституциялык мыйзамдын талабы аткарылган эмес.
Ушуга байланыштуу судьялар коллегиясынын жыйынтыктары негиздүү болуп эсептелинет.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 9-июлундагы № 39-о «Жарандар Ракымберген Абдыкасымов жана Айдарбек Авазович Галиевдин кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» аныктамасын жокко чыгарууга негиз тапкан жок.
Жогорулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жарандар Р. Абдыкасымов, А. А. Галиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 9-июлундагы № 39-о «Жарандар Ракымберген Абдыкасымов жана Айдарбек Авазович Галиевдин кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» аныктамасына даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы