Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-сентябры № 526
«Электрондук Айыл» бирдиктүү автоматташтырылган маалымат тутуму жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу. органдарында «Электрондук Айыл» бирдиктүү автоматташтырылган маалымат тутумун ишке киргизүү максатында, «Маалыматташтыруу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «Электрондук Айыл» бирдиктүү автоматташтырылган маалымат тутуму (мындан ары - «Электрондук Айыл» БАМТ) ишке киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- «Электрондук Айыл» БАМТнын иштөөсүн жана аны техникалык тейлөөнү андан ары камсыз кылуу үчүн маалыматташтыруу инфратүзүмүн иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги менен бирге мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын Интернет тарамына кошулуусун камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- модулдардын маалыматтар базасын өз убагында жана сапаттуу толтурууну камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтар базасын актуалдаштырууга жооптуу кызмат адамдарын аныктоо;
- жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен «Электрондук Айыл» БАМТны техникалык тейлөөнү камсыз кылуу.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чыгымдарынын сметаларында каралган финансы каражаттарынын чегинде «Электрондук Айыл» БАМТны ишке киргизүүнү жана техникалык тейлөөнү 2014-2015-жылдары өз убагында каржылоону камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги беш айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүлөрүнүн административдик регламентин, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту сактоо принциптерин, механизмдерин жана базалар ортосунда маалымат алмашуудагы жеткиликтүүлүк деңгээлин караштырсын;
- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, тутумдарды эсепке алуу жана алардын абалын талдоо эрежелерин.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине 2015-жылдан тартып Статистикалык иштердин программасына «Электрондук Айыл» БАМТнын маалыматтарын жыйноону киргизүү жана ар бир айылдык калктуу конуш боюнча жыйынды маалыматтарды жыл сайын жарыялоону камсыздоо сунушталсын.
7. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар «Электрондук Айыл» БАМТны ишке киргизүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |