Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2015-жылдын 6-октябры
И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдиновдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 25-июнундагы № 36-о аныктамасына даттануусун канааттандыруусуз калтыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: тѳрагалык кылуучу - судья М. Ш. Касымалиев, судьялар К. Абдиев, Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, Э. Т. Мамыров, Э. Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, Ж. И. Саалаевдын курамында, соттук отурумдун катчысы М. Э. Толобалдиевдин катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдиновдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 25-июнундагы № 36-о аныктамасына даттануусун карап чыкты.
Даттанууда келтирилген жүйѳлѳрдү жана И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдиновдун ѳтүнүчү боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 15-майында И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдиновдун «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы N 425 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө» Жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна толук эмес ылайык келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Ѳтүнүчтѳн келип чыккандай, 2010-жылдын октябрында И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (мындан ары - КММА) кызматчыларынын ѳздүк иштерин изилдѳѳдѳ З. А. Айдаровго педагогикалык тажрыйба жѳнүндѳ жасалма маалымкаттын негизинде «профессор» окумуштуулук наамы ыйгарылгандыгы табылган. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын (мындан ары - УАК) аталган наамды ыйгаруу жѳнүндѳ чечими УАКтын Президиумунун 2000-жылдын 27-апрелиндеги № 4 у/с-3/7 токтому менен бекитилген окумуштуулук наамды ыйгаруу тартиби жѳнүндѳ Жобону бузуу менен кабыл алынган. КММАнын окумуштуулар кеңешинин 2011-жылдын 6 жана 28-майындагы аталган окумуштуулук наамды чакыртып алуу жѳнүндѳ ѳтүнүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы (мындан ары - ЖАК) тарабынан четке кагылган, ушуга байланыштуу КММА Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна кайрылган.
Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 27-февралындагы аныктамасы менен КММАнын ЖАКка болгон УАКтын Президиумунун 2004-жылдын 29-сентябрындагы чечимин (№ 5п-2/5 протоколун) жараксыз деп таануу жѳнүндѳ доосу боюнча ѳндүрүш токтотулган; ЖАКтын иш боюнча ѳндүрүштү токтотуу жѳнүндѳ ѳтүнүчү канааттандырылган.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы N 425 токтому менен бекитилген ЖАК жѳнүндѳ Жобонун 1-пунктуна ылайык ЖАК мамлекеттик коллегиалдуу илимий-эксперттик орган болуп саналат деп эсептейт. Бирок бул Жободо ЖАК кабыл алган чечимдерге соттук тартипте даттануу каралган эмес, бул арыздануучунун ою боюнча ЖАКтын Президиумуна ѳзүнүн кызматтык абалы менен кыянаттык менен колдонууга мүмкүнчүлүк берет, бул чѳйрѳдѳ паракорлук схемаларды түзѳт жана субъекттердин, бул учурда КММАнын ѳзүнүн кызыкчылыктарын соттук тартипте коргоону мүмкүн эмес кылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 8-пунктунун, 40-беренесинин 1-пунктунун, 97-беренесинин 7-пунктунун жоболоруна карама-каршы келет.
Ушуну менен бирге арыздануучу ЖАК жѳнүндѳ Жобого Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы токтому менен киргизилген ѳзгѳртүүлѳргѳ ылайык ЖАК тарабынан окумуштуулук даражаларды жана наамдарды алып салуу жѳнүндѳ ѳтүнүчттѳрдү кароонун мѳѳнѳтү 10 жылдан 3 жылга чейин кыскартылган. Арыздануучунун ою боюнча окумуштуулук даражаларды жана наамдарды алып салуу укугу талашсыз болушу керек, анткени жалган окумуштуулардын топтолушунда паракорчулуктун гүлдѳшү жана окумуштуулар коомунун кыйрашы мүмкүн.
Баяндалгандардын негизинде арыздануучу «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы N 425 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө» Жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна толук эмес ылайык келет деп таанууну; Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүн аталган Жобого тартип бузуулар менен ыйгарылган окумуштуулук даражаларды жана наамдарды алып салуу укугунун мѳѳнѳтсүздүгү жана соттук тартипте ЖАК Президиумунун чечимдерине даттануу мүмкүнчүлүгү жѳнүндѳ пункттарды киргизүүгѳ милдеттендирүүнү; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 26-беренесинин 3-пунктунун 5-абзацын «мамлекеттик бийлик органдарынын» деген сѳздѳрүнѳн кийин «башка мамлекеттик органдар» деген сѳздѳр менен толуктоону сунуш кылууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдиновдун кайрылуусу боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктун, 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, 2015-жылдын 25-июнундагы аныктамасы менен тѳмѳнкү негиздер боюнча кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тарткан.
Аталган конституциялык мыйзамдын 28-беренесенин 1-бѳлүгүнѳ ылайык судьялар коллегиясы кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө маселени кароодо кайрылууну конституциялык сот ѳндүрүшүнѳ кабыл алууга жол берилгендик маселесин чечет.
Аталган конституциялык мыйзамдын 19-беренесенин 4-бѳлүгү менен Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат деп аныкталган. Бирок арыздануучунун талаптарында Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жѳнүндѳ Жобонун конституциялуугу күмѳн туудуруп жаткан конкреттүү ченем (ченемдер), ошондой эле талашылып жаткан Жобонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайк келбестиги тууралуу укуктук негиздеме кѳрсѳтүлгѳн эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бѳлүгү менен 97-беренесинин 6-бѳлүгүнүн ченемдик бирдиктүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген учурда, аларды конституциялык эмес деп табат жана чегинен чыга албаган ыйгарым укуктардын толук тизмесине ээ. Ушуга байланыштуу, мыйзам алдындагы актылардагы жана мыйзамдардагы кенемтелерди толтуруу, мыйзамдардын аткаруу бийлигинин органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдүктү жүргүзүү, ошону менен катар мыйзам чыгаруу органдарынын ишине кийлигишүү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына кирбейт.
Ошентип, судьялар коллегиясы И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдиновдун кайрылуусу таризи жана мазмунун боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24, 25-беренелеринин талаптарына ылайык келбейт деген жыйынтыкка келди, ошого байланыштуу бул ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктама кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 25-июнундагы № 36-о аныктамасы менен макул болбостон И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдинов 2015-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Ѳзүнүн даттануусунда арыздануучу ѳтүнүчтѳ келтирилген жүйѳлѳрдүн жетиштүүлүгүн белгилейт жана анын талаптары конституциялык сот ѳндүрүшүнүн алкагында каралышы керек деп эсептейт. Ушуга байланыштуу И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдинов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 25-июнундагы № 36-о аныктамасын жокко чыгарып жана анын ѳтүнүчүн маңызы боюнча кароого ѳндүрүшкѳ кабыл алууну суранат.
Конституциялык палата арыздануучунун жүйѳлѳрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап чыгып, тѳмѳнкү жыйынтыктарга келет.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24, 25, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууга бир катар милдеттүү талаптар коюлат, аларды аткарбоо кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартууга алып келет.
Бирок кайрылуу субъекти менен жогоруда аталган конституциялык мыйзамдын талаптары аткарылган эмес, ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын жыйынтыктары негиздүү деп эсептелинет.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 25-июнундагы № 36-о «И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдиновдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгарууга негиз тапкан жок.
Жогорулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдиновдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 25-июнундагы № 36-о «И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдиновдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы