Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 542
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Бажы төлөмдөрүнүн төлөнүшүн камсыздоо, ошондой эле камсыздандыруу ишинин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 258-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби боюнча нускамада:
- 2.7-пункттун 3-пунктчасынын бешинчи абзацындагы "беш жыл" деген сөздөр "бир жыл" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Дж.К. Оторбаев |