Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2016-жылдын 15-апрелиндеги № 17-о судьялар колллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу жарандар Илида Дженалиеванын, Айнура Мусаевна Осмоналиеванын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин даттануусун канагаттандыруудан баш тартуу тууралуу
2016-жылдын 6-июлу Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: тѳрагалык кылуучу - судья Э. Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, Ж. И. Саалаевдин курамында, соттук отурумдун катчысы М. Э. Толобалдиевдин катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда жарандар Илида Дженалиеванын, Айнура Мусаевна Осмоналиевнанын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги №17-о «Жарандар Илида Дженалиеванын, Айнура Мусаевна Осмоналиевнанын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына даттануусун карап чыкты.
И. Дженалиеванын, А. М. Осмоналиеванын, Б. К. Осмонбаевдин даттануусунда келтирилген жүйѳлѳрүн жана жарандар И. Дженалиеванын, А. М. Осмоналиеванын, Б. К. Осмонбаевдин ѳтүнүчү боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына И. Дженалиеванын, А. М. Осмоналиеванын, Б. К. Осмонбаевдин “Эсептик көрсөткүч тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-абзацын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 308-беренесин, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүн конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө, 9-беренесинин 2-бөлүгүнө, 39-беренесине, 53-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө карама-каршы экендигин таануу тууралуу өтүнүчү келип түшкөн.
Өзүнүн талаптарына негиз катары арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана эл аралык документтердин жалпыга таанымал жоболору социалдык жактан алсыз жарандардын категориясына, анын ичинде багып-көрөрүнөн ажыраган жарандарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн белгилешет. Бирок талашылып жаткан ченемдер мындай кепилдиктерди тийиштүү деңгээлде камсыз кыла ала албастан, андан ары мындай жөлөкпулдун кескин азайышына алып келди. Багып-көрөрүнөн ажыраган саламаттыгына жана үй-бүлөсүнө тийген залаканын ордун толтуруучу жөлөкпулду аныктоо учун “минималдык айлык маянаны” же “жашоо минимумун” эмес, эсептик көрсөткүч катары ченемдик акча көрсөткүчүн пайдалануу мамлекет тарабынан адамдын минималдуу талаптардын деңгээлин канагаттандыруу колдон келбей жатпайбы.
Арыздануучулардын пикири мындай, мамлекет багып-көрөрүнөн ажыраган үй-бүлөнүн чыныгы деңгээлин калыптандырган жагдайлардын баарын эске алып, аларды толугу менен камсыз кыла албайт. Мына ушуга байланыштуу, эсептик көрсөткүч жарандардын жашоо деңгээлин эч кандай чагылдырбайт да, багып-көрөрүнөн ажыраган жарандарга карата конституциялык кепилдик катары таанылышы мүмкүн эмес.
Арыздануучулар багып-көрөрүнөн ажыраган жарандарга карата сламаттыгына жана үй-бүлөсүнө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн жөлөкпулду аныктоо максатында эсептик көрсөткүчтү колдонуу туура эмес деп эсептешет. Конституция мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун маанилүүлүгүн эске алып, социалдык жардамдын суммасын көбөйтүү үчүн мүмкүн болгон бир гана мыйзамда каралган жашоо минимунан кем эмес өлчөмдө жашоо деңгээлин камсыздайт, демек мамлекет экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан социалдык төлөмдөрдүн деңгээлин жашоо минимунан кем кылбашы керек жана ушул көрсөткүчтөн келип чыгышы керек.
Арыздануучулар дагы мындай дейт, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 53-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн ченемдик мазмунунун алып караганда социалдык төлөмдөрдүн суммалары жашоо минимуму өзгөргөн сайын кайра каралып туруусу керек. Бирок, 2008-жылы “Керектөөчү товарларга баалардын өзгөрүшү менен калктын кирешелери жана табылгасын индексациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табуу жана натыйжада жашоонун кымабатташы менен төлөмдөрдүн индексациялоосу укуктук жактан тескелбей калышы, алсыз жарандардын категориясын социалдык жактан камсыздандыруу кепилдиктерин толук көлөмдө аткарылбай жаткандыгын күбөлөндүрөт.
