Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилди |
Караңыз:
Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кошумча протокол
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталып),
Эки өлкөнүн ортосунда медициналык илим жана саламаттыкты сактоо жаатында кызматташууну бекемделишин каалап,
Төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Кызматташуу тармактары
Тараптар, теңдик жана өз ара жактыруучулук принциптерге негизделип, өз ара пайдасына жана улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара макулдашуу боюнча төмөнкү тармактарда кызматташат:
а) саламаттык сактоо системаларын күчөтүү;
б) инфекциялык оорулар менен күрөшүү жана вакцинация;
в) саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын жана ооруканаларды башкаруу системаларын иштеп чыгуу;
г) саламаттык сактоо статистикасы;
д) эне жана баланын саламаттыгын сактоо, эне жана баланын өлүмүн азайтуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу;
е) саламаттык сактоо тармагында кадрдык ресурстардын потенциалын жогорулатуу;
ж) медицина, фармацевтика жана медициналык жабдыктар тармагында маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;
з) табигый кырсыктар болгон учурда саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жана тез медициналык жардам кызматтарын уюштуруу;
и) сакайтуучу туризм.
2-берене. Кызматташуу методдору
Тараптар, өз ара пайдасына төмөнкү чөйрөлөрдө өз ара кызматташат:
а) маалымат жана тажрыйба алмашуу;
б) делегациялар, эксперттер жана медициналык кызматкерлер менен алмашуу;
в) медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;
г) биргелешкен жумушчу долбоорлорду түзүү;
д) саламаттык сактоонун тиешелүү мекемелери ортосунда кызматташуу камсыз кылуу;
е) бир Тарап уюштурган конгресстерге, коференцияларга, симпозиумдарга жана башка илимий жолугушууларга адистердин катышуусуна көмөктөшүү.
3-берене. Биргелешкен Жумушчу Комитет
Тараптар Биргелешкен Жумушчу Комитет түзүшөт, ал Тараптар ортосунда кызматташуу боюнча иш-чаралардын деталдарын аныктоо жана баалоого багышталат.
Комитет төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
- альтернативалуу негизде жылына бир жолу чогулат;
- Тараптар тааныган жол-жоболорго ылайык кызматташуу боюнча программалар жана конкреттүү иш-чараларды караштырат;
- Ошол программаларды ишке ашыруу мониторингин жүргүзөт.
4-берене. Пациенттердин дарыланышы
Түркиялык тарап Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелеринде дарылоого мүмкүн болбогон 100 пациентти, Кыргыз Республикасынын жарандарын, жылына акысыз дарылоо жоопкерчилигин өзүнө алат.
50 пациентти тандап алууну Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана башка 50 пациентти Бишкек ш. Түркия Республикасынын Элчилиги тарабынан жүргүзүлөт жана Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынын жактыруусу менен аяктайт.
Пациенттердин транспорттук чыгашалары пациенттердин өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
5-берене. Аткарууну камсыз кылган органдар
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бул Макулдашуунун аткарылышын камсыз кылышат.
Бул Макулдашууну аткарууда Тараптар Иш-чаралар планын жана Ишке ашыруу программасын даярдашат, алар бул Макулдашуунун 8-беренесине ылайык күчүнө кирет.
6-берене. Финансылык шарттар
Бул Макулдашуунун алкагында эки өлкөнүн кызматкерлеринин жана эксперттеринин визиттери төмөнкү шартта жүргүзүлөт:
а) жиберүүчү Тарап кабыл алуучу Өлкөгө чейин жана андан бери транспорттук чыгашаларды төлөйт;
б) кабыл алуучу Тарап тамактанууга, жашаганына жана өлкө ичиндеги сапарларга (зарыл болсо) кеткен чыгашаларды жабат;
в) кабыл алуучу Тарап өзгөчө кырдаал пайда болгондо чакырылган эксперттерге жана башка кызматкерлерге кечиктирилгис медициналык жардамды камсыз кылат (стоматологиялык дарылоону кошпогондо);
г) өлкөдө жүрүү мезгили эки жумалык мөөнөттөн ашпоого тийиш.
7-берене Талаштардын чечилиши
Бул Макулдашууну колдонууга жана чечмелөөгө байланыштуу ар кандай талаштар дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптардын сүйлөшүүлөрү жана консультациялар жолу менен чечилет.
8-берене. Күчүнө кириши жана иш мөөнөтү
Бул Макулдашуу акыркы кат түрүндө билдирме алган күндөн тартып күчүнө кирет, алар менен Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн керектүү өздөрүнүн ички мамлекеттик юридикалык жол-жоболорун бүтүргөндүгү жөнүндө бири бирин билдирет.
Бул Макулдашуу беш (5) жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде эки Тараптын бири да кат түрүндө бул Макулдашуунун күчүн токтотуу ниети жөнүндө башка Тарапты кезектеги мезгили аяктаганга 6 ай мурда дипломатиялык каналдар аркылуу билдирбесе, бул Макулдашуунун күчү кийинки бир (1) жылга автоматташкан түрдө узартыла берет.
Бул Макулдашуунун күчүн токтотуу күнүнкү иш-чараларды жана долбоорлорду жүргүзүүнү козгобойт.
Бул Макулдашууга өзгөрүүлөр жана толуктоолор Тараптардын өз ара макулдугу боюнча киргизилет жана анын ажырагыс бөлүгү болгон протоколдор менен таризделет.
Бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 1997-жылдын 24-октябрында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү ортосундагы саламаттык сактоо жана медицина тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу" өз күчүн жоготот.
Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда жүргүзүлдү, эки түп нускада, ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде, бардык тексттердин бирдей күчү бар пикир келишпестик пайда болгон учурда артыкчылык англис тилине берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
|
|
|
Динара Сагинбаева Саламаттык сактоо министри |
| Д-р Мехмет Мюеззиноглу Саламаттык сактоо министри |