Арыздануучулар кийинкини белгилеп кетишти, Кыргыз Респбликасынын Жарандык кодексинин 308-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Конституциялык палатанын 2014-жылдын 19-февралындагы чечиминде багып-көрөрүнөн ажыраган үй-бүлөлөргө социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо боюнча эсептик көрсөткүчтүн конституциялуулугу туурасында маселе көтөрүлгөн эмес, анткени бул маселе конституциялык сот өндүрүшүнүн предмети эмес болуучу.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучулар, алардын өтүнүчүн канагаттандырууну жана талашылып жаткан ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп таанууну сурап келишти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы И. Дженалиеванын, А. М. Осмоналиеванын, Б. К. Осмонбаевдин ѳтүнүчү боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесин, 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктун, 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, 2016-жылдын 15-апрелиндеги аныктамасында өтүнүчтү сот өндүрүшүнө кабыл алуудан төмөнкүдөй негиздер боюнча баш тартышты.
2008-жылдын 19-мартындагы № 24 жана 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 308-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө кирген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында кароонун предмети болгон. Кароонун жыйынтыгы боюнча ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аталган чечиминде “Эсептик көрсөткүч тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамын кабыл алганга чейин эмгек маянанын минималдык өлчөмүнө кеңири иш-милдеттерди берүү жагы мындай институттун конституциялык-укуктук табиятында макулдашылган эмес. Мыйзам чыгаруучунун “Эсептик көрсөткүч тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аркылуу “эсептик көрсөткүч” деген жаңы түшүнүктү укуктук мейкиндикке киргизүүсү, ал аркылуу минималдуу эмгек маяна жана эмгек акыга байланышпаган төлөмдөр, жөлөкпулдар, башка төлөмдөр ортосунда байланышты жок кылуусу эмгек маянанын минималдуу өлчөмүнүн конституциялык-укуктук табиятын алып караганда, аны Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген жагдай катары кароо мүмкүн эмес.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы “минималдуу эмгек маяна” жана “эсептик көрсөткүч” деген түшүнүктөрдүн конституциялык-укуктук мазмунуна “Эсептик көрсөткүч тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Эмгек кодекстери менен байланышта талашылып жаткан ченемдердин өз ара байланышына мурда баа берген.
Арыздануучулардын Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Эмгек кодексттеринин талашылып жаткан ченемдери социалдык төлөмдөр менен жөлөкпулдардын азайышына алып келди деген дооматы туура эмес. Жарандын жашоосуна же саламаттыгына келтирилген зыяндын суммасын аныктоо жана аны төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 18-главасында жана Жарандык кодексинин 51-главасында жөнгө салынат, ал эми талашылып жаткан кодекстин ченемдери зыяндын ордун толтуруунун суммасын көтөрүү тартибин жөнгө салат. Ошондуктан “эсептик көрсөткүч” деген түшүнүктүн укуктук мейкиндикке кирүүсүнө байланыштуу социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүнүн кичирейүүсү тууралуу кеп болушу мүмкүн эмес, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-февралындагы Чечиминде эсептик көрсөткүчтүн статикалык өлчөмүнө байланыштуу өсүү жагы жоктугу көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө зыяндан жапа чеккендиги үчүн сумманы көтөрүүнүн ишчил механизмин иштеп чыгаруу жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырмасы берилген.
Мына ушуга байланыштуу, судьялар коллегиясы бул кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу тууралуу аныктама чыгарышкан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 17-о аныктамасы менен И.Дженалиева макул болбостон 2016-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануусу менен кайрылган.
Өзүнүн даттануусунда арыздануучу мындай дейт, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-февралындагы Чечиминде зыяндан жапа чеккен үчүн сумманын өлчөмүн көбөйтүү жана эсептик көрсөткүч менен жогоруда аталган төлөмдөрдү байланыштыруу мүмкүн эмес деген маселелери каралган эмес болуучу.
И.Дженалиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген жашоонун кымбаттагына байланыштуу жапа чеккенден сумманы индексациялоо тартибин караган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-февралындагы Чечиминин аткарылышы катары кароо мүмкүн эмес жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн бузуу болуп саналат дейт. И.Дженалиеванын пикиринде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Чечиминин так аткарылышы – бул Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесин жокко чыгаруу гана болушу мүмкүн.
И.Дженалиева жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 17-о аныктамасын жокко чыгарууну жана анын өтүнүчүн өндүрүшкө киргизүүнү сурайт.
2016-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Коснтитуциялык палатасынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 17-о судьялар коллегиясынын аныктамасына даттануу менен жарандар А.М. Осмоналиева жана Б.К. Осмонбаев кайрылышкан.
Арыздануучулардын пикиринде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-февралындагы № 14-Р чечиминде Жарандык кодексинин 308-беренеси жана Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгү Конституциянын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө шайкештиги каралган эмес, ал эми “Эсептик көрсөткүч тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-абзацы туурасында конституциялык көзөмөл жүргүзүлгөн эмес.
Арыздануучулар көрсөткөндөй, алардын кайрылуусунун негизги максаты “эсептик көрсөткүч” деген түшүнүктү багып-көрөрүнөн ажырагандардын саламаттыгына жана үй-бүлөсүнө жапа чеккендиги үчүн жөлөкпулдун суммасын аныктоо үчүн ченемдик акчалай көрсөткүч экенин пайдалануу канчалык дэңгээлде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнө, 9-беренесинин 2-бөлүгүнө, 39-беренесине, 53-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө шайкеш келгендигине конституциялык текшерүүнү жүргүзүү тууралуу талаптын аткарылышы болуп саналат.
Андан тышкары, А.М.Осмоналиев жана Б.К.Осмонбаев социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн, анын ичинде багып-көрөрүнөн ажыргандардын саламаттыгына жана үй-бүлөсүнө жапа чеккендиги үчүн жөлөкпулдун суммасын аныктоо үчүн жашоо минимуму негиз болуу керек деп эсептешет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Контитуциялык палатасы арыздануучулардын жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын өндүрүшкө кабыл алуу тууралуу өтүнүчтөн баш тартуу негиздерин талкуулап, кийинки чечимдерге келди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы конституциялык текшерүү жүргүзгөн учурда талашылып жаткан ченемдер менен тутумдаш байланышта турган укуктук түшүнүктөрдүн конституциялык мазмунун алып чыгат, ал эми тийиштүү укуктук ченемдердин контитуциялык мазмунун болсо укук ченемдеринин ишчил жыйынтыгынын туундусу гана камсыз кылат.
Дал ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 308-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн контитуциялуулугун текшерүү маселеси коюлганда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-февралындагы № 14-Р Чечиминде минималдуу эмгек маяна институтунун контитуциялык-укуктук табиятына баа берилген жана “Эсептик көрсөткүч тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын мыйзам чыгаруучу укуктук мейкиндикке киргизгенге чейин “эсептик көрсөткүч” түшүнүгү боюнча да укуктук көз караш баяндалып берилген.
Мында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө зыяндан жапа чеккендик үчүн сумманы көтөрүү тартибин жаңы укуктук жөнгө салуу нугуна өткөрүүгө байланыштуу ал сумманы көтөрүүнүн ишчил механизмин иштеп чыгууну карап чыгуу керек экендигин көрсөткөн. Мына ушуга байланыштуу, даттанууда келтирилген жүйөөлөр негизсиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-февралындагы № 14-Р Чечиминде, Конституциянын жоболорунун, асыресе, 1-бересинин 1-бөлүгүн, 9-беренесинин 2-бөлүгүн, 53-беренесинин 2-бөлүгүн өнүктүрүү максатында жарандардын саламаттыгын сактоого жана майыптуулугунан же башка саламаттыгынын жабыркоосунан жапа чеккендиги үчүн көтөрмөлөөгө багытталган тийиштүү мыйзам актылары кабыл алынгандыгы баяндалган. Жарандын саламаттыгына келтирилген зыян жана анын өлүмүнө байланыштуу жапа чеккен адамдарга зыяндын ордун толтууруу тартибин белгилеген мыйзам актылары - бул Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Жарандык кодекси, ошондой эле аты аталган кодексттердин ченемдик жоболорун ишке ашырууга кабыл алынган ченемдик укуктук актылар болуп саналат.
Демек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Жарандык кодекстин 308-беренесинин жана Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүн Конституциянын 9-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 39 жана 53-беренелерине шайкештигин текшерүүнү жүзөгө ашырууда, талашылып жаткан ченемдердин шайкештиги тутумдаш болгон Кыргыз Республикасын социалдык мамлекет катары туум кылган Конституциянын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө карата да шайкештиги текшерүүдөн өткөн.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдери акыркы жана даттанылбайт, жарыялангандан тартып күчүнө кирет, ал эми кабыл алынган күчүндөгү чечим кайрылууну конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартууга негиз болуп саналат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын чечимдери негиздүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Коснтитуциялык палатасы Кыргыз Респаубликасынын Жогорку сотунун Коснтитуциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 17-о аныктамасын жокко чыгарууга негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Жарандар И.Дженалиеванын, А.М. Осмоналиеванын, Б.К. Осмонбаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 17-о судьялар колллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу “Жарандар Илида Дженалиеванын, Айнура Мусаевна Осмоналиеванын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин даттануусун канагаттандыруудан баш тартуу тууралуу” даттануусу канагаттандыруусуз калтырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтом акыркы, даттанылбайт, кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы